Ооган-Талаада айылынын тургундары таштандылардын көбөйүп жатканын бизге билдиришти. Биз бул маселе тууралуу Ооган-Талаа айылынын башчысы Муктар Калдаров менен маек курдук.
Айыл тургундарына жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжасында көйгөйлүү маселелердин бири балдар бакчасы экенин аныкталды. Тургундар балдарына бакчада орун жетпей калгандыктан тарбияланбай жаткандыгын айтышты.
Ооган-Талаа айылындагы тиш дарылоочу бөлүмү көп жылдардан бери тургундарга кызмат көрсөтүп келет. Кыскача баяндамабызды сунуштайбыз.
Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында 25-апрелден 26-апрелге караган түндө катуу жаан жаап, үй, жолдорду сел алды. Айыл өкмөт башчысы 10 үйдү сел алганын айтты.
Могол айыл аймагына караштуу Ооган-Талаа айылындагы Далбаев орто мектебинде 1-классынын алиппе майрамы болду. Майрам окуучулардын ата-энелеринин катышуусу менен өттү.
Айыл өкмөтүнүн айтымында мектептин спорт аянчасынын айланасы проектинин негизинде тосулууда. Дене-тарбия мугалими аянтчанын тосулуп жатканына кубанып жатканын айтты.
Салкын Нуркулованы 45 мөнөттүк жыйында бир мугалим жалган жалаа жапкандыктан, ал районго ыры менен арызданып кайрылган. Эмгеги бааланып ошондон кийин китеп чыгара баштаган. Учурда каражаты жоктугунан жаңы жазылган китеби басмаканада …
Жыйынга Базар-Коргон районунун акими катышты. Могол айыл аймагынын тургундары өз суроосуна жооп алышты. 2015- жылдын жыйынтыгына карата мыктылар грамота алды.
12-апрель космонавтика күнүнө карата реферат, плакат жана кол өнөрчүлүк сынагы болду. Анда Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары кече өткөрүштү.
Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев мектебинде ата-энелер менен мектептин мамилесин жакшыртуу максатында ачык эшик жумалыгы болуп өттү. Жумалыкта ата-энелер балдары менен чогуу катышты.
«Тоо-Гүлү» балдар бакчасында 110дон ашык наристе тарбияланат. Бала бакчанын шарты мурункуга караганда бир аз жакшы. Бирок ойноо аянтчасы тар кеңейтиш керек. Оюнчуктар аз, баарына тең жетишпейт, көбүрөөк болсо жакшы болмок, …
Сыдыкова Айзаданын жалгыз уулу жашоо турмушка байланыштуу Россияга иштегени кеткен. Небереси Амантур чоң энеси Айзада эженин колунда.
Жумушчулардын айтымында завод 1970- жылдан бери иштеп келет. Техникалар кымбат болгондуктан завод иштеп баштаганда алынып келинген боюнча азырга чейин иштетип келишет. Жумушчулар сезондо гана иштеп, жумуш жок мезгилинде үйүндө болоорун …
№17 мектепте спорт зал жоктугунан окуучулар дене тарбия сабынан кыйналышчу. Мектеп директору бул маселени чечүүдө бир топ жылдан бери аракет жасап келген. Жыйынтыгында АРИС программасы 13 миллион бөлүп берип, элден …
Ооган-Талаа айылына спорт зал курулмакчы — ага жалпысынан 14 миллион сом акча кетет жана эки айда курулуп бүтөт, деп билдирди Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов.
Могол айыл өкмөтүнүн имараты жоктугунан ижарада турушат. Биз бул тууралуу айыл тургундарынын оюн билүү үчүн аларга суроо узатып көрдүк. Элдин ою ар кандай болуп чыкты. Кээ бирине мунун эч кандай мааниси жок болсо, айрымдары элдин жардамы менен имарат салып алса дешет.
Могол айыл өкмөтү 1978-жылга чейин өзүнүн имаратында турган. Аталган жылдан бери алар Ачы токой чарбасынын имаратында ижара төлөп эмгектенип келишет.
БУУнун жардамы менен «Тоо-Гүлү» балдар бакчасына ойноо аянтчасы курулган. Аянтча бүтүп 30-майда анын ачылышы болуп өттү.
Жалал-Абад облусунун, Ооган-Талаа айылынын маданият үйүнүн абалы өтө начар. Чатырдан суу өтөт, такталары чыгып чирип кеткен. Ошого карабай бул жерде ар кандай иш чараларды өткөрүүгө туура келет.