Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Баетов

Акталаадагы мектепте спорттук майрам өттү

Кечээ Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде ата-энелер менен бирдикте спорттук мелдештер  өткөрүлдү. Ага жаш курактарына жараша  1-11-класстын окуучуларынын ата-энелери волейбол ойноп, аркан тартыш, эстафетага катышты.  …

20 Апрель 2026 жыл 8:46

Акталаа райондук аскер комиссариатынын жаңы имаратынын курулушуна старт берилди

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда курулганына дээрлик бир кылым болгон аскер комиссариатынын имараты бузулуп, анын ордуна жаңы имарат курууга старт берилди.

18 Апрель 2026 жыл 9:14

Ак-Талаада жаш интеллектуалдардын эл аралык форуму өттү

Ак-Талаа районунда «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары: Чыңгыз Айтматовдун идеялары жана келечектин технологиялары» аттуу эл аралык форум өттү. Иш-чара залкар жазуучунун 95 жылдыгына арналган Эл аралык Ысык-Көл форумунун алкагында уюштурулду.

16 Апрель 2026 жыл 13:43

Акталаада мектептин жыйындар залы оңдолду

Ак-Талаа районундагы  Байымбет атындагы жалпы билим берүү мектебинин жыйындар залы оңдоп-түзөөдөн өттү. Аталган мектептин директору Мээрим Кулманбетованын айтымында жергиликтүү кеңештин  депутаттарынын колдоосу менен 539 000 (беш жүз отуз тогуз миң) …

16 Апрель 2026 жыл 8:59

Улуу жазуучунун мааракесин утурлай сынак өттү

Бүгүн Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепканада улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесин утурлай иш чара уюштурулду.Тактап айтканда, жазуучунун чыгармаларынан даярдалган кызыктуу тест форматында суроолор даярдалып, ага райондук суу чарба башкармалыгынын …

11 Апрель 2026 жыл 8:11

Пробация кардарлары үчүн «Жардам» иш чарасы уюштурулду

​Бүгүн Ак-Талаа райондук пробация органынын каттоосунда турган кардарларды социалдык жактан колдоо, жүрүм-турумун түзөө, коомго аралаштыруу максатында «Жардам» иш чарасы уюштурулду. Анда акимдин орун басары К. Эсеналиев кардарларды мыйзам ченемдерин сактоого …

11 Апрель 2026 жыл 8:09

Акталаада жашылдандыруу иштерине карата 100 түп карагай отургузулду

Ак-Талаа районунун Баетов жана Терек айылдарында  бак-дарактын  көчөттөрү отургузулду.Маалыматка ылайык, Баетов айылынын борбордук аянтына, Жеңиш сейил багына жана Афган–Баткен окуяларына арналган эстеликтин аймагына жалпысынан 100 түп карагай тигилди. Көчөттөр жергиликтүү …

10 Апрель 2026 жыл 11:19

Акталаада ден-соолук күнүнө карата спорттук мелдештер уюштурулду

Ак-Талаа районунун Баетов айылында 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата жалпы дарыгерлик-практикалык борбору жана ден соолук кабинети тарабынан кыз-келиндер арасында аралыкка чуркоо жана эркектер арасында аркан тартыш боюнча мелдеш өткөрүлдү.

9 Апрель 2026 жыл 9:30

Акталаада «Жылдын мыкты мугалими-2026» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы-2026» кароо-сынагы өтүүдө

Бүгүн Ак-Талаа районунда  билим берүү бөлүмү тарабынан  «Жылдын мыкты мугалими-2026» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы-2026» сынагы старт алып, ага район боюнча 37 мугалим жана 15 тарбиячы катышууда.

7 Апрель 2026 жыл 16:49

Акталаада жазгы айдап-себүүгө карата суу каналдары оңдолууда

Ак-Талаа районунда жазгы айдап-себүүгө жана сугат иштерине даярдыктар көрүлүүдө. Учурда суу каналдар, насостук станцияларда механикалык тазалоо иштери жүрүп жатат. Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Эркинбек Искеновдун маалыматына караганда Баетов …

7 Апрель 2026 жыл 16:38

Акталаада 7-апрель-Элдик революцияда каза болгондор эскерилди

Бүгүн Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Адилет Карасартов атындагы сейил бакта  7-апрель элдик революциясында курман болгондорду эскерүү иш чарасы өттү.Ага бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишкана кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

7 Апрель 2026 жыл 15:09

Акталаада эл аралык балдар китебинин күнү белгиленди

Ак-Талаа районундагы Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепкананын балдар бөлүмүндө   Эл аралык балдар китебинин күнү белгиленип, иш чара өткөрүлдү.

4 Апрель 2026 жыл 10:45

Акталаада «Бийчилер таймашы-2026» сынагынын жеңүүчүлөрү кимдер болду?

Ак-Талаа районунда окуучулар арасында «Бийчилер таймашы — 2026» сынагынын финалдык туру өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. 1-апрель күнү таймаштын финалдык туру өтүп, сынактын катышуучулары кыргыз улуттук бийин, ретро бийлерин бийлөө жана бий …

3 Апрель 2026 жыл 10:38

Акталаада окуучуларга арналган «Ачык эшиктер күнү» өттү

Бүгүн  ɵспүрүмдөр арасында  кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоодо көмөк көрсөтүү, жаш ɵспүрүмдɵрдү мекенчилдикке тарбиялоо жана тарыхый баалуулуктарды даңазалоо  максатында  «Жаркын келечекке кадам»  аттуу  «Ачык эшиктер …

3 Апрель 2026 жыл 9:40

Акталаада айыл чарбасын каттоо өнөктүгү уланууда

Ак-Талаа районунда айыл чарбасын каттоо өнөктүгү активдүү жүрүп жатат. Өнөктүктү өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү максатында район боюнча 1 өкүл, 1 башкы адис жана 2 координатор дайындалган. Мындан тышкары, айыл …

2 Апрель 2026 жыл 11:32

«Мектеп лигасы – 2026»: Ак-Талаада кимдер жеңишке жетти?

Ак-Талаа районунда мектеп окуучулары арасында өткөн «Мектеп лигасы – 2026» мелдеши жыйынтыкталып, үч күнгө созулган спорттук таймаштарга 18 мектептин командалары катышты. Оюндар волейбол, футбол жана баскетбол боюнча өткөрүлдү.

31 Март 2026 жыл 14:53

Ак-Талаа районунда жазгы айдап-себүү иштеринин түзүмү бекитилди

Ак-Талаа районунда жазгы айдап-себүү иштерине карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн болжолдуу түзүмү бекитилди. Район боюнча өткөн жылы 5115 гектар аянтка дан өсүмдүктөрү, ал эми 10317 гектар жерге көп жылдык өсүмдүктөр айдалган. …

30 Март 2026 жыл 17:54

Акталаада «Мектеп лигасы-2026» старт алды

Бүгүн  Ак-Талаа районунда «Дүйнөлүк бийиктик, улуттук дем, уңгу жол» саамалыктын жана «Кылмышсыз келечек» аталышта окуучулардын «Мектеп лигасы — 2026» спорттук мелдеши старт алды.

29 Март 2026 жыл 11:50

Акталаалык балбан эл аралык мелдеште коло байгенин ээси болду

Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылынын жаш балбаны Баэл Рысбеков Бишкек шаарындагы Кожомкул Каба уулу спорт сарайында СССРдин спорт чебери, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу Раджап Жанаевдин жаркын элесине арналган эркин күрөш  …

26 Март 2026 жыл 10:07

Ак-Талаада кургак учук менен ооругандардын саны азайды

Ак-Талаа районунда кургак учук илдети менен жабыркагандардын саны 2025-жылы 2024-жылга салыштырмалуу азайганы байкалууда. Ак-Талаа райондук О.Көккөзов атындагы ЖДПБнын дарыгери Жаркын Бообекованын маалыматына ылайык, кургак учук аба аркылуу жугат. Оору жөтөлгөндө, …

24 Март 2026 жыл 17:14

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...