Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында азыркы учурда COVID-19 боюнча абал туруктуу. Бүгүнкү күндѳ айылдагы ФАПта ооруну күчѳтүп албоо жана алдын- алуу максатында кошумча стационардык зал ачылды. Адистер ФАПты кызыл зона жана …
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылындагы №43 Кесиптик лицейдин мугалимдери Бишкек шаарында «CAMP Ала-Тоо коомдук фонду» тарабынан уюштурулган «Токой жана айылдык питомниктерди колдоо аркылуу кургакчыл жерлерди жашылдандыруу, «Фенология жана Климат» питомниктерге кам …
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында COVID-19 илдети боюнча абал туруктуу болгону менен илдети таптакыр жок болуп кеткен жок. Жаңы-Жер айылындагы мектепте 3 мугалимден COVID-19 илдети аныкталгандыктан окуучулар кайрадан аралыктан окутууга өтүштү …
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43 Кесиптик лицейдин жалпы жамааты Баткендеги тажик-кыргыз чек арасындагы окуяда жабыркаган мекендештерге жардам катары бир күндүк айлык маяналарын которушту.
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында, Баткендеги тажик-кыргыз чек арасындагы окуядан улам жаңжал чыгып кете жаздады. Түн ичинде 30 га жакын жаштар топтошуп алып, этникалык кыргыздар жашаган үйлөргө таш ыргытып жүрүшкөн. Милиция …
Коронавирус илдетинин башталганына бир жылдын жүзү болду. Бирок дагы деле оору күчүндө болуп жатат. Кыргызстан боюнча 29-марттан баштап, ооруга каршы эмдөө башталган. Суусамыр айылында да коронавируска каршы эмдөө башталды.
Чүй облусунун Жаңы-Жер айылында медиа маалыматтык сабаттуулукка арналган семинар болду. Иш-чарага айыл тургундары катышып, фейк маалыматтар жана аларды аныктоо, Баш мыйзамдын жаңы редакциясы, шайлоо учурундагы жалган маалыматтардын коомдук турмушка тийгизген …
Кыргыз -тажик чек арасында болгон жаңжалда жабыр тарткан мекендештерге, Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылынын жалпы эли акчалай жана кийим- кече, тамак- аш сыяктуу жардамдарын жеткирип берүүгө Лейлекке жол тартышты. Кайдыгер карабаган …
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында капуста өстүргөн дыйкандар чыгым тартууда. Быйылкы жылы коңшу өлкөлөрдөн капуста алуучу кардарлар аз келишкендиктен, капустанын баасы өткөн жылга салыштырмалуу өтө эле арзан болду. Бирок капустаны пайдалуу …
Чүй облусунун Сокулук районундагы элүү мектептин ичинен он мектептин мугалимдери ат салышкан «Жыл мугалими – 2021» кароо сынагы болуп өттү.
Рамазан айынын башталышы менен Суусамыр айылынын Кожомкул көчөсүнүн тургундары үчүн жакшы жаңылык болду. Көчөгө жарык үчүн прожекторлор коюлду. Буга чейин жарык коюла элек көчөлөр дагы бар болгон.
10-11-апрелде Суусамыр өрөөнүндөгү 5 мектептин арасында «Парламент сүйлөйт» сынагы өттү. Сынак радиодо түз эфир аркылуу өткөрүлдү. 2 күн ичинде мектеп парламентинин 4 министрлери таймашты.
Бүгүн 11-апрель Суусамыр айылында жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана Референдум өтүп жатат. Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде жайгашкан 7346 шайлоо участогундагы шайлоого шайлоочулар активдүү катышып жатышат.
Айылдык кеңештин 6-чакырылышынын 47-кезексиз отуруму болуп өттү. Отурумга 11 депутат катышты. Кезексиз отурум айыл өкмөтүнүн жана жер адисинин катышуусунда болуп өттү.
Бүгүн Суусамыр айылдык ден-соолук чыңдоо комитети тарабынан Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде жана Суусамыр айылдык ооруканасында «7-апрель-бүткүл дүйнөлүк ден-соолук кунунө» карата акция болуп өттү.
Сокулук районуна караштуу Жаны-Жер айылындагы Жаны-Жер орто мектеп-комплексинде окуучулар кайрадан аралыктан окуу режимине өтүштү. Буга себеп 3-апрель күнү мектепте 8-класстагы окуучу кыздын энеси COVID-19 илдетин жуктургандыгы аныкталган. Айылда оорунун күч …
Суусамыр айыл аймагында өткөрүлүп келген, 6 жылдык тарыхы бар “Акыл Ордо” интеллектуалдык таймашы эми Сокулук районундагы Военно-Антоновка окуу- тарбия комплекс гимназиясында өткөрүлдү. Сынакка жалпы 6 окуучу катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин …
Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейге атактуу каскадер, “Көк-бөрү”, “Перекупщик”, “Напарниктер-2”, “Викинг”, “Мулан” ж.б. көптөгөн кинолордун каарманы Эрлан Жанышбек уулу болду. Лицейдин окуучуларына Эрлан мырза тренинг өтүп, өзүнүн трюктарынан көргөздү. Жаштарга …
Бүгүн 29-мартта Суусамыр өрөөнүндө түнү менен жааган кардын калыңдыгы жарым метрден ашып, катуу бороон чапкындын кесепетинен жолдор жабылып калган.
Сокулук районунда жылдагыдай эле март айында укук коргоо кызматкерлери менен мектеп окуучуларынын жолугушуусу жүрүп жатат.