Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Токтояндын жаңы конушу таза суу менен камсыздалды

Айылдагы конуш эли мурда сууну жер алдынан алып кыйналган болсо, эми азыр ыңгайлуу шартта суу чоргосунан ала башташты

18 Сентябрь 2014 жыл 17:43

Терек-Суу айылында таза суу маселеси курч болууда

Терек-Суу айылында сегиз миңге жакын калк жашаса, анын басымдуу бөлүгү таза  эмес суу ичишет жана бул көйгөй көптөн бери чечилбей келет.       таза суу_подкаст

17 Сентябрь 2014 жыл 22:55

Терек-Суу айылында электрондук китепкана өз ишин баштады

Кетмен-Дөбө айыл аймагында караштуу Терек-суу жана Чон-арык айылдарында ПРООНдун ак-ниет башкаруунунун илгерилетүү долбоорунун негизинде электрондук китепкана ачылды.

17 Сентябрь 2014 жыл 22:38

Учкундун көйгөйү болгон көпүрө оңдолду

Көпүрөнү оңдоо үчүн өкмөттөн 13 миң сом каражат бөлүнгөн. Аны оңдоого айыл тургундары Төрөгелди Баялиев жана Жеңишбек Шүгүралиев жардам берген.

17 Сентябрь 2014 жыл 22:26

Учкундагы сейил бакта дарактар сугарылбай кургап баратат

Абдылбаев Жумагул агай конушунда быйыл 500 түп тал жана 500 түп терек айдалган эле. Учурда алардын тең жарымы куурап калган.

17 Сентябрь 2014 жыл 22:12

Учкунда англис тилин өздөштүргүсү келген балдарга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Эми учкундук окуучулардын англис тилин үйрөнүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Анткени Американын Массачусетс штатынан Дениел Джел аттуу англис тили мугалими айылда эмгектенмекчи.

17 Сентябрь 2014 жыл 22:00

Куланак: Жаңы окуу жылына мектеп кандай жетишсиздик жана ийгиликтер менен кирди?

Куланактагы Аралбаев орто мектеби жаңы 2014-2015-окуу жылына кандай кемчилдиктер жана артыкчылыктар менен киргенин билүү үчүн анын директорун сөзгө тарттык.

17 Сентябрь 2014 жыл 21:00

Куланакта кургакчылыктан улам оруп-жыйноо кеч башталды

Нарын районуна караштуу Куланак айылында быйылкы жыл кургакчыл болгон. Ошентсе да кеч башталган оруп-жыйноо иштерине тургундар кызуу киришүүдө.

17 Сентябрь 2014 жыл 20:32

Куланак айылында туура тамактануу боюнча тренинг болуп өттү

Бул тренинг айыл тургундарына өздүк гигиенаны сактоого багыт берди. Мындан ары айыл тургундары  туура тамактанууну өз алдынча алып кете алабыз дешет.

17 Сентябрь 2014 жыл 19:40

Бир баланы мектепке даярдоого 6-7 миң сом кетет

Балдардын мектепке даярдануусу ата-энеге чоң көйгөй жаратат. Ушул жылы мектеп окуучулардын атайын формасын кабыл алуу үчүн сынак өткөрүлгөн эле. Сынактан элдин купулуна толгон улуттук орнаменти бар  кенже, орто жана жогорку …

3 Сентябрь 2014 жыл 16:12

Кулатов жергесинде «Ыкчам келинчек» аттуу сынак болуп өттү

Кулатов жергесинде «Ыкчам  келинчек» аттуу тандоо болуп өттү. Анда айыл аймагына кирген жети айылдан жети келин таймашты.

3 Сентябрь 2014 жыл 1:44

Суусамыр өрөөнүндөгү радиону 103.FM толкунунан угуңуз

Суусамыр FM жамааттык үналгысы Суусамыр өрөөнүндөгү Тунук, 1-Май, Кожомкул, Кайсар жана Суусамыр айылдарында өз радиоуктурууларын сунуштайт. Жергиликтүү жашоочулар айылдагы болуп жаткан жаңылыктарды, кулактандырууларды жамааттан жамаатка жеткирет. Андан тышкары айылдагы социалдык …

2 Сентябрь 2014 жыл 17:17

Кара-Сууда Жайыл районунун акими жер боюнча чогулуш өткөрдү

Августтун аягында Кара-Суу айыл аймагында Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев катышкан чогулуш болуп өттү. 

29 Август 2014 жыл 18:22

Ооган-Талаа: Вино заводунун сезону ачылды

Жумушчулардын айтымында завод 1970- жылдан бери иштеп келет. Техникалар кымбат болгондуктан завод иштеп баштаганда алынып келинген боюнча азырга чейин иштетип келишет. Жумушчулар сезондо гана иштеп, жумуш жок мезгилинде үйүндө болоорун …

29 Август 2014 жыл 15:27

Ооган-Талаа: Мектепке спорт зал курулуу алдында

№17 мектепте спорт зал жоктугунан окуучулар дене тарбия сабынан кыйналышчу. Мектеп директору бул маселени чечүүдө бир топ жылдан бери аракет жасап келген. Жыйынтыгында АРИС программасы 13 миллион бөлүп берип, элден …

28 Август 2014 жыл 17:54

Куланак: Сокеев көчөсүнүн тургундары таза суу жана таштандыга көңүл бурулуусун суранат

Куланак айылындагы Сокеев Шүкүрбек көчөсүнүн жашоочулары эки суу алуучу түтүктүн ортосунда таштанды ыргытылган аңдын тазалап берүүсүн айыл өкмөттөн суранган. Муну айыл башчысы Жетиген Мокеев акча каражаты которулбай жаткандыгы менен түшүндүрдү.

26 Август 2014 жыл 18:44

Аймактардан келген теле кызматкерлер ЖМБлар менен кызматташууну үйрөнүштү

Кыргызстандын коомдук телеберүү корпорациясынын окуу-ресурстук медиакоммуникация борборунда 2014-жылдын 6-10-июль күндөрү “Аймактардагы ишенимдүү окуяларга таянып телесюжеттерди издөө жана түзүү” семинары болуп өттү. Аймактардагы телекомпаниялардын чыгармачыл топтору аймактын өнүгүүсү тууралуу өздөрүнүн телепрограммасын …

22 Август 2014 жыл 11:44

Үч-коргондо жайгашкан Исфайрам дарясынын жээгине эс алуу үчүн чайканалар ачылган +аудио

Исфайрамдын жээгинде жайгашкан чайканалардын шарты жакшы болгондуктан коңушу мамлекеттер Өзбекстан жана Таджикстандан мурда эс алуучулар келип турганын айтат, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн экономисти Марасулов.

25 Июль 2014 жыл 12:08

Токтояндын ФАПында эки медайым элге кызмат көрсөтөт + аудио

image-330.jpg

Түп районуна караштуу Токтоян айылында 400дөй калк жашайт. Аны жергиликтүү фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) эки кызматкери тейлейт.

23 Июль 2014 жыл 18:52

Токтояндын жаш баатыр энеси Жаңыл Асырбаева жөлөк пулга жетпей келет + аудио

Rita_baatyrene_toktoyan_mixdown (2)

Токтояндын 42 жаштагы тургуну Жаңыл Асырбаева мамлекеттен жөлөк пул ала албай келгендигин айтат. Айыл өкмөт кызматкеринин билдиришинче, алардын үй-бүлөдөгү материалдык абалы жакшы, ошондуктан аларга жөлөк пул берилбейт.

16 Июль 2014 жыл 13:14

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...