Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Баетов

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты жараксыз абалда

Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу  №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты учурда жараксыз болуп, имараттын дубалдары чекесинен урап түшө баштаган. Бирок ошондой кыйроо абалына карабастан бул борбордо айыл тургундары дарыгерге …

5 Август 2020 жыл 18:17

Катуу жааган жамгыр Жерге-Талда чоң маселе жаратты

1-август түнү жааган катуу жамгыр Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынын Кум-Арык сайындагы Шырдакбек көпүрөсүнүн үстүн алып кеткен. Бул көпүрө айылдын жанынан өтүүчү чоң трассада жайгашкан. Көпүрөнүн тирөөч шакектери да кулап калган.

3 Август 2020 жыл 18:00

Ак-Талаада мүмкүнчүлүгү чектелген жубайларга айылдаштары үй куруп беришти

Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Кайың айылынын жашоочулары айылдашы Мухабатбек Календеровго чоң үй куруп беришүүдө. Мухабатбектин жана жубайы экөөнүн тең ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, 2-топтогу майыптар. 4 баласы бар.

2 Август 2020 жыл 12:21

Бут менен иштеген жугушсуздандыруучу каражаттар берилди

Балдардын укугун коргоо боюнча ата-энелердин Нарындагы коомдук бирикмеси ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын «Мүмкүнчүлүк» коомдук бирикмеси менен бирдикте Ак-Талаа районуна байланышсыз жугушсуздандыруучу каражаттарды жана  кабиналарды беришти.

1 Август 2020 жыл 17:27

Курман айтта жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам берилди

Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүндө Курман айтка карата жардамга муктаж, кары-картаң, көп балалуу ж.б.категориялардагы жети үй-бүлөгө курмандыкка чалынган малдын эти жана азык-түлүк берилди.

1 Август 2020 жыл 17:22

Мугалим: «Аралыктан окутуу мугалимдерди бир топ сыноого салды»

Кыргызстанда пандемияга байланыштуу дээрлик көпчүлүк тармактар иштөө тартибин өзгөрттү. Анын ичинде билим берүү тармагы дагы бар. Белгилүү болгондой окуу жылынын акыркы чейреги аралыктан окуу менен аяктады. Күтүлбөгөн мындай окуу тартиби …

1 Август 2020 жыл 17:11

Тосмо арыз-аргасыздык жана коркунуч

    Баетов: Билимдүү уул-кыз коомду бирдей өнүктүрөт Барчын Мамытбекова сүрөт интернеттен алынды 

29 Июль 2020 жыл 16:46

Ак-Талаалык окуучу өлкө Президентинин сыйлыгына татыды

Ак -Талаа районунун Э.Мейманов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Алмазбекова Сезим Президенттин кабыл алуусунда болуп, мактоо баракчасы, ноутбук жана акчалай белектер менен сыйланды. Сыйлоо салтанаты Ала-Арча резиденциясында болду.

28 Июль 2020 жыл 22:46

Ак-Талаада алдыңкы окуучулар жана сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ак-Талаа районунда окуу жылын эң жакшы көрсөткүчтөр менен аяктаган, “Алтын тамга” аттестатынын ээлери, республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларды камсыз кылышкан окуучуларга жана аралыктан өткөн ар кандай республикалык …

27 Июль 2020 жыл 23:11

Дарыгерлер айыл тургундарын медициналык кароодон өткөрүп жатышат

Кырдаалга байланыштуу ооруну алдын- алуу максатында Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адистери айылдарга барышып, тургундарды жеринде медициналык кароодон өткөрүп жатышат.

24 Июль 2020 жыл 16:17

Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтын оңдоо иштери жүрүп жатат

Ак-Талаа районунун борбору болгон Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтында жаздан бери курулуш, ондоп-түзөө, жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Аянттагы соода дүкөндөрү бирдей өңдө сырдалып, куурап калган бак-дарактар кыркылып, жөө адамдар үчүн тилкелер …

23 Июль 2020 жыл 23:10

Видео: Ак- Талаада элге дем берген демөөрчүлөр

Учурда Кыргызстандын бардык аймагында ар бир айылда айыл тургундары, айыл аксакалдары, Мекенден сыртта окуп-иштеп жүргөн жаштар пандемияны алдын алууда ар тараптуу жардамдарды көрсөтүшүүдө.

23 Июль 2020 жыл 14:26

Элдин аманаты-элге келип жатат

Бүгүн Ак-Талаа районундагы аймактык ооруканага, күндүзгү дарылоочу жайга жана Жаңы-Талап, Көк-Жар айылдарына экиден, жалпы алты даана кычкылтек концентратору берилди. Аталган каражаттарды Баетов айылдык кеңешинин депутаты Курманбек Абакиров үй-бүлөсүнүн атынан бир …

22 Июль 2020 жыл 22:14

Ак-Талаа районундагы эпидемиологиялык абал-дарыгерлер жетишсиз

Ак-Талаа районунда бүгүнкү күндө COVID-19 илдети менен 61, пневмония менен 43 жаран катталган.

16 Июль 2020 жыл 23:46

Ак-Талаада бүтүрүүчүлөр республикалык тестирлөөдө жогорку упайларды алышты

Орто мектепти бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөө боюнча жыйынтыгы чыкты. Быйыл окуу жылынын бүтүшү менен жалпы республикалык тестирлөөгө Ак-Талаа району боюнча 353 окуучу катышкан. Булардын ичинен 194 окуучу 110дон ашык упай …

16 Июль 2020 жыл 23:34

Билимдүү уул-кыз коомду бирдей өнүктүрөт

  Акыркы кырдаалда элет жериндеги айымдардын түйшүктөрү көбөйдү  Барчын Мамытбекова

14 Июль 2020 жыл 22:57

Күндүзгү дарылоочу жайга бир күндө жүз киши кайрылып жатат

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында медресенин имаратында ачылган күндүзгү дарылоочу жайга кайрылгандар арбын. Ийне сайдыруу же тамчылатма ийне куйдурууга келген ооруган бейтаптардын кезеги узун.

14 Июль 2020 жыл 17:10

Медайымдарга үймө-үй кыдырып ийне саюуга туура келүүдө

Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айыл өкмөтү райондун борборунан 65 чакырым алыстыкта жайгашкан жана эки айылдан турат. Көк-Жар жана Ак-Кыя айылдарында жалпы 400 дөй түтүн, тактап айтканда, эки миңге жакын эл жашайт. …

14 Июль 2020 жыл 11:37

Ак-Талаада жаштар кыйын кырдаалда четте калган жок

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жаштар элге оор кырдаал жаралгандан баштап “Биримдикте жеңебиз” деген ураандын алдына биригишип, “Ак-Талаа районуна медициналык жардам” акциясын башташкан. Атайын жардам үчүн банктык эсеп ачылып, бүгүн эл …

11 Июль 2020 жыл 11:28

Сүрөтбаян: Ак-Талаага келген алгачкы жардамдар

Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ак-Талаа районуна ар кандай жардам берген жарандардын саны арбын. Алардын эн алгачкысы Женя Келгенбаева өз каражатынан 23миң сомго эң зарыл болгон дары-дармек, коргонуучу кийимдер, беткап алып …

10 Июль 2020 жыл 19:05

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...