Ак-Талаа районунда быйылкы 2020-2021-окуу жылында 11-классты 453, ал эми 9-классты 623 бүтүрүүчү аяктап жатат. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат жана экзамендер болбойт. Ар бир мектептеги экзамендик комиссия жылдык баага …
2021-жылдын 1-июнунан баштап 5-июнуна чейин жергиликтүү тургундар жайлоого көчүп кетүүлөрү керек. Бул токтомдун графиги 9-майда өткөн жергиликтүү тургундардын чогулушунда бекитилди.
Кары- картандар иммунитеттери алсыз болгондуктан COVID-19 вирусун бат жуктуруп алуу коркунучу бар. Суусамыр айылдык ооруканага көбүнчө кары адамдар өздөрүнүн өнөкөт оорулары менен кайрылышат.
Кочкор районун Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинде USAID программасынын негизинде уюштурулган «Окуу керемет» долбоору 1-4-класстардын арасында өткөрүлө баштады. Бул долбоор окуучуларды китеп окууга шыктандырып жатса, мугалимдер жаңы стратегиялар менен иштөөгө …
Могол айыл аймагында май айынан баштап эмдөө башталды. Эмдөөнү элди тейлеген мед кызматкерлер, мугалимдер, балдар бакчалардын кызматкерлери алуусу керек.
Сары-Булун айыл аймагынын айыл тургундарына, 10-11-класстарга «Китеп жан дүйнөнүн азыгы», «Өзүн өнүктүрүү»аталышындагы тренингди айылдык китепканачы менен коомдук активист Медина Эркинбекова менен биргеликте иш- чара өткөрүлдү.
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү кесип тандоого арналган ачык эшиктер күнүндө Азат Доулбеков жетектеген Сот мекемесинде болушту.
Кочкор районундагы Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебиндеги тарыхый этнографиялык музейи 2014-жылы ачылган. Музейди мектептин тарых мугалими Болот Бообек уулу уюштурган. Музейге байыркы кылымга таандык буюмдар жана табылгалар коюлган.
Кочкор районундагы “Кочкор кайрымдуулук коомдук бирикмесинин” жетекчиси Эстен Тойтоев “Баткенге жардам” аттуу акцияны демилгелеп, уюштуруу иштерин жүргүздү.
2021-жылдын февраль айынан тарта Алмазбек Аситов “Кочкор Тазалык” ишканасынын директорлук ишин аткарып баштаган.
Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин химия мугалими Нурила Турганбаева аталган мектепте 49 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Анын даярдаган окуучулары жыл сайын Республикалык олимпиадада байгелүү орундарды …
Чебер подкастында Кочкор районундагы кол өнөрчүлөр менен маекти сунуштайт. Биринчи чыгарылышта Кара-Суу айылынын тургуну кол өнөрчү Айнагүл апанын ишмердүүлүгү менен таанышабыз. Даяна Турусбекова Фарида Шарыпжанова
Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн жайыт жерлери деградацияга учуроодо. Адистер жайыттардын кайра калыбына келиши үчүн көп убакыт керек дешет. Бирок жайыт пайдалуунчулардын кайдыгер мамилеси абалды начарлатууда.
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылы тууралуу сүрөтбаянды сунуштайбыз.
Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында 2021-жылга карата коронавирус оорусу менен катталгандар жок. №9 үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунда абал туруктуу, айылдык ФАПтар керектүү дары-дармек, аппараттар менен камсыз кылынган.
Казан-Куйган айыл аймагында учурда эпидемиологиялык абал туруктуу болууда. Азырынча коронавирус жуктуруп алгандар жок болгондуктан, мектептерде окуу процесси токтотулган жок.
Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарына мандаттары тапшырылды. Жергиликтүү кеңештин депутаттары кимдер? Мандат алган жаңы депутаттар менен алдыда таанышыңыз. Азимжан Мырзаев: «Мен Базар-Коргон районунун шайлоо комиссиясынын ыкчам топ …
Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер шайланып, мандат алган учурдан тарта жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна ээ болот. Депутаттын кандай укуктары бар жана ал айыл өкмөт башчысынын чечимдерин жараксыз деп таба алабы? Бул …
Жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн чыгашаларын текшере алышабы? Бул суроо менен Могол айыл аймагынын депутаттарына кайрылдык. Алардын пикирин «Ачык өкмөт» уктуруусунан угуңуз. «Биз жергиликтүү кеңештин депутаттары экономикалык өнүгүү планына киргизген …
Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанга кайтарымсыз негизде, гуманитардык жардам иретинде Кытай Эл Республикасынан коронавируска каршы вакцинанын 150 миң дозасы келген. Учурда өлкөдө вакцина алуу процедурасы жүрүүдө.