Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Терек-Суу

Чоң-Арык айылындагы «АРИС» программасынын иш-аракеттери

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы мектептин, ФАПтын оңдоо иштерине жана китепкананын салынышында «АРИС» программасынын салымы чоң. 2017-жылы бул программа менен айылдагы мал доктурга алыскы жердеги тургундардын үй жандыктарына дары жеткирип …

8 Июль 2017 жыл 20:19

Кетмен-Дөбө айыл өкмөт башчысы менен маек

Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө айыл аймагынын жаңы өкмөт башчысы февраль айынан бери иш алып барып келет. Айыл өкмөт башчы менен айылдын көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору тууралуу маек курдук.

4 Июль 2017 жыл 21:23

Терек-Суудагы ооруканага дарыгерлер жетишсиз

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан Тургун Суранчиев атындагы айылдык ооруканага дарыгерлер жетишсиз.

4 Июль 2017 жыл 21:19

Кетмен-Дөбө аймагынын салык инспектору менен маек

1-июль салык кызматкерлеринин күнүнө карата Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын улук салык инспектору Урмат Масирбаев менен маек курдук.

4 Июль 2017 жыл 21:11

Токтогулдагы менталдык арифметика курсу

Токтогул районунда 2016-жылдын апрель айында менталдык арифметика курсу ачылган. Курс ачылгандан бери окуучулар олимпиададан жакшы орундарга ээ болуп келүүдө.

28 Июнь 2017 жыл 14:24

Терек-Суу: Мектепте оңдоо иштери жүрүүдө

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинде оңдоо иштери жүрүүдө. Жыл сайын мектепти жайкы каникулда оңдоп, сырдашат.

27 Июнь 2017 жыл 20:14

Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган жайкы мектепке катыш!

Жамааттык маалымат каражаттарынын ассоциациясы «Немец толкуну» академиясынын колдоосу менен 2017-жылдын 24-25-26-27-28-июль күндөрү «Мультимедиялык журналистика» багытында Ысык-Көлдүн жээгинде жамааттык маалымат каражаттарынын ыктыярчы, жарандык журналисттери үчүн жайкы мектеп уюштурат.

19 Июнь 2017 жыл 17:09

Терек-Суу айылынын кабарчылары смартфондорго ээ болушту

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан «Акбакай» жамааттык мультимедиа борборунун (ЖМБ) кабарчылары “Мыкты макала” сынагынан утуп алган смартфондорго ээ болушту.

6 Июнь 2017 жыл 17:18

Чоң-Арыкта балдар күнү белгиленди

Токтогул районунун Чоң-Арык айылында «1-июнь-эл аралык балдарды коргоо күнүнө» карата майрамдык кече болуп өттү. Кечеге 2 жашатан 12 жашка чейинки бөбөктөр чакырылып, аларга бекер балмуздактар таратылды.

2 Июнь 2017 жыл 18:33

Волейбол боюнча райондук мелдешке даярдык жүрүп жатат

Волейбол боюнча райондук кыздар арасындагы таймаш 10-11-июнда Токтогул шаарында болмокчу. Бул таймашка окуучу кыздар жана студент кыздар катыша алат.

31 Май 2017 жыл 12:51

Чоң-Арыктык 20 жылдыктар мектепке өз салымдарын кошушту

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы №13 Коргоол орто мектебин 1997-жылы бүтүргөндөр билим алган уясына өз салымдарын кошушту. Алар даярдоо классын оңдоп, жасалгалап беришти.

31 Май 2017 жыл 12:09

Чоң-Арык айылынын аксакалдар сотунун төрагасы Акыш Өмүрбаев

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын 90 жаштагы тургуну Акыш Өмүрбаев 30 жылдан ашык убакыттан бери айылдагы аксакалдар сотунун төрагасы болуп эмгектенет. Жаш кезинде бригадир, зоотехник, начальник болуп иштеп жүрүп, көптөгөн сыйлыктардын …

31 Май 2017 жыл 11:57

Чоң-Арык айылына ветеринардык дарыкана керек

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургундары мал чарбачылык менен алектенгендиктен үй жандыктарынын илдеттерин алдын алыш үчүн же ооруп калса айыктырыш үчүн дары-дармек издеп калган учурлары көп кездешет.

31 Май 2017 жыл 11:17

Терек-Суу айылынын 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектеп спорт залын оңдошту

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебин 2007-жылы бүтүргөндөр он жылдык жолугушууга келээрдин алдында мектептин спорт залын капиталдык оңдоодон өткөрүп беришти. Спорт зал 40 жылдан бери жөнөкөй оңдолсо …

22 Май 2017 жыл 22:42

Терек-Сууда ата-энелердин сынагы болуп өттү

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүү мектебинде 8-класстын окуучуларынын ата-энелеринин сынагы болуп өттү. Сынакка 8-а класстын ата-энелеринин “Ынтымак” жана 8-б класстын ата-энелеринин …

12 Апрель 2017 жыл 19:42

Смартфон үчүн жетинчи сынактын жыйынтыгы

    Клооптун 2016-жылы уюштурган «Кыш», «Жаз-1», «Жаз-2», «Жай-1» жана «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (сентябрь — февраль+кошумча убакыт) аралыгында сынак …

3 Апрель 2017 жыл 11:35

Смартфон үчүн алтынчы сынактын жыйынтыгы

    Клооптун 2016-жылы уюштурган «Жай-1» жана «Жай-2» журналистика мектебинин тренерлери өз айылдаштарына алган билимин бөлүшүп, жаңылык жазуунун негиздерин үйрөтүшкөн. Тренерлердин сабактарына катышкан ыктыярчы-кабарчылар алты ай (сентябрь — февраль) аралыгында сынак үчүн өз …

2 Март 2017 жыл 14:57

Мазар-Суу айылында жаңы мектеп курулууда

Токтогул районунун Мазар-Суу айылында №14 Жоомарт атындагы мектеби жаңы салынууда. Бул туралуу аталган мектептин директору Дамира Иметкулова менен маек курдук.

1 Март 2017 жыл 16:03

Терек-Сууда башталгыч класстар негизги корпуста окушууда

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстары убактылуу негизги корпуска көчүштү. 1-4-класстар биринчи кабатында 7-11- класстар экинчи кабатында билим алышууда.

20 Февраль 2017 жыл 16:01

Терек-Суудагы балдар бакчасынын оңдоо иштери аяктады

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №5 “Кызгалдак” балдар бакчасынын оңдоо иштери аяктады. “Арис” программасынын долбоору менен жылуулук системалары орнотулуп, мындан кийин кышкысын дагы иш алып баруу алдында турушат.

14 Февраль 2017 жыл 20:44
Шейшемби
25 Баш оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...