Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Андарак

Сумбуланын жаш жазуучусу Илгиз Эгемберди уулу

Лейлек районуна караштуу Искра айылынын тургуну Илгиз Эгемберди уулу 14 жашынан бери жазуучулук менен алектенип келет. Учурда анын жети китеби жарык көргөн.

14 Январь 2017 жыл 15:34

Көк-Таш: Бекзат Акылбек уулу «Акыл ордо» оюнунун финалына даярданууда

Лейлек районунуна караштуу Көк-Таш айылындагы Саттаркулов орто мектебинин окуучусу Бекзат Акылбек уулу «Акыл ордо» интелектуалдык оюнунун финалына даярданып жатат. Ал 6-декабрь күнү оюнга катышып финалга жолдомо алган.

14 Январь 2017 жыл 15:26

Карышкырдын сырын билген мергенчи менен маек

Кыш келээри менен Сумбула айыл аймагында карышкыр көбөйөт. Көздөгөнүнөн кайтпаган бул карышкырлар адамдарга да кол салуудан баш тартпайт. Андарактагы мергенчилердин бири Асыл Жалилов менен көк жал жаныбардын табияты тууралуу маек курдук.

13 Январь 2017 жыл 22:18

Андарактын уз-чебери Махабат Самандарова

Лейлек районуна караштуу Искра айылынын тургуну Махабат Самандарова 15 жылдан бери чеберчилик менен алектенет. Ал элден түшкөн тапшырыктар аркылуу иштеп акча таап, үй-бүлөсүн багып келет.

10 Январь 2017 жыл 15:44

Сумбула айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар 300дөн ашат

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана жардамга муктаждыгы бар адамдар жөнүндө билип көрүүнү чечтик. Бул тууралуу айыл өкмөттүн соцадиси менен маек курдук.

9 Январь 2017 жыл 14:54

Сумбулада жергиликтүү кеңештин депутаттарына мандат тапшырылды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүндө өткөн жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп, 21 депутака 7-январь күнү мандат тапшырылды.

9 Январь 2017 жыл 14:13

Исфанадагы дыйкан базары оңдолуп бүттү

Лейлек районунун борбору Исфана шаарында жайгашкан «Лейлек дыйкан базары» оңдолуп бүттү. Ал жерде иштеп жүргөн соодагерлер базар күйүп кеткенден кийин көчөдө соода кылып жатышкан.

8 Январь 2017 жыл 12:12

Сары-Дөбөнун 87 жаштагы айдоочусу Жусуп ата

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын 87 жаштагы тургану Жусуп чоң ата 62 жылдан бери айдоочулук менен алектенип келет.

7 Январь 2017 жыл 10:08

Сумбула айылдык кеңешинин төрагасы шайланды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн депуттары өздөрүнүн төрагасын жана жардамчысын 6-январь күнү шайлап алышты. Шайлоо жабык добуш берүү менен өтүп, Расул Азимов төрага болуп шайланып, анын жардамчысы Анвар Камалов …

6 Январь 2017 жыл 21:45

Андарактын борбордук көчөсү толугу менен оңдолушу мүмкүн

Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы борбордук көчө толугу менен асфальт төшөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн эсепчиси Бахтияр Жороев билдирди.

6 Январь 2017 жыл 21:34

Сары-Дөбө орто мектебинде быйыл 10-класс жок

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө орто мектебинде быйыл 10-классы жок. Анткени окуучулардын көпчүлүгү 9-классты аяктагандан кийин мектептен чыгып, окуу жайларга тапшырып кетишкен.

5 Январь 2017 жыл 19:23

Сары-Дөбөдө алма сактоочу жай иштеп жатат

Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылында алма сактоочу жай иштеп жатат. Аны айыл тургуну Нургазы Исманов негиздеген.

5 Январь 2017 жыл 19:04

«Мыкты макала» жана «мыкты сүрөт» сынагы  

    «Клооп Медиа» коомдук фонду Кыргызстандагы жамааттык мультимедиа борборлорунун ыктыярчы-кабарчыларынын арасында «мыкты макала» жана «мыкты сүрөт» сынагын жарыялайт. Сынакта ар апта сайын «Мыкты макала» жана «Мыкты сүрөт» аныкталып турат. …

5 Январь 2017 жыл 17:41

Сары-Дөбөдө окуучулардын кышкы каникулу кандай өтүп жатат?

30-декабрдан 11-январга чейин кышкы каникул деп белгиленген. Бул арада Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын окуучулары кышкы каникулду кантип өткөрүүдө? Эмне менен алек болууда? деген суроолорго жооп издеп көрдүк.

4 Январь 2017 жыл 18:27

Андарактык табып Бүүзия Умурзакова

Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Бүүзия Умурзакова он жылдан бери табыпчылык менен алектенип келет. Анын айтымында, бул касиет ага тай энесинен калган.

3 Январь 2017 жыл 14:03

Андаракта жаңы жылдык карнавал майрамдалды

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын Андарак айылында жаңы жылдык карнавал майрамдалды. Майрамдык кечени Сумбула айыл аймагынын башчысы Анаркул Атамкулов элге өзүнүн каалоо сөздөрүн айтып, кечени ачып берди.

2 Январь 2017 жыл 23:26

Смартфон үчүн бешинчи сынактын жыйынтыгы

    Клооптун 2015-жылы уюштурган «Күз-2», 2016-жылы уюштурган «Кыш-1», «Жаз-1» жана «Жаз-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (март — август+кошумча …

2 Январь 2017 жыл 15:51

Андарактык окуучу президенттик балатыга барып келди

2016-жыл 29-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын президентинин балатысы болуп өттү. Ага Лейлек районуна караштуу Искра айылындагы Манас орто мектебинин 7-классынын окуучусу Алибек кызы Салиха катышып келди. Биз Салиха менен президенттик балаты тууралуу …

1 Январь 2017 жыл 18:37

Сумбула айыл аймагындагы мектептерде сабактар 9:00дө башталмакчы

Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүндөгү мектептерде окуу убактысы 08:30дан 09:00гө жылдырылды. Буга күндүн кыскарышы себеп болгон.

30 Декабрь 2016 жыл 15:49

Тешик-Таштын устасы Абдумавлян Алимбеков 20 жылдан бери устачылык кылат

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагындагы Тешик-Таш айылынын тургуну Абдумавлян Алимбеков 20 жылдан бери устачылык менен алектенет. Элдин каалоосуна жараша үйлөрдү оңдоп түзөп, үй салып берет.

28 Декабрь 2016 жыл 19:04

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...