Ак-Талаа районуна караштуу Баевтов айылындагы Бейшеналиев орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата жаш мугалимдер арасында “Билерман ордо” мелдеши өттү.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Ардактуу уулу кыргыздын, даңктайлы бүгүн Чыңгызын” аттуу иш-чаралар уюштурулду.
Нарын районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы маданият үйүндө 8-декабрь күнү айыл өкмөтү тарабынан 3-декабрь “Майыптар күнүнө» карата “Жашоодо болсун кубаныч” деген темада чакан иш-чара өткөзүлүп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга материалдык жардамдар көрсөтүлдү.
Ак-Талаа районундагы Байымбет орто мектебинде кайрымдуулук кылуу боюнча жарыяланган декада жыйынтыкталды. Анын алкагында класстык сааттар, линейка акциялар, ата-энелер менен бирге спорттук мелдеш, флешмоб өткөрүлүп, кабинеттерге жана китепканага бурч уюштурулду.
Нарын районундагы Куланак айылында жашап жаткан памирлик кыргыздарга Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими Жыргалбек Ашымбаев баштаган тогуз айыл өкмөт өкүлдөрү 6-декабрь күнү келип, жолугушуп, гуманитардык жардамдарын берип кетишти.
Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрынан тарта Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү орто мектептер аккредитациядан өтө баштайт. Мектептер белгиленген баскыч менен өткөрүлөт.
Белгилүү комузчу, обончу Нурак Абдырахмановдун 70 жылдыгына карата күүлөрүн жана ырларын аткаруу боюнча 35 жашка чейинки атуулдар арасында республикалык сынак болуп өттү. Ага Ак-Талаа районундагы Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык …
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган декада жыйынтыкталды.
Ак-Талаада 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДГе каршы күрөшүү күнүнө карата дубал гезиттер сынагы, 10-11-класстын окуучулары арасында веложарыш жана Бейшеналиев мектебинин окуучу кыздары даярдаган флешмоб өттү.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Шакен Аракеева өмүрүнүн 45 жылын балдарга билим берүүгө арнаган. Жолдошу Мукаш Балтабаев да учурунда мугалим, мектеп жетекчиси болуп эмгектенген. Шакен эже жакында Бейшеналиев атындагы орто …
Ушул жылдын 22-ноябрында Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылынындагы Иманалиев орто мектепте 6-класстар арасында «Спорт — ден соолуктун булагы» деген темада эстафета оюну болуп өттү. Ал эстафетага окучулар жана ата-энелер катышышты.
Ушул жылдын 17-ноябрь күнү Бишкекте болгон “Эл алдында келет ырдагым” долбоорунун алкагында түзүлгөн “Аккардеончу айымдар” тобунун концертине М. Иманалиев атындагы орто мектептин музыка сабагынын мугалими Назгүл Эсенгулова катышып келди.
Учурда Нарын районундагы Куланак айылында жашап жатышкан памирлик кыргыздар Ак-Талаа районунда болушту.
Нарын районунун Жерге-Тал айылынын дарыгерлер тобуна «Азыркы учурда кандай оорулар пайда болууда, себеби эмнеде?» деген суроо менен кайрылдык.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын каналынан саркынды суу чыккандыгы үчүн каналдын 100 метр жери эксперимент катары бетондолуп жатат.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Бейшеналиев орто мектебинде 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүш, Улуу Октябрь революциясынын 100 жылдыгына, саясий репрессиянын 80 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү.
Ак-Талаа районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Ал маданият үйүндө өтүп, салтанаттуу иш чарага маданият кызматкерлери менен бирге мекеме жетекчилери, айыл тургундары катышты.
Нарын районунун Куланак айылына көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар 24-октябрь күнү келип жайгашышкан. Учурда аларга ар тараптан жардамдар көрсөтүлүүдө.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы мечитти оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Аны “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” каржылаган.
Баетовдо окуучулардын арасында “Мен Мекендин коргоочусу болом” аттуу аскердик мелдеш болуп өттү. Ага К.Молдобасанов, Э.Карасартов жана Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары катышты.