Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына караштуу Андарак, Искра айылдарынын борбордук көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу долбоору ишке ашып жатат. Бул долбоор Лейлек райондук өнүктүрүү фондунун жана айыл өкмөтүнүн каржылоосу астында ишке ашырылып …
Лейлек районунун борбору Исфана шаарындагы маданият үйүндө Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Аалам жазуучусу Айтматовко таазим” аттуу райондук фестиваль өткөрүлүп, 10 айыл өкмөт жана бир шаар башкармалыгы катышты.
Сумбула айыл аймагындагы Андарак айылында 1-декабрь күнү “Андарак” балдар бакчасы ачылды. Бакча 3 тайпада ачылып, кыргыз, орус, тажик тилдеринде жаш муундарды кабыл алат.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагындагы 400 гектар жайыт жерлерди чегиртке басты. Учурда дарылар себилип, чегирткени жок кылуу аракеттери жүрүп жатат.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында 10-июнда катуу жааган жаандан кийин сел жүрдү. Кесепеттен бир нече тамдарды суу каптап, унаа жолдорду, эгиндерди алды.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагындагы Манас атындагы орто мектебинде «Акыркы коңгуроо» аземи майрамдалды. Бүтүрүүчүлөр концерт коюп, 1-классынын окуучулары аларды узатып, ыр дестелерин тартуулашты.
15-майда Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндө чоң иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада өкмөткө АКТЕД эл аралык уюумун каржылоосу менен, кырсык учурунда жарандарды куткаруучу инвентарлар алынып келди.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында селканалардын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат.
18-майда Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Манас атындагы орто мектебинде от оюну майрамдалды. Бул майрам мектепте 6 жылдан бери бүтүрүүчүлөргө арналып, уюштурулат.
13-май күнү Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылында саат 16:12 ден 16:18 ге чейин болгон катуу жаандын айынан айылда сел жүрдү. Натыйжада бир нече сарайлар жана эгиндер суу астында калып, жолдор …
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы Манас атындагы орто мектебинде «Жаш мугалимдер- үмүтүбүз» деген темада аймактык тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек стол 2-май күнү жогорку деңгээлде өтүп, окуучулардан концерттик программалар дагы тартууланды.
Лейлек районунун 90 жылдыгына карата «Даңазалуу Лейлегим» аттуу темадагы үгүт кербени 27-апрелде Сумбула айыл өкмөтүндө болду. Анда 4 айылдын мектеп окуучулары өз айылынын тарыхы тууралуу доклат окуп, сахналаштырылган оюн көрсөттү.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында айлананын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү максатында иш-чара түзүлүп, пландын негизинде 14-апрель күнү өкмөттүн жалпы жамааты ишембиликке чыкты.
4-апрелде Сумбула айыл аймагынын Манас атындагы орто мектебинде валейбол боюнча мугалимдер арасында зоналдык этап өттү.Оюнда 6 мектептин мугалимдери ат салышып,аягында Манас атындагы орто мектеби ийгиликке жетти.
20-март күнү Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагынын «Сары-Дөбө» орто мектебинде ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар биргелешип конкурс өткөрдү. Темасы «Ата-эненин,мугалимдин жана окуучунун ортосундагы байланышты жакшыртуу.»
Лейлек районундагы Сумбула айыл аймагында 19-март күнү нооруз майрамына карата райондук деңгээлдеги волейбол боюнча турнир өттү. Турнирге райондун 10 айыл өкмөтү жана шаар башкармалыктарынан оюнчулар катышты.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында окуучуларга адам укуктары боюнча Азамат Шаршендин “Жашоо керемет” аттуу даректүү тасмасы акысыз көрсөтүлдү. Бул иш чараны “Sumbula FM” жамааттык мультимедиа борбору ишке ашырды.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында жаз жылдагыдан эрте келип, жазгы талаа иштери эрте башталды. Учурда жергиликтүү элдер арпа, буудайларын эгүү үстүндө.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Хамдан Жусупов 15 жылдан бери унаа оңдоп, үй-бүлөсүн багат. Ал унаа оңдоону атасынан үйрөнгөн.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айылына жаңы кичи футбол аянтчасы курулууда. Буга чейин айылда мындай аянтча болбогондуктан футбол сүйүүчүлөр Лейлек районунун борбору Исфана шаарына барып ойноп келчү.