Кочкор районунун Төлөк айылы райондон алыс жайгашкан, климаты катаал болуп саналган айылдардын бири. Кышкысын кар жатпаса да бул айылда кыш катуу кармайт. Ошондуктан айыл эли кыштын камын эрте көрүшөт.
Ак-Талаа районунда бюджеттик мекеме-ишканаларга жана элге 16 миң тоннага жакын көмүр керектелет. Мунун ичинен 3 миң тоннага чукул көмүр мекеме-ишканаларга, ал эми эл үчүн 13 миң тоннадан ашык тартылышы керек. …
Кеңеш айыл өкмөтүндөгү бардык мектептер жана бала бакчалар жаңы 2021-2022 окуу жылына даяр. Ремонт иштери бүтүп, ал эми азыркы учурда кышка даярдык жүрүп жатат.
Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебин 2001-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн атынан Тыныбек Дөөлөтбеков, Байыш Акматалиев жана Бактияр Мусаев 85 миң сом акча каражатын демөөрчүлүк кылып, мектеп администрациясына тапшырышты.
Элет жеринде күндүн суукташы айыл тургундарына бир топ түйшүк жаратты. Мындан тышкары, кѳмүрдүн кымбат болуусунан улам жергиликтүү тургундардын кѳпчүлүгү кышка даяр эмес.
Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы мектептер кышка карата даяр. Айыл өкмөт тарабынан көмүр менен камсыз болушкан. Терезелер жылууланып, кааналардын температуурасы талапка жооп берет. Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген алгоритмдин негизинде …
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кара-Кече көмүр кенине кезексиз көмүр алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, райондун ар бир айылынан көмүр тарткан унаалар алынып барылды.
Түп районундагы Карасаев айыл өкмөтү да катаал шартка кирип, кышкысын өтө эле суук аймактардын бири. Пандемия учурунда кышкыга даярданууда кыйынчылыктар көп болуп жатат. Отун, суу маселеси айыл тургундарына оорчулук жаратууда.
Ак-Талаа районундагы оор жүк ташыган унаа ээлери “Турук” көмүр кенине бара турган жолду тазалап, Жаман-Дабан суусуна бетон шакектерди көпүрө кылып орнотушту. Бетон шакектерди сатып алууга өз чөнтөктөрүнөн каражат топтошкон.
Ак-Талаадагы Баетов айылынын тургуну Бүбүалыйман апа учурда 77 жашта. Айылдык мектепте 10-класста окуган небереси Алина экөө жашайт. 1-топтогу майып. Небересинин айтымында оң көзүнө жасалган операция жакшы жыйынтык бербей, залакасы экинчи …
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан № 43 Кесиптик лицейинде эмгектенген мугалим мастерлер кризистик баадан сактануу ыкмасын ойлоп табышты. Буга себеп өлкөдөгү базар баасынын өсүп кетиши болду. Бул ыкма ашканага бөлүнгөн …
«Ас Салам» фонду тарабынан Суусамыр элине жардам катары 9 камаз көмүр түшүрүлүп, аз камсыз үй- бүлөлөргө таратылып берилгендиги белгилүү болду.
Ак-Талаа районунда жалпы кырк билим берүү мекемелери бар. Булардын ичинен 22 мектепке чейинки билим берүүчү мекеме-бала бакчалар болсо, калган 18 орто мектептер. Учурда Кыргызстандагы пандемиялык шартка байланыштуу окутуу аралыктан жүрүүдө. …
Кыш мезгили 6 айга созулган Суусамыр өрөөнүнүн жашоочулары кышка даярдыкты жайдын ортосунан эле башташат. Айыл өкмөт тарабынан быйылкы жылы кышка даярдык күчүндө экендигин айтылса, эл сатыкка көмүр жокко эсе экендигин …
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын айымдары кышка даярдык башташты. Кышында үй-бүлөсүнүн саламаттыгы, тамактануусуна кам көрүү максатында азык-түлүктөрдү даярдап жаткан учуру.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасынын негизинде ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Семетей Черикбаев Кара-Кече көмүр кесиминдеги абал менен таанышып, штабдын жыйынын өткөрдү.
Ак-Талаа районундагы аймактык оорукана жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна көмүр жеткиликтүү көлөмдө түшүрүлгөн. Ошондой эле от казандары кышкы от жагуу мезгилине даяр.
Ак-Талаа районундагы Кара-Ой айыл аймагындагы айылдык оорукана кышка даяр эмес. Кышка карата 15 тонна көмүр түшүрүлгөнү менен үстүнөн тамчы тамат жана имараттын ичи толук жылыбайт.
Ак-Талаа районунда кышка карата бюджеттик мекемелерге көмүр тартуу иштери башталып, бүгүнкү күнгө 45 пайызды түздү.
Нарын облусунда Кыргызстандын башка аймактарына караганда суук эрте түшүп, кыш мезгили узакка созулат. Ошол себептүү кышка карата камылга август айынан тарта эле камылга көрүлүп, көмүр тартуу иштери башталат. Тилекке каршы …