Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебине айыл имамдары келип, «Ыйман, адеп, маданият» жылына карата чогулуш өткөрүштү. Чогулушка 5-11-класстын окуучулар катышты.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылында жайгашкан “Байчечекей” балдар бакчасында быйыл жылуулук кандай? Бакчага күнүнө канча көмүр жагылат? Бул туурасында билип көрүү үчүн бакчанын директору менен маек курдук.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтү жыл жыйынтыгын чыгарды. Айыл аймагында эмне иштер аткарылды, кандай пландар коюлуп жатканы боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкери менен маек курдук.
Радиомост үналгысында ар жума күндөрү чыккан “Айымдар сааты” программасынын бул жолку коногу Талас шаарындагы наабайкананын жетекчиси Майрам Турсунова болду. Ал наабакананы 15 жылдан бери иштетип келет.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургундары Канат жана Канимет Мурзашевдер меш, буу менен үй жылыткыч, душ кабинасы сыяктуу турмуш-тиричилик буюмдарын жасашат. Бир туугандар техника багытында жогорку билимге ээ.
Базар-Коргон районундагы Атабекова орто мектебинде районго караштуу мектептердин мугалимдери «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында окутуудан өтүштү. Ага Ооган-Талаадагы мугалимдер да барып катышып келишкен.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Мамат Ата көчөсүнө таза суу чыгарылды. Буга чейин тургундар кудуктан суу ташып ичишчү.
Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында жайгашкан Ажиев атындагы клубда биринчи жолу кенже кызматкерлерге арналган атайын иш чара болуп өттү. Ага Баетов айыл аймагына караштуу бала бакча, мектеп, балдар билим борбору, тазалык жана …
Учурда Талас шаарында сасык тумоонун күч алышы туруктуу эмес аба ырайына байланыштуу болуп жатат. Муну биз жеңил абал катары кабыл алганыбыз менен, натыйжасы аянычтуу болуп калышы толук мүмкүн.
Рабочую атмосферу, звуки принтеров и очереди в операционных отделах, вот такую картину я встретила при входе в банк.
Кыргызстандын жаңы дайындалган билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева 20-январда Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин мугалимдери менен жолугушту. Нарын өрөөнүндө суук катуу болгондуктан, мындан ары окуу улантылабы-жокпу …
Келдибек Исмаилов Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылынын тургуну. Сегиз жылдан бери карышкыр атып келет. Кышкысын ачка болгондо карышкыр айыл четине чейин келип, кол салары баарыбызга белгилүү.
2016-жылы кыш айларында жааган кардын калыңдыгы 1 метрге жетет. Быйыл абанын температурасы -40 градуска жетип жаткандыгына байланыштуу, балдар каалашынча муз тебе алышкан жок.
Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева Нарын облусундагы мектептептрди кыдырып, анын ичинде Учкундагы Эшбай Токсобаев мектебине да келди. Анын иш сапарынын жыйынтыгында Нарында суук катуу болгондуктан каникулду кайрадан узартуу же …
Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысын 2017-жылдын 25-январында шайланат. Бул боюнча айылдык кеңештин төрагасы Орозбек Көксариев менен маек курдук.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде мектептер аралык волейбол мелдеши болуп өттү. Ага Кеңеш айыл аймагынан беш мектептин окуучулары катышты.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында таштанды таштоочу урналар жок. Урналардын жоктугунан улам айыл тургундары таштандыны сайларга ыргытууда.
Нарын районунун Куланак айылында быйыл кыш мезгили өтө катуу болуп, абанын температурасы -40 градуска чейин жетти. Кычыраган кышта айыл элинин турмушу кандай өтүп жаткандыгы тууралуу материалыбызды сунуштайбыз.
Тариэл Мамбетибраимов Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын кичинекей тургуну. Ал азыр болгону 11 жашта экенине карабастан өз алдынча кичинекей машина жасаганга жетишкен.
Акбакай жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы кыш мезгилин сүрөткө түшүргөн.