Бүгүн Ак-Талаа районундагы Баетов айылында борбордук мечиттин медресе үчүн салынган имараты күндүзгү стационар катары колдонууга берилди.
Уул- кызга стереотиптүү тарбия берүү, уулдарды бийик тутуп, кыздарды ашкананын ээси катары тарбиялоо туурабы? Бул тууралуу «Гендердик теңчилик» аталышындагы аудиосюжеттерден уксаңыз болот. Барчын Мамытбекова
Китептин адам баласынын өсүп-өнүгүшүнө тийгизген таасири абдан чон. Ал маалыматтын жана маданияттын эбегейсиз зор казынасы болуп саналат. Адамзат коомунун өнүгүшүнө, анын ар тараптуу билим алуусуна китепкана жардамга келет.
Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу билим берүү мекемелериндеги бир топ иш-чаралар аралыктан өткөрүлүп жатат. Ошондой иш-чаралардын бири-Алиппе майрамы. Ак-Талаа районундагы М.Баетов атындагы орто мектебинде 1-класстын окуучулары Алиппе китеби менен коштошту.
Иллюстрациялык сүрөт Барчын Мамытбекова
Учурдагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ак-Талаа районунда социалдык жактан жардамга муктаж. 200 үй-бүлөгө 7 түрдүү жер-жемиштердин уруктары бекер таратылды.
Учурда өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык окуу жылы 30-майда аяктайт. Ал эми бүтүрүүчү класстар үчүн «Акыркы конгуроо»салтанатын онлайн өткөрүү жагы каралууда.
Сулайман Шералиев Улуу Ата Мекендик согушка күлгүндөй 18 жаш курагында аттанган. Сулайман ШералиевУлуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сулайман Шералиев 1925-жылы Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында туулган. …
Сейдибакас Ынакбеков Улуу Ата Мекендик согуш башталганда 24 жашта болгон.
Ак-Талаа районундагы Ак-Тал блокпостунда элдин коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү кезек менен нөөмөткө турушат. Айрымдары эки, айрымдары 5 күнгө чейин күн-түн дебей ошол жерде иш үстүндө болушат. Ар кайсы …
«Айылга аранлган өмүр» подкастынын кезектеги чыгарылышындагы каарманы -Светлана Кенеева. Ак-Талаа районундагы орто мектепте биология мугалими болуп эмгектенген. Үй-бүлөдө 14 бир туугандын улуусу. «Лягушка прыгает» дегенден башканы түшүнбөгөн Света эже студенттик …
Ак-Талаа районунда орто мектептердин мугалимдерине азык-түлүктөн жардам берилди. Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында мугалимдердин кесиптик бирлигин төрагасы Мирбек Сатындиев менен бирдикте мугалимдерге да өзгөчө кырдаалда колдоо көрсөтүү максатында …
«Айылга арналган өмүр» подкастынын жаңы чыгарылышында Ак-Талаа районундагы Э.Карсартов атындагы орто мектебинин мугалими Айна Жакыпова менен маектештик. Көркөм сөзгө чебер эже менен мугалимдердин бардык доордогу жашоосу, кыйынчылыктары, окуучулардын китебинин ижара …
«Айылга арналган өмүр» аттуу подкасттын бул чыгарылышында жаш мугалимдер Ширин Рыскелдиева жана Тураркан Нурдөөлөтова мугалимдик алгачкы жылдардагы кыйынчылыктар, жаңы коллективге көнүү жана ордун табуу үчүн жасалган аракеттер, сүйүү, үй-бүлөдөгү мамилелер …
Айылга арналган өмүр» подкастынын жаңы чыгарылышы даяр болду. Бул жолу бир топ жылдар аскер кызматында жүрүп, билим берүү тармагына кокусунан келип калган Каныбек агай менен жашоо, өмүр, сүйүү, үй-бүлө, бала …
“Айылга арналган өмүр” долбоорунун жаңы чыгарылышын сунуш кылабыз. Сиздерге мурда кабарлагандай бүгүн жалгыз бой мугалим эне менен маектешебиз. Каарманыбыз Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Нурзат Молдакунова.
«Айылга арналган өмүр» подкастымдын бул чыгарылышында мигрант мугалим менен маектештик. Мектепти таштап, мугалимдердин да мигрант болуп, сыртка чыгып кетиши өкүнүчтүү!
«Айылга арналган өмүр» подкастынын бул чыгарылышында Ак-Талаа районундагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин орус тили мугалими Нарынкүл эже менен аралыктан сүйлөштүк. «Жогорку окуу жайын сырттан окудум. Коркуу сезими болгон эмес. …