Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: билим

“Зордук-зомбулуксуз жашоо үчүн!” аталышында жөө жүрүш уюштурулду

2024-жылдын 4-декабрь күнү Балыкчы ШИИБ Балыкчы шаарындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары менен биргеликте 25-ноябрь – “Эл аралык аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу күнүнө” карата өтүп жаткан “Зомбулукка каршы …

Акталаада Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө арналган иш-чара өттү

Ак-Талаа районундагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө салтанаттуу иш-чара өтүп, ага аймактагы агартуучулар, ардагер мугалимдер, бала бакча тарбиячылары, айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери катышты.Ал Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун, улуттук агартуу тармагынын 100 …

Акталаалык Динислам Түркиянын аскердик окуу жайында окуп жатат

Ак-Талаа районундагы  Баетов айлынын 20 жаштагы тургуну Динислам Бакытбеков Түркия өлкөсүнүн аскердик институтуна окууга өттү. Апасы Гүлнара Алпарованын айтымында ал Ш.Бейшеналиев атындагы инноввациялык орто мектебин  аяктагандан кийин эки жыл Кыргыз …

Ак-Талаа: «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам» сынагы уюштурулду

Ак-Талаа районундагы К. Султангазиев атындагы маданият үйүндө “Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам” аттуу аймактар аралык сынактын райондук баскычы өткөрүлүп, ага 7 – 17 жаштагы 54 жаш талант катышты.

Ак-Талаадагы мектепте заманбап автордук окуу бөлмө ачылды

Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылында жайгашкан Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинде Бакирдин Акуналиев атындагы заманбап жабдылган автордук окуу бөлмө ачылды. Бөлмө заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалып, ичи оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Ак-Талаада демөөрчүлөр мектепке китеп алып беришти

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы орто мектепке демөөрчүлөр тарабынан 69 миң сомго окуу китептери сатылып алынды.

Билим берүү мекемелеринде кыргыз тил күнү белгиленди

Ак-Талаа районунда 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө билим берүү мекемелеринде бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Анда кылымдан кылымга мурас болуп келаткан эне тилибиздин улуулугун, бийиктигин даңктаган ырлар окулуп, Манас айтылып, комуз күулөрү …

Кочкор району: «Билим берүүгө 100 жыл: Трансформациялоо, чакырыктар жана жаңы горизонттор»

2024-жылдын 29-августунда «Билим берүүгө 100 жыл: Трансформация, чакырыктар жана жаңы горизонттор» аталышында Кочкор районунун билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси өткөрүлдү.

Ак-Талаа: Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктар жана жаңы горизонттор» август кеңешмеси өткөрүлдү

Бүгүн Ак-Талаа районунда «Билим берүүгө 100 жыл: трансформация чакырыктар жана жаңы горизонттор» деген аталыштагы билим берүү кызматкерлеринин  август кеңешмеси өттү. Ага мектеп, бала бакчалардын кызматкерлери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары …

Ак-Талаада жаңы окуу жылындагы жаңылыктар талкууланды

Бүгүн Ак-Талаа районундагы  Ш. Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде билим берүү кызматкерлеринин усулдук иши  уюштурулуп,  анда жаңы окуу жылында өтүлүүчү сабактардын программасы, айырмачылыктар, жаңылыктар талкууланды. Ошондой эле мугалимдерге жана тарбиячыларга …

Ак-Талаа: Кароосуз калган откана социалдык обьект үчүн оңдоодон өткөрүлүүдө

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Кара-Бүргөн айылында мурунку айылдык оорукананын кароосуз калган отканасы социалдык обьект үчүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Акталаада ЖРТ жана олимпиаданын алдынкыларына сыйлык тапшырылды

Ак-Талаа районунда бүтүрүүчүлөрдүн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгына арналган салтанат өтүп, анда Баетов айыл аймагына караштуу 4 мектепке Баетов айыл өкмөтү тарабынан акчалай сыйлыктар жана сертификаттар тапшырылды.

Ак-Талаа районунун акими: Ар бир көчөттүн өсүүсү үчүн кам көрөбүз

Ак-Талаа районунун акими Ж.Жапаров «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында тургундардын суроолоруна түз эфирде жооп берди. Суроолордун мазмуну таза суу, жол, ирилештирүүнүн күңгөй-тескейи тууралуу болду. Төмөндө айрымдарын сунуштайбыз.

Фотобаян: Ак-Талаада бүтүрүүчүлөргө арналган Акыркы коңгуроо салтанаты

Бүгүн Ак-Талаа районундагы орто мектептерде бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коңгуроо салтанаты белгиленди. Ага окуучулар, ата-энелер, ардагер мугалимдер жана 10, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр катышты.

Ак-Талаадагы мектепке 2,5 млн сомго кичи спорт зал салынды

Бүгүн Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде 1-4-класстын окуучулары үчүн атайын жаңы кичи спорт зал пайдаланууга берилди.

Ак-Талаа: Мектептеги жыйындар залына Маметшерип Жаңылышовдун ысымы берилди

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин жыйындар залына Нарын облусунун жана Ак-Талаа районунун Ардактуу атуулу Маметшерип Жаңылышовдун ысымы берилип, ачылыш салтанаты болду. Иш-чарага агайдын туугандары, үй-бүлөсү, замандаштары, кесиптештери, ардагерлер, …

Ак-Талаа: олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө Мирбек Раимов атындагы сыйлыктар тапшырылды

Ак-Талаа району боюнча билим берүүдөгү ийгиликтерге арналган салтанатта республикалык жана облустук олимпиадада райондун, облустун намысын коргогон окуучулар жана алардын мугалимдерине коомдук ишмер «Мирбек Раимов» атындагы  стипендия-сертификат жана коомдук ишмер Жылдыз …

Ак-Талаалык жаш ойлоп табуучулардын ийгилиги

Ак-Талаа районунда жаш ойлоп табуучулар арасында «Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык сынагынын райондук түрү өткөрүлүп, анда алдыңкы орундардын жеңип алган окуучулар, облустук турга жолдомо алышты. 

Максатка жетүүдө эрк абдан маанилүү

Алтынай Нурдинова учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация бөлүмүндө 4-курста билим алат.  Ал  өлкө башчы Садыр Жапаровдун Президенттик стипендиясына татыктуу болгон. Каарманыбыз окуудагы ийгиликтери тууралуу ой-бөлүштү.

Акылай Болотбекова Кочкор райондук олимпиадада 1-орунга ээ болду

Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 10б классынын окуучусу Акылай Болотбекова райондук олимпиада да 1-орунга ээ болуп, l даражадагы диплом менен сыйланды.

Жекшемби
20 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...