Жакында Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл аймагынын жашоочулары Баткен-Тажик кагылышуусунда жабыркаган үй-бүлөлөргө 60 миң сом акчалай жардам беришкен.
Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Токтоян айылынын жашоочулары айылдагы таштандыларды теришти. Аларды чогултуп каптарга өз өзүнчө бөлүп кайра иштетүүчү фабрикаларга өткөрүштү.
Төлөк айылында «Балдарды коргоо күнүнө» карата бөбөктөргө акчалай жардам көрсөтүлүп, бекер бал муздактар таратылды.
Ак-Талаа раонундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Кайын айылынын 20жылдык бүтүрүүчүлөрү демөөрчүлүк кылышып, Турдалы Жамакеев (Ак койчу) көчөсүнө 20 көчө чырак коюп беришти.
Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылында тургундар үчүн “Кален бак” маданий эс алуу жай ачуу аракеттери башталды. Аталган аймактын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Учугенованын айтканына караганда айылда атайын эс алуу жай жок. …
1-июнь «Балдарды коргоо” күнүнө карата Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Садык-Ата балдар бакчасынын тарбиялануучуларына “Жакшылык” коомдук фонду тарабынан атайын белектер тапшырылды. Белектер бөбөктөрдүн жаш өзгөчөлүгүнө жараша даярдалган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык Кыргызстанда 1,6 млн жаштар (жаш курагы 14-28) жашайт. Алардын 30% шаарларда, ал эми 70% айыл жергесинде отурукташкан. Могол айыл өкмөтүндөгү жаштардын активдүүлүгү кандай? Мамлекттик деңгээлде …
Кыргызстанда 1-июнь кичинекей жарандарыбызды, балдарды коргоо күнү — дүйнө коомчулугу менен биргеликте өткөн кылымдын 50-жылдарынан бери белгиленип келе жатат. Бул күн — балдар дайыма ата-эненин жана мамлекеттин камкордугу менен коргоосуна …
Ош облусунун Кеңеш айыл аймагынын Ак-Терек айылында ичүүчү сууну сактоочу жай курулууда. Бул суу сактоочу жайга кеткен материалдар үчүн айыл өкмөт тарабынан 35 миң сом акча каражаты бөлүндү. Ал эми …
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Чатыр-Көл кинотеатрында «Көйкашка» уюму тарабынан уюштурулган «Жылдын мыктылары» аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.
Жергиликтүү кеңештин компетенциясына кандай маселелер киргизилген? Бул суроого Сары-Булуң айыл аймагынын депутаттары жана эксперттер «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында жооп берди. Толугураак бул аудио сюжеттен угуңуз:
Сары-Булуң айыл өкмөтүндө 2020-жылдын июнь айларында кѳпүрѳнү толугу менен сел алып кеткен. Кара-Суу айылынын Карамырза, Булуң аймактарынын эли кѳпүрѳ жоктугунан каттамсыз калган. Учурда жаңы курулган көпүрө бүткөрүлүп, ачылыш аземи болду. …
29-майда Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен мектебинде «Көөнөрбөс Мурас» коомдук уюму тарабынан уюштурулган жаратылышты коргоо багытында иш-чара өткөрүлдү.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин 2 окуучусу Нарын облусунда уюшулган Билим кербенинде алдыңкы орундарды алып, бир катар сыйлыктарга ээ болушту.
Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде дебаттык турнир болуп өттү. Турнирге жалпысынан 70 катышуучу катышып, орус жана кыргыз тилдүү командалар оюн көрсөттү.
Кыргызстанда 24-марттан бери коронавируска каршы эмдөө жүрүүдө. Биринчилерден болуп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген. Алды менен медицина кызматкерлери, мугалимдер, милиция кызматкерлери, чек арада, аба майданда, санитардык-көзөмөл бекеттеринде иштеген кызматкерлер …
Вакцина сизди жана айланадагылардын ден- соолугун коргойт. COVID- 19 каршы эмдөө инфекциянын алдын- алуудагы эффективдүү чара.
Сокулук районуна караштуу Жал айылынын «Достук» мультимедиа борборунун волонтерлору айылдын карыларынын ден- соолугу боюнча кабар алышты.
Коронавирус учурунда Нарын районуна караштуу Учкун айылынын айымдары аймактын социалдык жана коомдук жашоосуна активдүү катышты. Бул тууралуу «Аялдар кеңешинин» төрайымы Майрамкүл Мүдүнова жана Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов билдирди.
Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн 2 китепкана бар. Бири Учкун айылында жайгашса, бири Куланак айылындагы Учкун айыл өкмөтүнүн кеңсесинде жайгашкан. Быйыл китепкана фондун жаңылоого жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом …