Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Терек-Суу

Терек-Суу айылында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №2229 шайлоо участогунда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болду. Ак-Бакай ЖМБнын кабарчысы таңкы саат 08:00дөн, 17:00гө чейин шайлоонун жүрүшүнө көз салып отурду.

Сурамжылоо: Айылдык кеңешке депутат болуп шайлансаңыз, кандай иштерди аткарасыз?

Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерден “Айылдык кеңешке депутат болуп калсаңыз, кандай иштерди аткарасыз?” деген суроону узатып, алардын айыл үчүн ишке ашыра турган ой-максаттарын угуп көрдүк.

Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы менен маек

Жакында 2016-жылдын 11-декабрында Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнү. «Ак-Бакай» ЖМБнын кабарчысы Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын депутаттарынын төрагасы Канжарбек Байтиков менен маек курду.

Терек-Суунун демилгелүү “Жети-Суу жаштары”

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жаштарынын демилгеси менен “Жети-Суу жаштары” коомдук бирикмеси түзүлүп, тургундарга ар кайсы жактан жардам көрсөтүүдө. «Ак-Бакай» ЖМБнын кабарчысы коомдук бирикменин максаттары, иш-аракеттери тууралуу анын төрагасы Гүлжигит Кудабаев менен …

Терек-Суу айылындагы авариялык абалдагы мектеп качан оңдолот?

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинин башталгыч класстары окуган имараты 2010-жылы жарактан чыккан. Ага карабастан азыркы күнгө чейин 1-4-класстын  окуучулары бул мектептен билим алып келишет.

Чоң-Арыкта жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого даярдыктар жүрүүдө

Учурда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого Токтогул районунун Чоң-Арык айылында даярдыктар жүрүүдө. Айылда жалпысынан депутаттыкка 18 адам талапкерлигин койгон, аларга добуш бере турган 1750 шайлоочу бар.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо кандай жүрөт?

Жакында 2016-жылдын 11-декабрында Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №2229 шайлоо участогунун шайлоо коммиссиясынын төрагасы Сүйүнтбек Нургазиев менен бул тууралуу маек курдук.

Терек-Сууда дарыгерлердин катышуусунда тегерек стол болуп өттү

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде “Тамеки өмүргө зыян” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Тергерек столго айылдагы №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери жана мектеп окуучулары …

Маек: СПИД кылым душманы

1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусу менен күрөшүү күнү. Бул боюнча Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Калия Дөөлөтказиева менен маек курдук.

Терек-Суу айылында сасык тумоо күч алууда

Токтогул районунун Терек-Суу айылында сасык тумоо күч алууда. Айыл тургундарынын айтымында, бул илдетке жылда эле кабылышат, бирок, быйылкы жылы сасык тумоо илдетинин татаалырак түрү менен жабыркашкан.

Чоң-Арыктын сулуусу аныкталды

Чоң-Арык айылынын Коргол мектебинде “Күз периси» сынагы болуп өттү. Сынакка 8-11-класстын окуучулары катышып, Нурсезим Нурдин кызы жеңүүчү болду.

Жамандыктын башаты, ичкиликтен башталат!

«Акбакай» жааматык мультимедиа борборунун кабарчысы Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын тургундарынын арасында «18 жашка жете электерге спирттик ичимдиктердин сатылышы» боюнча сурамжылоо жүргүздү.

Терек-Суу айылынын тикмечи айымы Гүлнара Шекилбаева

Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Гүлнара Шекилбаева кѳп жылдан бери тикмечилик менен алектенип келет. Анын негизги кардарлары болуп окуучулар эсептелерин айтат.

Терек-Сууга биринчи кар жаады

Токтогул районунун Терек-Суу айылында биринчи кар 27-ноябрда жаап, айлана аппак карга оронуп калды. Айыл тургундарынын айтымында, быйыл кыш жылдагыдан суугураак түшкөн.

Райондук сулуулар сынагында Терек-Суунун бийкечи ат салышат

Токтогул районунун Терек-Суу айылынын маданият үйүндѳ сулуулар сынагы болуп ѳттү. Ага Кетмен-Төбө айыл айымагынын Терек-Суу, Ак-Тектир, Чоӊ-Арык, Чолпон-Ата, Кушчу-Суу жана Кара-Күнгѳй айылдарынын сулуулары катышып, Терек-Суу айылынын сулуусу баш байгени илип кетти.

Турусбек мектебинде ”Күз периси-2016” сынагы болуп ѳттү

Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинде “Күз периси-2016” сынагы болуп ѳттү. Бул сынака алты кыз катышып, баш байгени Канымгүл Темиркан кызы жеӊип алды.

Терек-Сууда гүлдѳр кѳргѳзмѳсү болуп ѳттү

Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинде гүлдѳр кѳргѳзмѳсү болуп ѳттү. Кѳргѳзмѳнүн шарттары ар бир класс бештен гүл алып келип, алардын кайсы мамлекетен чыкканын жана кандай пайдалуу жактары бар экенин …

Терек-Сууда окуучулар жашоочуларды тазалыкка чакырды

Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек орто мектебинин окуучулары «Менин таза айылым!» аттуу акция жүргүзүштү. Окуучулар топ-топ болуп бѳлүнүп, кѳчѳлѳрдү кыдырып, айыл тургундарын тазалыкка чакырышты.

Терек-Суунун «Ак элечек апалары»

2012-жылдан бери Терек-Суу айылында “Ак элечек апалар” жалаӊ аялдардан түзүлгѳн топ ѳз ѳнѳрлѳрүн элге тартуулап келет. Бул топ кѳптѳгѳн кароо-сынактарга катышып байгелүү орундарга илинишкен. Биз ал топтун мүчөлөрү менен маектештик.

Терек-Сууда мамлекеттик тестирлѳѳгѳ даярдыктар башталды

Терек-Суу айылындагы Турусбек мектебинин бүтүрүүчүлѳрү мамлекеттик тестирлѳѳгѳ даярдана баштады. Азыр алар негизги тесттер болуп эсептелген математика жана кыргыз тил сабактарынан курстарга барып жатышат.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...