Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Нарын облусу

Ак- Талаада адам укуктары боюнча даректүү тасмалар көрсөтүлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 14-марттан 17-мартка чейин окуучуларга жана ата-энелерге “Бир дүйнө-Кыргызстан-2017” ХI эл аралык фестивалынын алкагында адам укуктары боюнча боюнча даректүү тасмалар көрсөтүлүүдө.

14 Март 2018 жыл 19:49

Токсобаев мектебинин окуучулары Кытайга окууга жолдомо алышты

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин окуучулары Кытайга окуганга жолдомо алышты. Алар 27-февралда Нарын шаарына барып тест тапшырып жана дил баян жазып, көп упай топтоо менен окууга өтүштү. 

6 Март 2018 жыл 18:09

Акталаалык окуучу дүйнөлүк олимпиадага катышат

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Канатбек уулу Дастан 9-10-11-март күндөрү Сингапурда өтүүчү менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадага Кыргызстандын катышат.

6 Март 2018 жыл 17:16

Жаңы шайланган аким Учкун айылына келди

Бүгүн Нарын районуна караштуу Учкун айылына жаңы шайланган акими Семетей Черикбаев келип, айыл тургундары менен таанышып, айылдын көйгөйлүү  маселелерин угуп, убада берип кетти. Аталаган чогулушта эң маанилүүлү көйгөй болуп таза …

27 Февраль 2018 жыл 16:15

Учкун: Айыл үчүн ак кызмат кылган атуул

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы «Жаштар уюмунун» мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты Рысбек Үсөнов айылдын өнүгүүсүнө көптөгөн салымын кошуп, активдүү тургундарынын бири.

27 Февраль 2018 жыл 15:24

Талантты да багыш керек

Нарын районунун Куланак айылынын тургуну Жылдыз Абдыразакова көп кырдуу таланттын ээси. Ыр жазуу, кийиз, жүндөрдү иштетүү, курак куроо менен алектенет.

25 Февраль 2018 жыл 13:25

Мамыткан Иманалиев мектебинде «Желе» интеллектуалдык сабагы өткөрүлдү

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев орто мектебинде «Желе» интеллектуалдык сабагы өткөрүлдү. Ал сабакка 8-9-10-11-класстын окуучулары катышты.

24 Февраль 2018 жыл 23:55

Мамыткан Иманалиев орто мектебинде Мекенди коргоо күнү белгиленди

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинде 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата концерт өткөрүлдү. Бул концерт кыздар уюму тарабынан коюлган.

24 Февраль 2018 жыл 23:45

Кызыл-Жылдыз айылында жеке ишкер тоок фермасын иштетип баштады

  Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы жеке ишкер Урмат Табышовдун тоок фермасы иштеп жатат.

24 Февраль 2018 жыл 23:16

Эшбай Токсобаевдин өмүр чыгармачылыгы КТРК каналында көрсөтүлдү

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебине КТРК нын кабарчылары 28-декабрь айында Эшбай ата жөнүндө жаңылык жазып кетишкен. Бул жазылган маалымат «КТРК» жана «Маданият» каналында жарык көргөн.

24 Февраль 2018 жыл 17:45

Менталдык арифметика боюнча окуучулардын алгачкы олимпиадасы болду

Нарын районунун Куланак айылында окуучулардын жана ата-энелердин каалоосу менен мектепке менталдык арифметика боюнча ийрим ачылган. Окуп жаткан окуучулардын алгачкы олимпиадасы Аралбаев мектебинде 16-февралда болуп өттү.

24 Февраль 2018 жыл 13:40

Куланакта «Бар бол жоокер»сынагы өткөрүлдү

Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата «Бар бол жоокер»аттуу сынак өткөрүлдү. Сынакка 9-10 жана 11-класстан төрттөн окуучу бала катышышты.

24 Февраль 2018 жыл 12:47

Учкун айылындагы эски мектеп жылыбай жатат

Нарын районуна караштуу Учкун айылында башталгыч класстар окуган эски мектеп жакшы жылыбай, окуучулар кышкы кийим менен отурушат. Мектептин жылуулук системасын камсыз кылган көмүр 2017-жылдын 8-августунда 59 тонна келип түшкөн болсо, …

24 Февраль 2018 жыл 12:10

Учкун айылына  КЕДР маркасындагы жаны техника келди

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Азатбек Мукулов жаңы карагай тилүүчү шайман алып келди. Анын өзгөчөлүгү колдонууга жеңил жана сапаты мыкты экенин айтты. Карагай тилгичти мындан бир жыл мурун Ысык-Көл …

20 Февраль 2018 жыл 18:08

Окуучулар Афган ардагерлери менен жолугушту

Мындан 29 жыл мурда 5-февраль күнү Афган жергесинен акыркы советтик жоокер чыгарылып кеткен. Ошондон бери бул дата өлкөбүздө Афган согушуна катышкан  ардагерлер күнү катары белгиленип келет. Мына ушул күнгө байланыштуу Ак-Талаа …

20 Февраль 2018 жыл 16:15

«Билерман ордодо» билимдүүлөр таймашты

Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинде “Билерман  ордо” интеллектуалдык таймаш болуп, анда билимдүү окуучулардын “Көрүүчүлөр”  жана “Биримдик” командалары билимдерин сынашты. Таймаштын жүрүшүндө эки команда тең өздөрүнүн артыкчылыктарын көрсөтүүгө аракет …

20 Февраль 2018 жыл 16:04

Мамыткан Иманалиев орто мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү

  Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектепте 14-февраль күнү «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Бул таймаш өрөөндүк деңгээлде болуп, 8 айылдын мектептеринен келген окуучулар катышты. 

15 Февраль 2018 жыл 22:52

Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун

Бүгүн, 15-февралда, 2015-жылы террористтер менен кармашып, баатырларча курман болгон Төлөбек Исмаиловдун наамына таандык музейдин ачылыш аземи болду. Иш-чарага айыл тургундары, кесиптештери, бир туугандары, ишки-иштер министрликтен жана райондук администрациядан келген өкүлдөр …

15 Февраль 2018 жыл 16:16

Өрөөндүк «Манас таануу» таймашына окуучулар даярдык көрүүдө

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев орто мектебинин 8-9-10-класстын окуучулары «Манас таануу» таймашына даярданып жатышат. Бул сынакка 7 айылдын мектептеринин окуучулары катышат.

13 Февраль 2018 жыл 22:48

Интерактивдүү доска мектепке жеңилдик алып келүүдө

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебине мугалимдердин сабак өтүүсүнө жеңилдик алып келүүчү интерактивдүү доска алынып келинди. Жалпысынан 70 000 сом акча каражаты сарпталган. 

13 Февраль 2018 жыл 15:08

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...