Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин окуучулары жылда өтүүчү “Жаш таланттар” сынагына даярданып жатышат. Даярдыктар кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу мектептин музыка мугалими Жумагүл Өмүровага кайрылдык.
Йога — Индиянын байыркы тилинен которгондо «көнүгүү», «гармония» дегенди түшүндүрөт. Йога адамдын ачыла элек мүмкүнчүлүктөрүн ачууну көздөп, адамдын өзүнө ишенүүсүн күчөтөт.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинде Ак-Талаа районундагы мекеме-ишканалардагы кыз келиндер арасында өтмө кубоктун кезектеги оюну болуп өттү. Мелдешке бул жолу сегиз команда катышып, райондук “Тынчтык” балдар бакчасынын эмгек жамааты уюштурду.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүндө жалпы 186 баатыр эне бар. Аларга мамлекет тарабынан кандай жардамдар көрсөтүлөт, алардын жашоосу кандай болуп жатканы тууралуу билип көрдүк.
Куланак айылындагы №14 китепкана 11 жылдан бери иштеп келе жатат. Китепкана тууралуу биз Бактыгүл Усубалиева менен маек куруп келдик.
Бермет Бакытбекова үч жылдан бери Баетов айылындагы Тайлак спорт мектебинде күрөш боюнча машыгат. Спорттун бул түрү боюнча көптөгөн ийгиликтерге жетишип, райондук турнирлерден баштап республикалык турнирге чейин барып келген.
Түп районунун Чоң-Тогузбай айылында сулуулар сынагы болуп, ага беш кыз катышты. Сынакта 9-классынын окуучусу Назми Социалова жеңишке жетти.
Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы мектеп мугалими Айгүл Ормонбекова өз кесибинен сырткары чач тарач, визажист, кол өнөрчүлүк менен да алектенет. Ар тараптуу айым менен маек курдук.
Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын тургундарынын ден соолугун мындан он жылдай мурун салынган ФАП (Фельдшердик-акушердик пункту) көзөмөлдөйт.
Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинин 10-классынын окуучусу Жумагүл Кудаяр кызы кыргыз тили боюнча райондук олимпиадада 1-орунду ээледи. Ал облустук турга жолдомо алып, учурда кызуу даярданып жатат.
Ак-Талаа райондук спорт инструктору Мирбек Чырмыевдин демилгеси менен кыз-келиндер арасында салттуу өтүп келе жаткан спорттук мелдештер бул жолу таза абада, спорттук аянтта өттү.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде «Жаш таланттар ийрими» иш алып барып келет. Жаш болсо дагы жакшы чыгармаларды жаратып келген ийримдин жаш акындары менен баарлаштык.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан «Алина» кондитердик ишканасы көп жылдан бери иш алып барып келет. Ишкананын технологу Дилдекан Кожокеева кондитердик продукциялары кеңейгендигин билдирди.
Лейлек районундагы Искра айылында жайгашкан Манас орто мектеби беш күндүк окуу системасына өткөндөн бери эки жуманын жүзү болду. Беш күндүк окуу системасына мугалимдердин ою кандай?
Лейлек районундагы Искра айылынын тургуну Кыдыр Тойчубаев 2016-жылдын октябрь айынан бери күнөсканада чарбачылык кылып, эмгектенип келет. Учурда күнөсканага ал көк чөптөрдү өстүрүп, кардарларга сатып, эмгегинин үзүрүн көрүүдө.
Түп районуна караштуу Токтоян айылында өнөрлүү кыз-келиндер көп. Алардын бири курак курап, сокмочулук менен алектенген Гүлмира Бакашова.
Учурда мугалим, болгондо да жетекчи болуу түйшүгүн бардыгы эле көтөрө бербейт. Бардык укук окуучуга берилип, ошого жараша психологиясы да оорлоп, өзгөрүп, милдетин эмес укугун мыкты билип турган учурда бир канча …
Нокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде мугалимдер арасында «Мыкты мугалим» сынагы болуп өттү. Сынакка катышкан 11 жаш мугалимдин арасынан Гүлзат Алимбаева жеңүүчү деп табылды.