Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Чүй облусу

Новое айылында жашыл эс алуучу жай курулат

FHI 360 уюмунун мониторинг жана баалоо бөлүмү тарабынан айыл тургундары арасында сурамжылоо жүргүзүлүп коомдук эс алуу жайынын жоктугу приоритеттүү деп табылган. Азыркы маалда көйгөйдү чечүү иштери башталды.

23 Март 2021 жыл 10:47

Кызыл-Туу айылынын мектебинин ички дааратканасы оңдолуп ишке берилет

«Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагында демилгелүү топ түзүлүп, бул көйгөйдү чечүү үчүн 2020- жылдын июнь айынан тарта иш алып барылып жатат.

22 Март 2021 жыл 14:09

Суусамыр: Нооруз тууралуу фактыларды билип алыңыз

21-март Нооруз майрамы салтка айланып, майрамдык салтанат дайыма айылда өткөрүлүп келген. Бирок пандемиядан улам өткөн жылы жана быйыл 2021-жылы да Ноорузга карата майрамдык салтанат болбойт. Себеби, коронавирус илдетин жайылтып албоо …

20 Март 2021 жыл 20:09

Айылдагы кыз- келиндер окутуудан өтүштү

Жаңы-Жер айылындагы кыз келиндер №43 Кесиптик лицейдин базасында ачылган кыска мөөнөттөгү кондитердик курсту окууда. Айыл ичиндеги жумушсуздуктуу жоюу максатында уюштурулган окуу курсунда ар кандай жаш курактагы кыз- келиндер окуйт.

19 Март 2021 жыл 14:31

Баш кийимди ардактап кий

Элеси аска зоону тиреген, көк тиреген Ала-Тоону чагылдырып, бийиктиктин символу болгон ак калпакты аздектөө менен кыргыз элинин улуу, кадырлуу экенин даңазалоо ирээтинде белгилүү кинорежиссеру Рысбек Жабиров 5-март Ак калпак күнү …

13 Март 2021 жыл 10:09

Кесиптик лицейдин окуучуларына сыналгы белекке келди

Жаны-Жер айылындагы №43-Кесиптик лицейге «Биринчи жардам жаштарга» коомдук фонду көп жылдан бери демөөрчү катары иштешип келет. Жакында кесиптик лицейдин жатаканасында жашаган  окуучуларга Зарылкан Токтосунова өз каражатынан  сыналгы белекке берди.

11 Март 2021 жыл 18:24

Суусамыр: Ата-энелер мектепке колдоо көрсөтүп жатышат

 Суусамыр айылында Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин башталгыч калссынын ата-энелери мектепке түстүү телевизор белекке беришти. Телевизор балдарга сабак берүүдө ар кандай видео жана презентацияларды жасоо үчүн колдонулат.

10 Март 2021 жыл 13:38

Айыл маданиятын өнүктүргөн айым апаларга ыраазычылык билдирди

Жаңы-Жер айылындагы «Айым» апалар тобу Сокулук райондук администрациясы, мэрия, айыл өкмөттөрү тарабынан 8-март аялдардын эл аралык күнүндө иш- чарага катышышты. Иш- чаранын соңунда апалар, улуттук этно кийимдерин даңазалоо максатында борбордук …

10 Март 2021 жыл 13:29

Биолаборатория жашылча- жемиш өстүрүүдө зыянкеч ооруларга каршы күрөшөт

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы кесиптик окуу жайда, жашылча- жемиш өстүрүү үчүн, зыянкеч ооруларга каршы биолаборатория курулууда. Биолабораторияны куруу ишин, кесиптик лицейдин жамааты колго алышты. Алар Органикалык кыймыл департаментинин биолабоаторияларын …

9 Март 2021 жыл 16:31

Айылдын ардактуу ак халатчан айымдары

Өмүрүн медицина тармагына арнаган айылдагы ардактуу айымдар Сокулук районундагы Жаңы-Жер аймактык ооруканасында эмгектенишет. Үзүрлүү эмгектери, кесипкөй мыкты адистиктери эл арасында бааланып, кесиптештери арасында ордулары бийик.

9 Март 2021 жыл 14:02

«Тигүүчү» кыздар мугалимдерин куттукташты

Сокулук районунун Жаңы- Жер айылындагы кесиптик лицейде “Тигүүчү” кесибинде окуган кыздар, 8-март майрамга карата мугалим эжелерин концерттик программа менен куттукташты. Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бул кыздардын дээрлик көпчүлүгү эне мээримине же …

8 Март 2021 жыл 12:49

Жаңы-Жерде ак калпак даңазаланды

Жаңы-Жер айылындагы Кесиптик лицейде улуттук баш кийимдин урматына «5-март -Ак калпак күнү» белгиленди. Кыргыз тилчи мугалими Асыл Базарова окуучуларга “Ак калпак — тоолордун жана тазалыктын символу” деген темада сабак көргөзүп …

5 Март 2021 жыл 13:54

Кесиптик лицейге карагайдын көчөттөрү тигилүүдө

Сокулук районундагы Жаны-Жер айлынындагы Кесиптик лицейге, жерлердин чөлгө айлануусуна каршы күрөшүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясы “UNCCD” Фонд тарабынан карагайлардын көчөттөрү алып келинди.

5 Март 2021 жыл 13:46

Жаңы-Жерде жаздын келиши майрамдар менен башталды

Жаз айынын келиши менен, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясы “3-Март Кыргыз Туусунун күнү” 5-Март Улуттук баш кийимибиз «Ак калпак күнү” ал эми келе жаткан “8-Март Бүткүл Дүйнөлүк Аялдардын Эл аралык күнү” …

5 Март 2021 жыл 13:10

Белек айылында жамааттык мультимедиа борбору ачылды

Чуй облусунун, Сокулук районунун Белек айылындагы А.Куттубаев орто мектебинде Жамааттык мультимедиа борбору ачылды. Мультимедиа борбор айылдагы жаңылыктарды сайтка жайгаштырып турат.

4 Март 2021 жыл 12:58

Ардактуу диктор Бекташ Акматов 85 жашта

Кыргыз радиосунун ардактуу диктору Бекташ Акматов Белек айылында жашайт. Ал учурда 85 жашка толду. Учурда ардактуу диктор үй-бүлөсү менен биргеликте бактылуу карылык кечирүүдө.

4 Март 2021 жыл 12:39

Интернет оюндары балдарга терс таасирин тийгизүүдө

Учурда элеттик окуучулар арасында интернет оюндары коп ойнолуп сабакка конул бурбай жатышат.Ата-энелер жана мугалимдер телефон оюндары терс таасир берип жатканын айтышууда.

4 Март 2021 жыл 11:08

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушту

Чүй облусунун губернатору жана район администрация башчысы, мекеме жетекчилери Суусамыр айылында 26-февралда эл менен жолугушуу өткөрүштү.

26 Февраль 2021 жыл 18:41

Кино тасманын каармандары менен жолугушуу кечеси өттү

Эне тил күнүнө карата Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын кино тасмасындагы баш каармандар менен жолугушуу адабий кечеси өттү. Иш-чара Сокулук районунун Кызыл-Туу аймагындагы Новое айылында Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинде болуп өттү.

24 Февраль 2021 жыл 20:52

Мырзаларды куттуктоо иш-чаралары

Сокулук районуна караштуу Новое айылынын Гүлсина Капарова атындагы орто мектепте 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата мырзаларды, жигиттерди куттуктоо иретинде чакан иш- чара, ачык класстык сааттар өткөрүлдү.

24 Февраль 2021 жыл 19:11

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...