Нарын районунун Учкун жана Куланак айылдарында кароосуз иттерди тазалоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 2017-жылга 20 000 сом бөлүнгөн. Рейд эки күн жүрүп 118 ит жок кылынды.
Нарын районунун Куланак айылынын ооруканасына көбүнчө сасык тумоо оорусу менен жабыркагандар кайрылууда. Бул оору менен ооругандар чоң адамдар менен кичинекей балдардын арасында бирдей болуп жатат.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев орто мектебинде мектептин деңгээлин жакшыртуу жана демилгелүү топ түзүү боюнча семинар болуп өттү. Бул семинарды Нурлан Абдразаков аттуу адис уюштурган.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев орто мектебинин 11-класстын окуучуларына Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенти Алтынбек Таалайбек уулу университеттин шарттарын тааныштырып кетти.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында кыш мезгили жылдагыга караганда быйыл жылуу. Кыштын кереметтүү көрүнүштөрүн сүрөт баян менен сунуштайбыз.
Нарын районунун Учкун айылындагы Эшпай Токсобаев мектебинин биология мугалими Назгүл Апилова “Марал” радиосу интернет аркылуу жүргүзгөн тандоодо «Жаңычыл мугалим» наамына ээ болду.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургундарына айылдык дарыгерлер тобу кызамык оорусу жугуштуу болуп жаткандыктан, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында айылдагы көйгөйлүү маселелер боюнча 26-аянварда долбоордук жыйналыш болуп өттү. Жыйналышка Куланак жана Учкун айылынын тургундары катышып, көйгөйлүү маселелерди презентациялап беришти жана эки айыл боюнча жалпы …
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебинин 11—классынын окуучусу Айдай Темирбекова Улуттук тил комиссиясы тарабынан уюштурулган, “Адеп адамдын көркү” аталышындагы конкурста республикадан дил баяны 16 эң мыкты дил баяндын катарына …
Нарын районуна караштуу Учкун айылында төрт жылдан бери жалгыз дарыкана иштейт. Жаңы коюлган контейнердин ичи дары-дармектердин коюлушуна тардык кылып келет.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Мээрим Кожомкулова кичине кезинен бери комуз өнөрүнө кызыгып, учурда комуз ийримин ачууну пландап жатат. Бардык ырларды комуз менен ырдаган эже менен маек курууну чечтик.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Көчөрбаев Ислам 2017-жылы республикалык “Эрежесиз эр таймаш” мелдешине катышып, ийгиликтүү орунду камсыз кылып келди. Эл аралык таймашка 23-февраль күнү Өзбекстан мамлекетине сапар алат.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы балдар бош убактысын асман алдында муз тээп жана башка көптөгөн кызыктуу оюндар менен өткөрүшөт.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университетинин теле-коммуникация факультетинин студенти Бекназар Арыкбаев курстук ишин тартып жатат.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде мугалимдер арасында волейбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдешти мугалимдер уюштуруп, 8 команда оюн көрсөттү.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында малдарды дарылоо жана идентификациялоо жүрүп жатат.
Нарын райондук предметтер аралык олимпиада 2017-жылдын 25- декабрында Жергетал айылынын Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинде өткөрүлдү. Жалпысынан 32 мектеп катышышты. Алардын ичинен татыктуулары орундарга ээ болушту.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде окуучулар арасында предметтик олимпиаданын 2-туру өтүүдө. Ага өрөөндөрдө өткөрүлгөн олимпиаданын 1-турунан алдыңкы орунду жеңип алган 120 окуучу катышууда.
Нарын районуна караштуу Куланак айылында 17-ноябрь күнү этнофестиваль болуп өттү. Бул фестивалга памирлик кыргыздар да катышышты.
Ак-Талаа районундагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин “Аян” командасы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракесине карата өткөн “Манас таануу” интеллектуалдык таймашында 3-орунду алды. Таймашка Ысык-Көл жана Нарын облустарынан жалпы 15 команда …