Нарын районунун Куланак айылынан 3 километр алыс жайгашкан “Он сарай” аймагында жалпы 15 түтүн эл жашайт. Сарайдан мектепке сапар тарткан 17 окуучу бар. Окуучулардын аталары кезектешип мектепке жеткирсе, кээде балдар …
Нарын районунун Куланак айылында көркөм- өнөр маданиятынын өсүшүнө салым кошуп, унутулуп бара жаткан ырларга жан киргизүү максатында 2018-жылы 12 адамдан турган «Шайыр апалар» тобу түзүлүп, азыркы күнгө чейин маданиятка салым …
Нарын районунун Куланак айылында кышында муз аянтчасын ачылышын айыл эли чыдамсыздык менен күтүшөт. Быйылкы жылы биринчилерден болуп Болдубек Айдарбеков айыл элинин, жаштардын ойноосуна шарт түзүп берди.
Нарын облусундагы Учкун айылдык Эшбай Токсобаев орто мектебинде «Мыкты мугалими- 2021» конкурсу өткөрүлдү. Аталган сынакка мектептин 13 мугалими катышты. Жыйынтыгында баш байгени башталгыч класстын мугалими Гүлшара Жакишова жеңип алган.
“Санарип аймак” долбоорунун алкагында Ак-Талаа райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү жарандардын аты-жөнүн санариптештирүү иштерин жүргүзүүдө. Райондун аймагындагы айыл өкмөттөргө бул боюнча маалыматтар берилип, паспорт алуу үчүн жарандар алгач аталган …
“2020-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын” алкагында Ак-Талаа районунун аймагындагы калктуу конуштардын социалдык-экономикалык абалын көтөрүү максатында, айыл өкмөттөр жана мекеме-ишканалардын ортосунда «Мыкты айыл өкмөтү», «Мыкты мекеме» …
1-февраль Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү. Бул дата 2014-жылдан бери белгиленип келет. Жоолк күнү деп белгилөө идеясын Нью-Йорктун тургуну Назма Хан сунуштап, жоолук салынбаган дос, тааныштарын 1 күн аны салынып көрүүгө …
Нарын районундагы Учкун айылында айылдык активист жарандардын демилгеси менен лотерея ойнотулду. Лотереяга катышууга билеттин баасы 2500 сомду түзүп, жалпы 150 адам катышты.
Нарын районунун Учкун айылында бүгүн 29-янбарда “Учкун” жамааттык мультимедиа борборунда журналистика тармагына кызыккан жаш волонтёрлор үчүн тренинг өтүлдү. Тренингдин максаты жаш журналистерге макала жазуу жана сүрөт, видеону туура тартууну үйрөтүү …
КРнын “Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине ылайык эгерде жаран фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү кааласа бул иш аракет тууралуу мурда жүргүзүлгөн жарандык абал актыларындагы жазууларга өзгөртүү киргизилет. Ал …
Бөрү карагат — Кыргызстандын бардык райондорунда өскөн жапайы бадал өсүмдүк. Ал таштуу жерде, тоонун эңкейиш боорлорунда, ийне жалбырактуу токойлордун арасында өсөт. Анын дарылык касиети изилденип, көпчүлүк дарылардын составына кошулат.
Кошой – Коргон – Ат-башы жергесинде 7 кылым мурун пайда болгон байыркы тарыхый эстелик болуп эсептелет. Бул тарыхый эстеликтин тарыхын, ар кандай табылгаларын сактап калуу максатында «Кошой-Коргон» музейи 2007-жылы курулган. …
Өткөн 2020-жылдын ноябрь айында, Ат-Башы районунун башчысы Нурбек Сатаров бир катар делегаттары менен Өзбекстан өлкөсүнүн Фергана өрөөнүнө расмий иш сапары менен барып келген. Ал иш сапарда эки райондун достук протоколуна …
Кочкор районунун Кара-Суу айылында таштанды төгүүчү жай айылга жакын жайгашкан. Айыл тургундары көп убакыттан бери нааразычылыгын билдирип келишет. Себеби, желим баштыктар учуп, малдын терилери, тарптар баары ушул жерге төгүлөт. Бул …
Кочкор районунун Кара-Суу айылынын Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде этно стилиндеги парк курулду. Бул паркта тарыхый балбал таштар, ата- бабалар колдонуп келген таш буюмдары коюлуп, тегереги корулган.
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында пандемия учурунда илдетке каршы турууда айыл тургундары көптөгөн жардамдарды беришти. Алардын арасында айылдык жаштар уюму, жаш курагы бирдей айыл тургундары, медайымдар, мугалимдер, ишкерлер …
2020-жылдын 19-августунда UNESСO, тарабынан өткөрүлгөн республикалык конкурста Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин орус тили мугалими Зарина Джумабекова жеңүүчү болуп аныкталды.
Пандемия башталгандан бери окутуу жана мугалимдердин кагаздары онлайн форматка өтө баштады. Электрондук күндөлүк 2020-жылдын күз айларынан баштап колдонууга берилген. Бирок бул күндөлүк элеттик окуучуларга жана ата-энелерге ыңгайсыздыктарды да жаратып жатканы …
Кочкор районунун Төлөк айылында 2017-жылы курулуп башталган спорт зал бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй турат. Спортзалдын жоктугунан мектеп окуучулары дене тарбия сабагын эшикте өткөрүүгө мажбур. Ошондой эле айылда спорт менен машыгууга …
Кочкор-Эпкин альтернативдик жолун оңдоодо, жер алдынан археологиялык табылгалар табылган. Табылгалар Кочкор районундагы Ак-Бел, Тармал-Саз, тилкесинен жана Бакечал бурулушунан табылган. Альтернативдик жол 3кө бөлүнөт. Эпкин-Балыкчы, Эпкин-Дыйкан, Эпкин-Жалал-Абад.