Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүндө акысыз медициналык текшерүү жүрүп жатат. Элет элин акысыз текшерүү демилгесин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) 4-курсунун студенттери, Сумбула айыл өкүмөтүндөгү мектептердин бүтүрүүчүлөрү: Кожомкул Топчубай …
Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүнүн борбордук стадионунда 24-март күнү мектептер арасында футбол боюнча зоналык мелдеш болуп өттү. Ага 5 мектептин балдар командалары катышты.
21-март күнү Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын борбордук стадионунда Нооруз күнүнө карата футбол боюнча айылдар арасында мелдеш болуп, ага айыл аймагынан төрт команда катышты.
Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында 21-март күнү Нооруз майрамына карата “Шайыр келиндер” сынагы өткөрүлдү. Анда Сары-Дөбө айылындагы келиндерден куралган “Байчечекей” жана “Аруузат” топтору жарышышты. Жыйынтыгында “Аруузат” командасы жеңишке жетишти.
Лейлек районундагы Сумбула айыл өкмөтүндө 15-март күнү “Сумбула периси 2017” кароо сынагы болуп өттү. Сынакка айыл аймагына кирген төрт мектептин окуучу кыздары катышты.
Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинин “Мектеп театры” облустук турга 10-март күнү катышып келишти. Сынакка алты мектеп катышып, бирок Манас мектебинин окуучулары республикалык баскычка өтпөй калышты.
Клооптун 2016-жылы уюштурган «Жай-1» жана «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (сентябрь — февраль) аралыгында сынак үчүн өз …
Азыркы илим менен техника кеңири кулач жайган учурда китептен маалымат алууга караганда интернеттен маалымат алуу актуалдуу болуп калды. «Акыркы мезгилдерде окуучулардын китепке болгон кызыгуусу кандай?» деген суроонун айланасында Лейлек районуна караштуу …
Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында жазга даярдык иштери башталды. Элет элинин басымдуу бөлүгү дыйканчылык менен алектенгендиктен жазында суугат суу маселеси көйгөй жаратып келчү. Ушуга байланыштуу учурда суу түтүктөрү оңдолуп жатат.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүнүн Манас атындагы орто мектебинде 25-февраль күнү спорттун теннис жана кол күрөш түрү боюнча зоналык спартакиада болуп өттү. Буга чейин спорттун волейбол, шахмат, тогуз коргоол …
Ызгаардуу кыш мезгилинин бүтөрүнө саналуу гана күндөр калды. Дегеле бул кыш элет элинин эсинде эмнеси менен калды? Кар кандай түштү, деген суроолордун айланасында Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын тургундары менен …
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүндө жалпы 186 баатыр эне бар. Аларга мамлекет тарабынан кандай жардамдар көрсөтүлөт, алардын жашоосу кандай болуп жатканы тууралуу билип көрдүк.
Лейлек районунун Сумбула айыл өкүмөтүндө 20-февралда Мекенди коргоо күнүнө карата «Эр жигит 2017» сынагы болуп өттү. Ага аталган айыл аймагынан үч жигит катышып күч сынашты.
Лейлек районуна караштуу Искра айылынын 15 жаштагы тургуну Бекзат Эрматов короздор менен бизнес кылат. Аларды Тажикстанга чейин алып барып, уруштуруп келген.
Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында “Ай-Данек” балдар бакчасы иштеп жатканына эки жылдын жүзү болуп калды. Учурда бала бакчада 58 бала тарбияланууда. 2015-жылы “Германия эл аралык кызматташтык уюмунун жарандык коомду колдоо …
Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинде 14-февраль күнү Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдануу жана кантип көп упай алса болот деген темада лекция өтүлдү. Лекцияны Лейлек районундагы 3-гимназиянын 11-классынын окуучусу …
Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын тургундарынын ден соолугун мындан он жылдай мурун салынган ФАП (Фельдшердик-акушердик пункту) көзөмөлдөйт.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкүмөтүндөгү айыл аттарынын келип чыгыш тарыхы боюнча Сары-Дөбө мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мария Кудайбердиева, тарых мугалими Төрөкул Убайдуллаев ошондой эле Манас орто мектебинин кыргыз тили …
Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас атындагы орто мектебинде 11-февраль күнү зоналык волейбол мелдеш болуп өттү. Манас мектебинин балдар жана кыздар курамалары мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, райондук баскычка жолдомо алышты.
Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинин 10-классынын окуучусу Жумагүл Кудаяр кызы кыргыз тили боюнча райондук олимпиадада 1-орунду ээледи. Ал облустук турга жолдомо алып, учурда кызуу даярданып жатат.