Жайыл районундагы Кара-Суу орто мектебинин тажрыйбалуу мугалимдеринин бири – Гүлжан Ажиева. Ал көп жылдан бери мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан балдарга билим берип келе жатат.
Октябрь айынын башында Кыргызстанда Мугалимдер күнү белгиленет. Бул майрамга карата Жайыл районуна караштуу Кара-Суу орто мектебинин мугалими Гүлнара Акешова менен маек курдук.
Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде “Ботокөз булак” балдар бакчасы жайгашкан. Бул материалда бакчадагы жана башталгыч класстардын окуучуларынын тамактануусу боюнча кыскача баяндап беребиз. Аудио: Балдардын мектептеги жана бакчадагы тамактануусу Балдар бакчасы …
Жайыл районундагы Кара-Суу орто мектебинин мугалими Гүлмир Жумалиева өз өмүрүн мугалимдик кесипке арнагандардын бири.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылындагы № 7336 шайлоо участкасында президенттик шайлоого карата даярдыктар көрүлүп жатат.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында спорт комплекси курулуп жатат. Анын курулушун айыл жаштары өздөрү демилгелешкен.
Жайыл районунун Ставрополовка айылында 29-август күнү мечит ачылды. Мечиттин курулушун Сауд Аравиясынын “Ас салам” кайрымдуулук фонду каржылаган.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылында жалпы 100гө жетпеген окуучу бар. Бирок ошого карабастан жыл сайын окуучуларды китеп менен камсыз кылуу көйгөйү жаралып келет.
Жайыл районундагы Кара-Суу айылында жайгашкан №7336-шайлоо участкасынын 15-октябрда боло турган президенттик шайлоого даярдыгы тууралуу кыскача баяндайбыз.
Мырза Гапаровдун “Туздуу чөл” пьесасынын негизинде кыргыз режиссеру Геннадий Базаров көркөм тасма тартып жатат.
Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Барбулак айылынын жанында жайгашкан “Барбулак” пансионаты ден соолугун чыңдаш үчүн келген эс алуучуларга эшигин ачып, кызмат көрсөтүп жатат.
Кара-Суу айылынын жашоочуларынын баардыгы уй багышат. Колдорунда барлары 4-5 уй кармашат. Уй – үй-бүлөнүн кирешесинин негизгилеринин бири, ар жума сайын накталай акча сүт өткөргөндөргө түшүп турат.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын суу сордуруучу жайы көп жылдан бери курчалбай келет. Бул айыл тургундарынын жашоосуна коркунуч туудурууда.
Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде 20-июнда 9-классты аяктаган окуучуларга күбөлүк тапшыруу аземи болуп өттү. Быйыл мектепте 11-класс жок, ал эми 9-классты сегиз эле окуучу аякташты.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында чөп чабык башталды. Айыл тургундары быйыл чөп жакшы болгонун айтып жатышат.
Жамааттык маалымат каражаттарынын ассоциациясы «Немец толкуну» академиясынын колдоосу менен 2017-жылдын 24-25-26-27-28-июль күндөрү «Мультимедиялык журналистика» багытында Ысык-Көлдүн жээгинде жамааттык маалымат каражаттарынын ыктыярчы, жарандык журналисттери үчүн жайкы мектеп уюштурат.
Жайдын биринчи айы кирип келип, Чүй өрөөнүндө чөп чабык башталды. Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы дыйкандар кышка даярданып, беденин биринчи чабыгын чаба башташты.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында мектептин имаратында 24 балага ылайыкташкан балдар бакчасы төрт жылдан бери иштеп келе жатат.
Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде быйыл 11-класс комплект жок болгонуна байланыштуу мамлекеттик аттестация 9-класстарда жүрүп жатат. Аттестация менен бирге мектепте “эмгек чейреги” башталды.
Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде 9-класстар үчүн 2-июнда мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясы башталды.