Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Терек-Суу

Терек-Суунун тургундарынын китепке болгон кызыгуусу кандай?

Терек-Суу айылында жайгашкан №11 электрондук китепкана 2014-жылдан бери иштеп келет. Ак-Бакай Жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы китепканага барып, айыл тургундарынын китепке болгон кызыгуусу тууралуу билип келди.

Терек-Сууда тазалыкты сактайлы

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын тазалыгы айыл тургундарын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн канаттандырабы? Айылдын тазалыгын сакташ үчүн кимден, кантип башташ керек? Ушул сыяктуу суроолорго Ак-Бакай жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы жооп …

Терек-Сууда балдар бакчасы кышкысын иштей баштайт

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №5 «Кызгалдак» балдар бакчасы бир топ жылдан бери кышкысын иштебей келген. Себеби балдар бакчасында жылуулук системасы жок болгон.

Чоң-Арык: Айылын жыгач устасы Алымбек Тургуналиев

Токтогул районунун Чоң-Арык айылындагы жашоочуларды айнек эшик, терезе, башка жыгач буюмдар менен камсыз кылып турган жыгач уста Алымбек Тургуналиев бала чагынан бери бул өнөр менен алектенет.

Чон-Арык: Балдардын жайкы эс алуусу кандай өтүүдө?

Балдардын жайкы каникулу көбүнчө айылда, жайлоодо, ошондой эле айрымдары эс алуучу жайларга барып келүүдө.

Чоң-Арык айылындагы тоок фермасы

Ардактуу эс алуудагы педагог Дилдеайым Жумабаева тоок ферма ачып, элди таза жумуртка менен камсыз кылууда.

Чоң-Арык: Жалгыз тикмечи айым элге кызмат кылат

Чоң-Арык айылында колунан бардык нерсе келген тикмечи айым өзүнүн айылдаштарына кийим тигүү, курак тигүү жана башка буюмдарды тигүү кызматын көрсөтөт.

Терек-Сууда Анас атындагы мечит ачылды

Токтогул районунун Терек-Суу айылында Анас атындагы мечит ачылды. Айыл чоң болгондуктан экинчи мечит курулганын айтат, демилгечилер. 

Терек-Суу: 15 жылдан бери устачылык менен алектенген Асылбек Бегалиев

Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Асылбек Бегалиев  көп жылдан бери устачылык менен алектенип келет. Уста үй эмеректерин буйрутма менен жасайт.

Терек-Суу айылында көйгөйлүү болгон жол маселеси тууралуу айыл өкмөт башчысы эмне дейт?

Терек-Суу айылынын тургундарынан сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, көпчүлүгү жол маселесин айтышкан. Бул тууралуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Советбек Дженалиевге кайрылып, төмөнкүдөй жоопторду алдык.

Терек-Суу: Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшырылды

Токтогул районунун Терек- Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземи болуп өттү.

Терек-Сууда айыл өкмөт имаратын оңдоо иштери жүрүүдө

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан Кетмен-Дөбө айыл өкмөттүк имаратын оңдоо иштери жүрүүдө. 

Терек-Суу: Турусбек мектебинде акыркы коңгуроо аземи болуп ѳттү

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 27-май күнү акыркы коңгуроо аземи болуп ѳттү. Анда эӊ мыкты окуган окуучуларга мактоо баракчалары тапшырылып, демѳѳрчүлѳр тарабынан уюштурулган стипендиялар берилди.

Токтогулда Үркүндүн 100 жылдыгына карата иш чара болуп өттү

Токтогул районундук билим берүү бөлүмү “Тарыхта калган кара тактар” сынагын уюштурду. Ага тогуз мектеп катышып, Комсомол айылынан барган топ алдыңкы орунга татыды.

Терек-Сууда суу түтүктөрү июнь айында оңдоло баштайт

Терек-Суу айылына сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө көбүнчөсү тургундар таза суу көйгөйү бар экенин билдиришти. Бул маселе боюнча Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы Советбек Джээналиевге кайрылып, маек курдук.

Турусбек мектебинин мугалимдери бирдиктүү формага өтүштү

Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек мектебинин мугалимдери бирдиктүү формага өтүштү. Бул бирдиктүү форма кийүү демилгеси аталган мектептин директору Турсумкан Абдыгуловага таандык.

Терек-Суу: Согуш ардагери Кул Назарбеков менен маек

Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу Кул Назарбеков 92 жашта. Ал 18 жашында Ата Мекенди коргоо үчүн согушка аттанып кеткен.

Терек-Суунун тургуну «Мопед» техникасын жасап чыкты

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жаӊы техника пайда болду. Анын аты «Мопед». Бул техника отун аралагычтын моторунан алынып жасалган.

Терек-Суу: Мектепте «Алиппе» менен коштошуу кечеси болду

№12 Курама уулу Турусбек мектебинде бүгүн 21- апрель « Алиппе» майрамы болуп өттү. Биринчи класстар ата- энелерине таланттарын көргөзүп,  ырдап, бийлеп, жыл бою жаттаган ырларын айтып ата- энелерин кубантып жатышты.

Терек-Суу: Мектепте «Китеп жумалыгы» болуп өттү

Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 20-21-апрель күндөрү «Китеп жумалыгы» болуп өттү. Эки күнгө созулган иш чарада окуучулардын китепке болгон кызыгуусу артып жатканын айтышат.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...