9-декабрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде кесипти туура тандоо багыты боюнча тренинг болуп өттү.
Сокулук районунун Токбай айылындагы Мария Суранчиева атындагы орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынынын негизинде тартылган “Жамиля» кино тасмасындагы Сейиттин ролун аткарган актёр Насретдин Дубашев менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу «Инсан …
Клара Курбанова Новосибирск шаарына «АнДар» аталышындагы медициналык борборду мындан 8 жыл мурун ачкан. Ал жерде ар улуттун өкүлдөрү иштеп, медицина жактан тынымсыз кызмат кылышат.
Чүй облусунун Сокулук районундагы №43 кесиптик лицейинде тарбия иштери боюнча «Тарбиянын жакшысы — тагдырдын ачкычы» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинар «Нарктуу апалдар» Коомдук бирикмесинин апалары Анаргүл Алымбаева жана Батма Султанбаевалар тарабынан …
11-декабрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» кошуундары уюшулуп, окуучулар мүчөлүкө кабыл алынды. Иш чарага 2-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты.
Сокулук районундагы №43-кесиптик лицейде 25-ноябрдан бери «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы башталган. Аталган иш чара лицейдин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Чынара Алиеванын иш планынын алкагында уюштурулууда. Мындай иш …
«Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Акылай Алмазбекова 9-класстын окуучуларына ишкер айым Наргиза Ибраимова боюнча презентация тартуулады.
Мүмкүнчүлүк көбүнчө биздин билимге, умтулуубуздан жана кесиптик өсүүбүздөн көз каранды болгон дүйнөдө ийгилик окуялары дем берүү булагы болуп калат. Кыздарга дем берүүчү окуялардын бири Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы …
Кочкор районундагы “Чолпон” жамааттык мультимедиа борбору 9-10-11-классынын окуучуларына эки макала боюнча презентация өттү. Ал макалалар “Германия билимдүүлөрдү баалайт” жана “Нөлдөн башталган бизнес” деп аталып, “Соң-Көл” жамааттык мультимедиа тарабынан даярдалган. Анда …
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын айрым көчөлөрүн суу каптады. Кээ бир көчөлөрдүн арыктары даяр болбогондуктан, суу үйлөрдү каптап көйгөй жаратты.
6-декабрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында майыптар күнүнө карата «Биз сени мененбиз» аттуу иш чара болуп өттү.
Тогуз -Торо ФМ радиосунун ыктыярчы-кабарчылары менен райондогу журналисттердин тилектештигин бекемдөө максатында Саймалуу -Таш мамлекеттик жаратылыш паркында экскурсия уюштурулду. Аймактагы активист айым Бактыгул Турдукожоеванын Саймалуу -Ташты даңазалап чыгарган ырын аймактагы кабарчылар видео …
Кочкор айылында 6-декабрь күнү «Чолпон» кинотеатрынын чоң залында Кочкор районунун жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларынын катышуусунда «Баарыбыз коррупцияга каршыбыз» аттуу райондук иш чара- өттү.
2023-жылдын 6-декабрында Ч. Айтматов атындагы Ивановка №1 мектеп-гимназиясында улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 95 жылдыгына арналган «Кыргызымдын Чыңгызы-Кылымдардын жылдызы» аттуу көркөм адабий кече болуп өттү.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында айылдык ден-соолук комитетинин (АДК) төрайымы Анаркан Касымбекова ыктыярчы болуп иштеп, айыл элинин ден-соолугуна кам көрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Акыркы убакта сасык тумоо, кызамык оорулары күчөгөнүнө …
Кочкор музыкалык драма театрынын артисттери Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Бетме-Бет» спектаклин Кочкор районунун тургундарына тартуулашты.
Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы Бусурман уулу Шаабай атындагы бала бакчанын тарбиячысы Айнура Нурдинова көп жылдык иш тажрыйбасында наристелерге кыргыздын улуттук оюндарын үйрөтүүдө.
«Соң-Көл» жамааттык мультимедиа борбору ишкер айымдар тууралуу макалаларды даярдап келет. Алардын бири Германиядагы IT тармагында иш алып барган Нурзадаа Макеева тууралуу материал даярдалган. Ал материалдын негизинде 9-10-11-класстарга презентация өткөрдү.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында “Апамдын каттамасы” аттуу чакан кафе ачылды. Каттама менен чай иче турган жерди айылдын тургуну Калбү айым ачты.
Ак-Талаа районунда Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын түзүлгөндүгүнүн 99 жылдыгына карата волейбол боюнча мекеме-ишканалар арасында ири мелдеш өткөрүлүп, ага жалпы 17 команда катышты.