Баетов айылынын 86 жаштагы тургуну Мамбеталиева Бегимбү 4-октябрда өтүүчү шайлоого барам дейт. Өмүр бою дүкөнчү болуп иштеп, учурда ардактуу эс алууда отурган Бегимбү апа акыл-насаатын айтып, чөбөрөлөрүн эркелетип, небере уул-келиндин …
24-сентябрда Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылындагы «Медресе» мечитинде Айт намазы окулду. Мечитке намаз окуганы баргандардын саны алты жүзгө жетти.
Тасмада Курман айт майрамдалууда. Айыл тургундары Курман айтты жана Орозо айтты кыргыздардын чыныгы майрамы деп эсептегендиктен бул майрамды өтө жакшы маанайда майрамдашаарын билдиришти.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы мектепте немец тили менен катар англис тили сабагы да 40 жылдан бери окутулуп келген. Акыркы убактарда предметтик олимпядалардан немец тилинин алынып салынганынан …
Бакай-Ата айылында саат 8:00 до Курман айт намаз окулду. Айт намазга Бакай-Ата, Үч-Эмчек жана Намат айылынан келген 300 дөй адам катышты. Курман айт орозо айттан кийин 70 күндөн кайталанып келет. …
Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Мүлкүбат атындагы орто мектебинде кыргыз тили майрамы 23-сентябрь күнү белгиленди. Майрамда буга чейин жарыяланган кыргыз тили жөнүндө көркөм окуу, дил баян жазуу, сүрөт тартуу, долбоор жактоо сыяктуу …
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы Пушкин орто мектебинде азырынча бирдиктүү мектеп формасы катары окуучуларга үстүңкү бөлүгү ак көйнөк, ал эми астыңкы бөлүгү кара түстө болушу керек деп бекитилген.
Кара-Суу орто мектебиндеги жана «Ботокөз булак» бала бакчасындагы ички дааратканалардын кантип салынып жатканы тууралуу айтып бермекчибиз. Кененирээк маалыматты бакчанын жетекчиси Айша Сайдиновнадан алсак. — «Ботокөз булак» бала бакчасынын иштеп жатканына …
Кара-Суу орто мектебинин спорт залында 18-сентябрда райондун айылдык ден-соолук комиттеринин ортосунда волейбол боюнча мелдеши болду. Аны Жайыл районунун ден-соолук кабинети уюштурган.
Жусуп уста Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагынын Арык-Тейит айылынын тургуну. Ал камчы, жүгөн жана башка ат жабдыктарын жасайт.
Түп районунун Тасма айылында малга тоют, буудай, арпа, чөптөрдү жыйноо иштери аяктады. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу эгин жакшы болду дешет айыл тургундары.
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагынын Ак-Чал айылындагы аксакалдар кеңеши маркумдун жылдыгын өткөрүү үчүн кеткен чыгымды азайтууну демилгелеп чыгышкан.
Мамлекет тарабынан бейтаптарга жеңилдиктер корүлүп жатат.
Кыргыз ресбупликасынын Аксы өрөнүнө Падыша деген Казакыстандык баатыр инсандын сөөгү коюлган.
Быйылкы жылы Барскоон айылында алма-алмурут жыйноо мезгили башталды. Айыл тургундары жана мектеп окуучулары жемиш терип иштешүүдө.
Шайлоо жакындаган сайын депутаттыка талапкерлер түшүндүрүү иштери менен алек.Мындай түшүндүрүү иштери менен 15-сентябрда Барскоон айылына Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Талант Узакбаев, Темирбек Курманбеков да келип кетишти.
Айылыбыздын эң кары тургуну Калдаркан Дөлдөева 1918-жылдын 17-апрелинде Моголайыл өкмөтүнө караштуу Чарбак айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 13 жашында турмушка чыккан.
Тургундар Ооган-Талаа – Базар-Коргон маршруттук таксиси ачылсаайылдыктарга бир топ жеңил болоорун айтышат. Айыл өкмөтү айылга маршрут каттоосун ачса болоорун, бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүп көрөөрүн билдирди.
Ооган-Талаа айылынын тургуну Бактыкан Раманова ууз чебер. Ал саймалардын ондон ашык түрүн билет.
Быйыл Терек-Сууда күн ысып, кургакчыл болгонуна байланыштуу картошканын түшүмү аз болду. Мындан улам көптөгөн дыйкандар мээнети акталбай калгандыгын айтышты.