Терек-Суу айылында эркин күрөш боюнча машыктыруучу жай бар. Эркин күрөш менен машыккан жаш спортчулар көптөгөн ийгиликтерди багынтып, алды дүйнөлүк жана республикалык деңгээлде күрөшкө катышып жаткан кези.
Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек мектебинде жаз алды менен мектепти жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Бул иш-чара мектептин директору Турсумкан Абдыгулованын жана мектеп жамаатынын демилгеси менен ишке ашууда.
Чоң-Арык айылынан чыккан ырчы Бектур Шаршеналиев окуучулар менен маек куруп, өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди.
Токтогул районунун Чоң-Арык айылында эшектер жоголуп, союлуп кеткен учурлар көп катталууда. Эшектердин күчү жана жардамы менен айыл тургундары өз жумуштарын бүтүрүшчү.
Быйыл 2016-жылы улуу акын Коргоол Досуев 133 жашка толду. Токтогул Сатылгановдун шакирти Коргоол акынга азыркы убакта Чоң-Арык айылында музей тургузулган.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жолоочу Шатманалиев 94 жашта. Ал 17 жашында Мекенди коргоо үчүн согушка аттанган.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургундары бала бакча жоктугунан кыйынчылыктарга душар болууда. Айылда бала бакчага бара турган балдардын саны 150гө жакын.
Терек — Суу айылына өзүнүн чоң салымын кошкон айылдын тургуну Тынчтык Акимбаев «Терек — Суу city» аталышындагы кафесин ачты.
Терек-суу айылында кызамык оорусу куч алууда. Бул тууралуу №6 тобунун үй- бүлөлүк дарыгери Калия Дөөлөтказиева кызамык оорусу тууралуу жана кантип сактаныштын жолдору тууралуу маалымат берди.
Терек-Суу айылдык 11- китепканасынан, корком адабияттарды, илимий китептерди жана улуу инсандардын чыгармаларын тапсак болот. Билимдин булагы болгон китепканабызда бугунку кундо окурмандардын саны канчалык денгээлде осуп жаткандыгы тууралуу Терек-Суу айылдык 11-электрондук …
Терек-суу айылында жумуш жоктугуна байланыштуу жаштар чет мамилекетке эмгек мигранты болуп чыгып кетишкен. Алардын көбү Орусия мамлекетинде эмгектенишет. Чет мамлекетке чыгып кеткен жаштардын саны туралуу Терек-суу айылынын статист экономисти Солпиева …
Терек-Суу айылында эн орчундуу маселелердин бири жаш үй бүлөлөргө турак-жай салганга жер жетишпей келет.Ушул маселенин айынан бир үйдо 3-4 үй-бүлө чогуу жашаганга мажбур болушууда. Көп балалуу Нурчакан апа да балдары …
Терек-Суу айылында сегиз миңге жакын калк жашаса, анын басымдуу бөлүгү таза эмес суу ичишет жана бул көйгөй көптөн бери чечилбей келет. таза суу_подкаст
Кетмен-Дөбө айыл аймагында караштуу Терек-суу жана Чон-арык айылдарында ПРООНдун ак-ниет башкаруунунун илгерилетүү долбоорунун негизинде электрондук китепкана ачылды.