Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: кочкор району

Жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду

2021-жылдын 25-март күнү Кочкор ройонунун Ак-кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылында Германия кызматташтык уюму тарабынан жаштарга арналган тренинг болуп өттү.

Жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдыктар жүрүүдө

Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы № 4131 шайлоо тилкесинде учурда 2138 шайлоочу бар. Шайлоочулардын эң улуусу 103 жашта болсо, эң жаш шайлоочу 18 жашка жаңы толду. 

Ноорузда Төлөк айылында улуттук оюндар ойнолду

Нооруз майрамына карата Төлөк айылында чакан иш чара уюштурулду. Иш- чарада улуттук оюндар ойнотулуп, аныкталды.

Кара-Суу: Окуучулар айылда чоң мектеп салынса дешет

Кочкор районундагы Кара-Суу айылында жайгашкан Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде окуучулардын көптүгүнөн улам окуу класстары жетишпейт. Айылдагы 240 орундуу жалгыз мектепте учурда 650 окуучу билим алууда.

«Манас таануу» таймашы Кочкор районунда болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 3-мартында мына ушул улуу баян боюнча Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Көк-Жар айылында «Манас таануу» интеллектуалдык таймаш өтүп, «Соң-Көл» орто мектебинен куралган «Мурас» тобу облустук турга жолдомо алып …

40 жаштын кырынан ашса да улакты таштабаган мырзалар

Үстүбүздөгү жылдын 21-февраль күнү Төлөк айылында чоң масштабдагы кыргыз элинин улуттук оюну көк бөрү болуп өттү. 5 айылдан тандалып алынган мыкты командалар келип, өз айылдарынын намысын татыктуу коргошту.

Төлөк айылындагы бала-бакча салттуу түрдө иштей баштады

COVID-19 вирусу күч алгандан баштап, өлкөбүздөгү бардык мекемелер иштебей калган. Ал менен утурлай эле, Кочкор районунун Төлөк айылындагы бала-бакча жана мектеп өз ишин токтотушкан. Азыркы учурда «Фаризат» бала-бакчасы бөбөктөргө кайрадан …

Айылдарды ынтымакка чакырган Көк бөрү оюну өттү

Кочкор районун Төлөк айылында түзүлгөн көк бөрү боюнча «Соң – Көл» командасы 1-февралда ынтымак оюн өткөрүштү.

Окуучулар жаратылышты коргоо үчүн жан үрөп жатышат

Төлөк айылынын «Соң-Көл» орто мектебинде 2-февраль күнү «Суулуу саздак жерлер жана суу» деген темада Каратал-Жапырык коругу кызматкерлери тарабынан дилбаян жазуу сынагы болуп, жыйынтыгы чыкты.

Айылдагы таштанды төгүүчү жай жакында жабылат

Кочкор районунун Кара-Суу айылында таштанды төгүүчү жай айылга жакын жайгашкан. Айыл тургундары көп убакыттан бери нааразычылыгын билдирип келишет. Себеби, желим баштыктар учуп, малдын терилери, тарптар баары ушул жерге төгүлөт. Бул …

Мектеп жамааты этно парк уюштурду

Кочкор районунун Кара-Суу айылынын Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде этно стилиндеги парк курулду. Бул паркта тарыхый балбал таштар, ата- бабалар колдонуп келген таш буюмдары коюлуп, тегереги корулган.

Пандемияда жаштар уюму кайрымдуулук иштерин жүргүзүштү

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында пандемия учурунда илдетке каршы турууда айыл тургундары көптөгөн жардамдарды беришти. Алардын арасында айылдык жаштар уюму, жаш курагы бирдей айыл тургундары, медайымдар, мугалимдер, ишкерлер …

Шапак Рысмендеев орто мектебинин мугалими Белорусияга жолдомо алды

2020-жылдын 19-августунда UNESСO, тарабынан өткөрүлгөн республикалык конкурста Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинин орус тили мугалими Зарина Джумабекова жеңүүчү болуп аныкталды.

Төлөк айылында спорт залдын курулуш иштери бүтпөй турат

Кочкор районунун Төлөк айылында 2017-жылы курулуп башталган спорт зал бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй турат. Спортзалдын жоктугунан мектеп окуучулары дене тарбия сабагын эшикте өткөрүүгө мажбур. Ошондой эле айылда спорт менен машыгууга …

Альтернативдик жол салууда архелогиялык табылгалар табылды

Кочкор-Эпкин альтернативдик жолун оңдоодо, жер алдынан археологиялык табылгалар табылган. Табылгалар Кочкор районундагы Ак-Бел, Тармал-Саз, тилкесинен жана Бакечал бурулушунан табылган. Альтернативдик жол 3кө бөлүнөт. Эпкин-Балыкчы, Эпкин-Дыйкан, Эпкин-Жалал-Абад.

Көк чайдын ден-соолукка тийгизген таасири

Белгилүүлүк боюнча суудан кийинки орунда чай турат. Бирок көк чай жөнөкөй чайлардан пайдалуулугу менен өзгөчөлөнүп турат. Көк чай көптөгөн жылдардан бери ичилип келет. 

Дары өсүмдүк: Ит мурун пайдалуу өсүмдүктөрдүн катарын толуктайт

Ит мурун  роза гүлдүүлөр тукумундагы жапайы өсүмдүк. Ит мурундун тикендери дагы бар, бирок ошол эле учурда ал С витаминине жана башка пайдалуу микроэлементтерге бай.

Жапайы мышык- мадыл жоголуп кетүү коркунучунда

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой агенттигинин 2018-жылкы берген маалыматына таянсак Кыргызстанда 20 баш гана мадыл калган. Мадылдын бир нече түрү бар. Кызыл китепке кирген жаныбарлардын катарын толуктайт.

Дары чөп: Адырашман чөбү көп ооруларды алдын алат

Адырашман бул көптөгөн ооруларга даба болуучу дары чөп. Май, июнь айларында гүлдөп, сентябрь, октябрь айларында уругу бышат. Көп жылдык дары чөптү медицинада да колдонулуп келет.

Кочкор районундагы эпидемиологиялык абал боюнча статистика

Нарын облусуна караштуу, Кочкор районундагы акыркы 3 ай аралыгындагы эпидемиологиялык абал боюнча статистика менен таанышып алыңыз.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...