Ак-Талаа районундагы Кара Бүргөн айыл аймагына караштуу Кара Бүргөн айылындагы айылдык китепканага өз өмүрүн китепканага арнаган Шаарбүбү Турдумамбетованын ысымы ыйгарылды.
Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында волейбол боюнча ири мелдештин баш байгесине автоунаа коюлуп, ал үч күнгө созулду.
Ак-Талаа районунда өспүрүмдөр арасында спортту кеңири жайылтуу, окуучулардын ынтымагын бекемдөө менен сергек жашоону жайылтуу максатында волейбол мелдеши уюштурулуп, ага аймактагы мектептерден жалпы 28 (балдар командасы-14, кыздар командасы-14) команда катышты. Мелдеш …
Ак-Талаа районундук К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө Баетов айыл аймагынын жыл жыйынтыктоочу иш чарасы болуп, ага айыл тургундары, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылында КРнын Президенти Садыр Жапаровдун аралыктан катышуусу менен 90 орундуу заманбап эки кабат бала бакча ачылып, кызыл тасмасы кесилди.
Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылында заманбап жаңы оорукананын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Өлкөдөгү бир катар обьектилер менен аталган оорукананын ачылышына КРнын Президенти С.Жапаров старт берди.
Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Кара-Бургөн айылында сүттү кайра иштетүүчү «Ак-Булак» кичи ишканасы ачылып, пайдаланууга берилди. Аталган кичи ишкана өлкө башчысы Садыр Жапаровдун аралыктан катышуусунда ачылды.
Ак-Талаа районунда Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгына караштуу жеке ветеринардык сервистер жылкыларга чип тагып жатышат. Быйылкы 2025- жылга 5558 баш жылкыны идентификациялоо планы берилген болсо, учурда 15 …
Бүгүн Ак-Талаа районунда КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана акимдин балдарга арналган Жаңы Жылдык балаты майрамы өтүп, ага райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринин мыкты окуучулары, спорттук мелдештердин, кароо-сынактардын …
Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылынын тургуну Тимурлан Жунусакуновдун үй-бүлөсүндө 11-декабрда 3 эм төрөлдү. Жубайлар үч эм тууралуу кош бойлуулуктун 2 айында дарыгердин кезектеги кабыл алуусунда билишкен.
Ак-Талаа райондук ветеринария, мал чарбасы, жайыт жана тоют башкармалыгынын башчысы Талант Токтокожоев «Ачык өкмөт» долбоорунда суроолорго жооп берди.
«Ачык өкмөт» долбоорун алкагында айыл тургундарынан келип түшкөн суроолорго Арстан Акиев жооп берди. Айрымдарын сунуштайбыз. Толугурак ссылкада
Ак-Талаа районунун Баетов айылында «Арыба кыргызымдын нарктуулугу» долбоорунун негиздөөчүсү, маданияттын мыкты кызматкери Жылдыз Коконбай кызынын демилгеси менен «Абалак Ордо» федерациясы түзүлдү. Анын урматына байге фонду 100 миң сом болгон Абалак …
Ак-Талаа районундук К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө белгилүү обончу, композитор Жалил Сыдыковдун чыгармаларын аткаруу боюнча “Ырлар гана ырдаар атымды” аттуу кароо-сынак өттү.
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы эски аялдамалардын ордуна жаңысы орнотулууда. Аялдаманы жасоого Кыргыз темир жол курулушунун Кытай ишканасы, Асейин Бектурганов жана Мурас Сыдыковдор колдоо көрсөтүштү.
Ак-Талаа району үчүн кыш мезгилине карата 19000тн ашык кара отун керектелет. Учурда «Турук» көмүр кенинде эки кампания казуу иштерин жүргүзүп, социалдык обьектилерге, мекеме-ишканаларга 32% көмүр тартылды.
Ак-Талаа районунда «Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы ( CS-FOR)» долбоорунун алкагында пилоттук Тоголок-Молдо, Кара-Бүргөн, Ала-Буга айыл аймактарынын ар бирине 3000$ турган атайын кеңсе жабдуулары тапшырылды.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектеби капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Тактап айтканда, мектептин жылуулук системасы, эшик, терезелери толугу менен, полдун айрым бөлүктөрү (эски бөлүктөрү) алмашылат. Баетов айыл өкмөтүнөн алынган маалыматка …
Ак-Талаа районунда РИИБнүн демилгеси менен “Жаңы муун-жаркын келечек,таза муун-коопсуз келечек” — аттуу жаштар форуму болуп өттү. Ал жаштар жана окуучулар арасында зордук-зомбулукту, экстремизмди, баңгиликти алдын алууга багытталган улуттук баалуулуктарды өнүктүрүү, …
Гепатиттин «А» түрү бул жеңил жана кир колдон, таза эмес суудан, чала жуулган жашылча-жемиштен жугат. Аны убагында жакшылап дарыласа адам толугу менен айыга алат. Ак-Талаа РЖДПБнун врач-инфекционисти Айдай Эсенбекова гепатиттин …