Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Андарак

Андарак: Окуучу Жумадыл эки жылдан бери коёндорду багып келет

Лейлек районунун Андарак айылындагы мектеп окуучусу Жумадыл Егемназар уулу эки жылдан бери коёндорду багып, аларды көбөйтүп келет. Учурда анын колунда эки эркек, 15 ургаачы коёну бар. Жумадыл мындан ары да коёндорду көбөйтөөрүн айтат.

24 Ноябрь 2016 жыл 22:33

Андаракта биринчи жолу күнөскана курулууда

Лейлек районуна караштуу Сумбула айылынын тургуну Кыдырали Тойчубаев өзүнүн үйүнүн алдына күнөскана курууда. Ага жалпысынан 347 726 сом каражат кеткен.

24 Ноябрь 2016 жыл 18:27

Андарактын чачтарачы Салмат

Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Салмат Наврузов 20 жылдан ашык убакыттан бери чачтарачкана иштетип келет. Ал чачтарачтыкты устаттарынан үйрөнгөнүн айтат.

22 Ноябрь 2016 жыл 23:27

Андарактык Салахиддин 20 жылдан бери канаттуулардын түрүн багып келет

Лейлек районунун Андарак айылынын тургуну Салахиддин Салимов көп жылдардан бери канаттуулардын түрүн багып келет. Анын колунда учурда үндүктөр, көгүчкөндөр жана сасаркилери бар.

22 Ноябрь 2016 жыл 18:21

«Акыл ордо» интеллектуалдык оюнунда Көк-Таштын мектеби баш байгеге ээ болду

Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы Манас орто мектебинде «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну өттү. «Акыл ордого» Сумбула айыл аймагындагы алты мектептин окуучулары катышып, 1-орунду Көк-Таш айылынан келген Саттаркулов мектебинин окуучулары алса, …

21 Ноябрь 2016 жыл 22:33

Андаракта күрөш залынын ачылганына бир жыл болду

Лейлек районунун Андарак айылындагы күрөш залынын ачылганына бир жыл болду. Учурда күрөш залында 40тан ашык бала машыгууда.

20 Ноябрь 2016 жыл 22:09

Андаракта маалымат бюллетени иштеп жатат

«Сумбула FM» жамааттык мультимедиа борбору 2015-жылы маалымат бюллетенин чыгаруу боюнча долбоор жазган. Долбоор ийгиликтүү өтүп, 2016-жылдын июнь айынан тарта айылдык кабарчылар бюллетень чыгарып, айыл тургундарына маалыматты жеткирүүнүн дагы бир жолун пайдаланууда.

20 Ноябрь 2016 жыл 22:07

Андаракта «Мурас» мончосу кайрадан иштей баштады

Лейлек районунун Андарак айыландагы «Мурас» мончосу кайрадан иштеп жатат. Ал 1988-жылы ишке кирип бирок, кандайдыр бир себептерге байланыштуу ушул убака чейин пайдаланылбай турган.

20 Ноябрь 2016 жыл 19:48

Андарактык Уулман Абалбаева президенттин стипендиясына ээ болду

Андарактык, Манас орто мектебинин бүтүрүүчүсү Уулман Абалбаева президенттин «Үмүт» стипендиясына татыды. Уулман учурда БатМУнун англис тили адистиги боюнча 3-курста окуйт.

20 Ноябрь 2016 жыл 13:06

Сумбула айыл аймагында жөлөкпул алуучулардын саны азаюуда

Сумбулада жөлөкпул алуучулардын саны жылдан жылга азаюуда. Бул тууралуу айыл өкмөттүн социалдык кызматкери Кутмат Убайдуллаев билдирди. Айтымында, жөлөкпул алуучулардын санынын азайганынын себеби элдин жашоо шарты жакшы нукка өзгөргөнү менен байланыштуу.

20 Ноябрь 2016 жыл 0:10

Cурамжылоо: Келечекте кайсы кесиптин ээси болгуң келет?

Келечекте ар ким ар кайсы кесипти аркалагысы келет жана татыктуу кызмат кылсам деп саамайт. Биз бул суроо менен Лейлек районунун Андарак айылындагы окуучуларга кайрылып, алардын келечектеги пландарын билип көрдүк.

20 Ноябрь 2016 жыл 0:09

Андарак: Быйылкы алтын күз эмнеси менен элдин эсинде калды?

Алтын күздүн бүтүшүнө саналуу күндөр калды. Күздө элдер жыйым-терим менен алек болуп, малдарын жайлоонон алып келишет. Быйылкы алтын күз Лейлек районунун Андарак айылынын тургундары үчүн кандай болду?

19 Ноябрь 2016 жыл 23:39

Сумбулада жергиликтүү кеңешке депуттарды шайлоого даярдык кандай жүрүүдө?

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин шайлоо жана референдумга карата даярдыктар жүрүүдө. Бул боюнча Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында даярдыктардын жүрүшү боюнча айыл өкмөттүн кызматкери Абдираим Жороев менен маек курдук.

17 Ноябрь 2016 жыл 21:51

Тагайберди уруусу кайдан келип чыккан?

Быйыл Кыргызстанда жалпы «Тарых жана маданият жылы» деп жарыяланганына байланыштуу Андарактын тарыхына бир көз чаптырууну чечтик. Андарак эли Тагайберди уруусуна кирет. Бул уруу кайдан келип чыккандыгын билгенге аракет кылдык.

15 Ноябрь 2016 жыл 0:29

Андаракта улак тартыш оюну болду

Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 12-ноябрь күнү Борбордук Азияны камтыган улак тартыш оюну өттү. Улак тартыш оюнун айыл тургуну Райимберди Ботокулов уюштурган.

14 Ноябрь 2016 жыл 23:00

Андаракта сарык оорусу азаюуда

Лейлек районунун Андарак айылында сарык оорусу август-сентябрь айында көбөйүп кеткен болчу. Учурда оорунун алды алынып, сарык оорусу азайып жатканын айтат айылдык дарыгер.

12 Ноябрь 2016 жыл 20:00

Андарактын тургуну карышкыр багат

Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Арстанбек Артыков бир жылдан бери карышкыр багып келет. Учурда анын колдо багылган бир карышкыры бар.

11 Ноябрь 2016 жыл 17:05

Андарак өзүнүн түсүн акка боёду

Бүгүн Лейлек районуна караштуу Андарак айылында биринчи кар жаады. Андарака бул биринчи кар болуп эсептелет, күз айында кар жаагандыктанбы айылга көп деле суук болгон жок.

4 Ноябрь 2016 жыл 22:32

Андарак: Көчөгө кайрадан чырак орнотуу 2017-жылдын бюджетине киргизилет

Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын борбордук көчөсүнө коюлган чырактар иштебей турат. Бул айылдын көйгөйү боюнча айыл-башчысы Саид Самандаров менен маек курдук.

4 Ноябрь 2016 жыл 21:36

Андаракта Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерүү кечеси болуп өттү

Лейлек районунун Андарак айылында жайгашкан Манас орто мектебинде 31-октябрь күнү Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерүү кечеси болуп өттү. Ага мектеп окуучулары жана мугалимдери катышты.

31 Октябрь 2016 жыл 19:09

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...