Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Нарын

Баетов: Окуучулар аралык ХI спартакиаданын биринчи айлампасы аяктады

Райондогу орто мектептердин окуучулары аралык спартакиада бул жолу үч өрөөндө бир эле учурда Н. Жыргалбекова, Ж. Сатылганов жана Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектептеринде өткөрүлдү.

Баетовдун орус тилинде ыр жазган жаш тургуну Адинай

Адинай Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу. Ал азыркы убакта орус тилинде ыр жазат. Анын көптөгөн чыгармалары бар.

Баетов: Бир үйдө 12 адамды пенсиясы менен баккан Ырысбү апа

Баетов айылынын тургуну Мамбетова Ырысбү учурда 5000 сом пенсиясы менен уул-келинин жана 9 небересин багып келет. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып жумушсуздук үчүн берилчү жөлөк пул да кыскарып калган. Апанын …

Баетовдо “Бирге окуйбуз” долбоору жыйынтыкталды

Баетов айылындагы Ажиев айылдык клубунда райондогу башталгыч класстын мугалимдеринин катышуусуунда аталган долбоорду жыйынтыктоо семинары болду. Анда мугалимдер жыл ичинде долбоордун алкагында жасаган иштери, жетишкен ийгиликтер, долбоордун пайдалуу жактары жөнүндө пикир …

Баетовдо элдик революция окуучулар тарабынан сахналаштырылды

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими Г. Какаева элдик революция тууралуу көркөм баяндама жазып, аны бүгүн мугалимдерге, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тартуулады.

Баетовдо элдик революцияга арналган сүрөт көргөзмө ачылды

Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 7-апрелге арналган таланттуу окуучулардын кыл калеминен жаралган сүрөт көргөзмө ачылды. Анда окуучулардын аталган күнгө байланыштуу сүрөттөрү коюлду.

Баетов: Мектептердин уюштуруучулары тарбия маселелерин талкуулашты

Аталган иш-чара “Тарбия жакшысы — ата-эненин бактысы” деп аталып Б.Мүсүралиева атындагы орто мектебинде өттү. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, ата-энелер катышты.

Мугалимдердин республикалык кароо-сынагында Баетовдун мугалими баш байгени багынтты

Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлбарчын Мамытбекова “Тарых жана маданият жылына” жана “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын эки жылдыгына арналган мугалимдердин республикалык кароо-сынагында “Даанышман мугалим” номинациясында 1-орунду жеңип алды.

Куланакта жылда өтүүчү эркин күрөш боюнча республикалык турнир башталды

Куланак айылында 7-апрель Элдик революциянын баатыры Рахатбек Кожобековдун жаркын элесине арналган Республикалык турнир 2-апрелде башталды. Буга Кыргызстандын 7 облусунан спортчулар катышып, жалпысынан 260 балбандар келишти.

Cүрөт: Учкундагы жаз айы

Учкун айылында жаз келип, айлана жашыл түскө боёло баштады. Бирок аба ырайына таянсак, алдыңкы күндөрдө кечинде жаандын жаашы күтулөт жана танга маал токтоп күн ачык болот.

Куланакта «Кел, Ноорузум” аттуу чакан кече болуп өттү

Жылдагыдай эле Нооруз майрамында мектепте аластоо болду. Быйыл кеченин өзгөчөлүгүн 7-а классы даярдаган концерт болду.

Куланакта окуучу кыздар “Билерман ордо” оюнун уюштурду

Аралбаев орто мектебинде окуучулар тарабынан даярдалган “Билерман ордо”  оюну болуп өттү. Оюнду Айзат Асанова жана Жылдыз Жолдолдошбекова экөө биргеликте, 9-10 класстар арасында уюштурушкан .

Өрөөндүк «Манас» таануу сынагы Учкунда болуп өттү

Нарын районуна караштуу Учкун айылында өрөөндүк «Манас» таануу сынагы болуп өттү. Сынакка Куланак жана Пионер айылдарынын жаш манасчылары келишип күч сынашышты.

Баетов айылындагы таштанды чуңкуру, элге зыян алып келүүдө

Айылыбыздын күн батыш тарабында эбегейсиз зор чуңкурга, таштанды төгүлүп-чачылып жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Таштандыны ташып сыртка чыгаруунун ордуна, айылдын бардык жашоочулары ушул жерге алып келип төгүшөт.

Учкундун көйгөйү болгон көпүрө оңдолду

Көпүрөнү оңдоо үчүн өкмөттөн 13 миң сом каражат бөлүнгөн. Аны оңдоого айыл тургундары Төрөгелди Баялиев жана Жеңишбек Шүгүралиев жардам берген.

Куланак: Жаңы окуу жылына мектеп кандай жетишсиздик жана ийгиликтер менен кирди?

Куланактагы Аралбаев орто мектеби жаңы 2014-2015-окуу жылына кандай кемчилдиктер жана артыкчылыктар менен киргенин билүү үчүн анын директорун сөзгө тарттык.

Куланакта кургакчылыктан улам оруп-жыйноо кеч башталды

Нарын районуна караштуу Куланак айылында быйылкы жыл кургакчыл болгон. Ошентсе да кеч башталган оруп-жыйноо иштерине тургундар кызуу киришүүдө.

Куланак айылында туура тамактануу боюнча тренинг болуп өттү

Бул тренинг айыл тургундарына өздүк гигиенаны сактоого багыт берди. Мындан ары айыл тургундары  туура тамактанууну өз алдынча алып кете алабыз дешет.

Куланак: Сокеев көчөсүнүн тургундары таза суу жана таштандыга көңүл бурулуусун суранат

Куланак айылындагы Сокеев Шүкүрбек көчөсүнүн жашоочулары эки суу алуучу түтүктүн ортосунда таштанды ыргытылган аңдын тазалап берүүсүн айыл өкмөттөн суранган. Муну айыл башчысы Жетиген Мокеев акча каражаты которулбай жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Учкундун жалгыз багбан айымы — Турдубүбү Акматова + аудио

Фото0100

Нарын районунун Учкун айылында жалгыз багбан айым бар. Ал 68 жаштагы Турдубүбү Акматова.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...