Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: мектеп

Мектептин алдына таман таш төшөлдү

Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев орто мектебинин алдына таман таш төшөлдү. Иш-чара айыл өкмөт тарабынан жана «Ысык-Көл өнүктүрүү» фонду тарабынан каржыланып 450 чарчы метр жасалды.

Жаңы мектепке эмеректер алып келинди

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ

1-сентябрь «Билим күнү»

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Ж.Нышанов атындагы орто мектебинде 1-сентябрь Билим күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Ооган-Талаа айылынын окуучулары «Билим күнүн» белгилешти

Даярдаган: Камбарали кызы Гулназ

Ноокат районунда жаңы окуу жылына карата даярдыктар жүрүп жатат

Ноокат районунда мектепке болгон даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Окуучулар мектепке керек болгон кийим-кечектерди, окуу куралдарын Ноокат базарынан сатып алышат.

Тогуз-Торого облус башчысы иш сапары менен келди

Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Тогуз-Тородо иш сапары менен келди. Облус башчысы аталган райондун Сары- Булуң айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылындагы Сатыбалдиев атындагы орто мектептин  курулушу менен жеринен таанышты.

Кызыл-Жылдыз айылында өзгөрүүлөр бар

Даярдаган: Сейил Садыркулова, Акылай Кубатбекова

Бакай-Ата: Балдар үчүн жайкы лагерь

Жай мезгилинде Бакай-Ата районунун балдары үчүн атайын жайкы лагерь уюшулуп келет. Ленин мектебинде ондогон балдар 10 жана 20 күндүк лагерлерге катышууда.  Жайкы лагерь саат 9:00 — 15:00 иштейт. Бир топто …

Мектептерде ремонт иштери кызуу жүрүп жатат

Ноокат районундагы мектептерге ремонтко керектүү болгон жабдуулар таратылып билим берүүчү мекемелерде ремонт иштер кызуу жүрүп жаткан учуру. Ремонтко кеткен каражат жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнүп турат. Мектептерди мугалимдер бөлүп алышып …

Окуу жылы аяктагандыктан ремонт иштери жүрүп жатат

Ноокат районунун билим берүү мекемелеринде окуу жылы аяктап, ремонт иштери жүрүүдө. Кулатов айыл аймагындагы мектеп жамааты   жууп, тазалап, актап, сырдап жаткан учур. Техникалык кызматкерлер, мектептин айлана-чөйрөсүндөгү чөптөрдү оруп тазалап, гүлдөрдүн …

Мектепте ремонт иштери башталды

Окуу жылы аяктап, Кара-Суу орто мектебинде ремонт иштери башталды. Мектептин башталгыч класстарынын мугалимдери класстарын акташып, сырдашып, келерки окуу жылына даярдап жатышат. «Бүгүн мектепте акыркы көчүрүү экзамени жүрүп жатат, ал эми …

Көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жүрүп жатат

Ноокат районундагы бардык билим берүү мекемелеринде «Көрктөндүрүүнүн үч айлыгын» аткаруу максатында ишембиликтер болуп өттү. Ишембиликте мектеп жамааттары көчөт жана гүлдүн түрлөрүн отургузушту.

Куланак: Жаңы окуу жылынан баштап окуучулар менен мугалимдердин ортосундагы мамилелерге багытталган тренинг өтүлө баштайт

Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде Ага Хан фонду тарабынан мектептерди жакшыртуу программасынын алкагында семинар болду. Семинарга мектеп окуучулары жана мугалимдер катышты.

Учкун: Быйылкы бүтүрүүчүлөр мектепке жаңы отургучтарды орнотту

Эшбай Токсобаев мектебинин отургучтары мектеп ишке берилгенден бери оңдоло элек болчу. Ошондуктан быйылкы бүтүрүүчүлөр сынган, эскирген отургучтардын ордуна жаңы отургучтарды орнотуп берүүнү чечкен.

Андаракта спорт залдын курулушу уланууда

Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Андарак 2 атындагы орто мектебинин спорт залын куруу иштери 2015-жылы малекеттин каржылоосу менен башталган. Учурда жумуштар уланып, жаңы окуу жылына чейин спорт зал толугу …

Учкун: Быйылкы 10 жылдыктар мектептин спорт залын оңдошту

Мектептин быйылкы 10 жылдыктары мектепке белек катары спорт залды өздөрү демилгелеп оңдоп түзөдү. Мектеп залына жаңы эшик салып, ичин толук сырдашты.

Сары-Ой: Мектептин чатыры жана терезелери оңдолду

Нарын районуна караштуу Сары-Ой айылындагы мектептин эскилиги жетип, 2015-жылы май айында тендерди утуп алышкан. Анын негизинде мектептин чатыры жана терезелери жаңыланды.

Учкун: Мектептин тамчы аккан жерлери качан оңдолот?

Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинин курулуп, ишке берилгенине төрт жыл убакыт болсо, ошондон бери 29 бөлмөлүү мектептин ондон ашык классында тамчы тамат. Бул маселе боюнча мектеп директору Арзыгүл Шеримбекова менен маек …

Токтояндагы мектеп курулушу улантылабы?

Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы мектептин эскилиги жетип калгандыктан, 2014-жылдын январь айынан тарта жаңы мектептин котлованы казыла баштаган. Бирок салынып жаткан мектеп 2015-жылы ноябрь айында токтотулуп, качан улантылаары белгисиз.

Учкун: «Алиппе» майрамы белгиленди

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жылда белгиленчү «Алиппе» майрамы болуп өттү. Бул майрам өзгөчө болуп, окуучулардын ойлонуусун арттыра турганы менен мурдагысынан айырмаланды. Майрамга үч класс катышып, КВН түрүндө болду.

Жекшемби
20 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...