Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев мектебинин 7- классынын окуучусу Актан бош убактысында пластилинден каармандарды жасайт. Ал бала бакчадан үйрөнгөн өнөрүн карантинде улантып ар түрдүү персонаждарды жасаган.
Базар-Коргон районунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча 2020-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин «Биз биргебиз» аттуу бир айлык акциясы жарыяланган.
Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде ата-энесиз калган, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгу чектелген майып балдардын көйгөйү, алардын кесиптик билим алгандан кийинки ой кыялынын ишке ашпаганы, кызыксыз жашоосу, мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу балдарга маселе жаратууда.
Нарын облусунун Кочкор районунун Дөң- Алыш айылынын Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектебинде жайгашкан зоологиялык музей, тургундарды ар кандай жаныбарлар менен тааныштырууда. Көкөбай Мамбеталиев атындагы музей Кыргызстандын белгилүү музейлеринин бири болуп …
Ооган-Талаа айылындагы китепканага «Бир адамдан бир китеп» акциясынын жыйынтыгында топтолгон китептерди тапшыруу аземи өттү.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине “Келечектин мектеби” долбоору аркылуу электрондук китепкана үчүн жабдыктар коюлду.
Кулатов айы өкмөтүндөгү мугалимдердин эмгегин бааланып, «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу программасы мугалимдерге ыраазычылык кат жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды.
Учкун айылында жана Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде 4-декабрь «Манас эпосунун күнүнө» карата иш чара өткөрүлдү. Иш чаранын уюштуруучусу айылдык маданий үйү жана китепкананын кызматкерлери. Алардын эң негизги максаты «Манас» …
Суусамыр өрөөнүнүн тургундары айылда кыздарга, айымдарга арналган атайын борборлордун, ишканалардын жок экендигине нааразы. Элеттик кыздар өзүн-өзү өнүктүрүүгө ийримдердин айылда жок болушу абдан чоң жетишсиздик деп эсептешет.
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан аялдарды жана балдарды коргоо боюнча бир катар мыйзамдар бар. Бирок стереотиперден улам үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук ачыкка чыкпай келет деген оюн айтты гендердик адис Элиза Аджиева.
Келе жаткан жуманын башында Акталаада мектептерде салттуу окуу башталат. Мындай маалыматты Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.
Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы мектептер кышка карата даяр. Айыл өкмөт тарабынан көмүр менен камсыз болушкан. Терезелер жылууланып, кааналардын температуурасы талапка жооп берет. Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген алгоритмдин негизинде …
Бүгүнкү күндө дүйнө боюнча зордук-зомбулуктун күч алган учуру. Бул жылы пандемия шартында дагы зомбулук күч алды. Барскоон айылынын «Аялдар комитетинин» төрайымы Динара Дүйшекеева зордук-зомбулук көп учурда эң жөнөкөй нерседен келип …
Коронавирус илдетинин биринчи толкунунан тартып, карантиндик абалда жашаганыбызга 9 айдын жүзү болду. Учурда дагы өлкөбүз оор мезгилди экинчи толкунду баштан кечирүүдө. Карантин мезгили, оору запкысы адамдардын аң сезимине дагы терс …
Ноокат районунун Абшыр-Ата айылынын айымдары «Абшыр-Ата айымдары» ассоциациясын түзүп, жумуш менен камсыз болушту. Бул иш- чара ООНдун азык-түлүк программасы, ООН-аялдар, ФАО, ИФАД уюмдары тарабынан каржыланды.
Боз үй жалпы эле көчмөн элдердин негизги сууктан калкалоочу, жашоо турмушу өтүүчү турак-жайы болгон. Ал ар кандай майрам, салтанаттарда да тигилип жүрөт. бүгүн боз үйдүн түзүлүшү, анын сактоо жана колдонуу …
Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдар окушат. Учурда 12 окуучу тигүүчү кесибин үйрөнүшүүдө. Бүгүн бул окуу жайда иштеген медайым Айчүрөк Байбосунова майып балдарга 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк …
Нарын районуна караштуу Учкун айылында улак тартыш оюну өткөрүлдү. Бул оюнга жалпы 4 тайпа катышкан. Уюштуруучулар, айыл жаштарынын айтымында бул оюндун максаты жаштардын ынтымагын бекемдөө.
Мектеп окуучуларынын арасында предметтик олимпиаданын алгачкы-мектептик туру адатта ноябрь айында өткөрүлүп келген. Өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу даярданууга мүмкүнчүлүк аз. Ошондуктан окуучуга убакыт берүү керек деп белгиленет КРнын Билим берүү жана …
Базар-Коргон районунда эрте эмгекке тартылган балдар көзөмөлгө алынууда.