Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Учкун

Учкун айылындыгы Токтогул ата тооктун жаңы түрүн багып жатат

Наран районундагы Учкун айылынын тургуну Токтогул Серкебаев алты жылдан бери Талас облусунан алынып келинген тооктун түрүн багып келет. Ошондой эле тооктун өзгөчө сырларын билип, учурда пайдасын көрүп жаткан мезгили. 

Бал сатып ишкедик кылган Амантур Болотбеков

Нарын районундагы Учкун айылынын туругуну Амантур Болотбеков эки жылдан бери бал сатуу менен алектенет. Болотбеков быйыл бал сатып, жалпы 150 миңдин тегерегинде киреше тапкан.

Учкун: Мектеп окуучуларын өзүнө тарткан ок атуу ийрими

Нарын райоунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде 2015-жылы ок атуу ийрими уюштурулуп, азыркы убакка чейин окуучуларды тарбиялап келет. Ийримге 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышып, класс аралык мелдештерде окуучулар ийгиликтерге …

Учкун: Мектеп окуучуларынын волейболго кызыгуусун кантип жандандырса болот?

Акыркы күндөрдө Эшбай Токсобаев мектебинде волейбол оюну мурунку жылдарга салыштырмалуу көп ойнолбой калды. Бул оюнун жандандыруу максатында дене тарбия мугалимдери атайын окуучулар үчүн ийримдерди уюштурууда.

Учкундун мурунку айыл башчысы кайрадан өз кызматына келди

Нарын районунун Учкун айылынын мурунку башчысы Касымакун Мамырбаев бир жылдык тыныгуудан соң 10-ноябрда кайрадан өз кызматына келди. Жаңы айыл башчы менен келечектеги пландары, аткара турган иштери тууралуу маек курдук.

Сурамжылоо: Мектепти бүткөндөн кийин кайсы кесипти тандайсыз?

Быйылкы 11-класстын окуучулары алгебра, кыргыз тил сабактарынан Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) алдын ала даярданып, келечекте кайсы кесип ээси болуунун үстүнөн иштеп жаткан учурлары. Буга байланыштуу бүтүрүүчүлөргө суроолорду узаттык.

«Учкунстандын» кичинекей окуучуларга тийгизген таасири кандай?

«Учкунстан» жамааттык мультимедиа борбору ачылгандан тартып көптөгөн кичинекей окуучулардын журналистика тармагына кызыгуусу артты. Себеби Kloop.kgнин журналистика мектебинде окуп келген жаңы тренерлер окуучуларга сабак өтүп, аларга коом менен байланышып жаңылыктарды даярдоого шарт …

Шааркүл апа: Мектеп мени унутуп калды окшойт

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде Шааркүл Жунушова 12 жыл башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенген. Ал 50 жашында пенсияга чыгып, учурда үй тиричилиги менен алек.

Учкун: «Атом» усулдук аймагынын бир айлыгы башталды

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде 10-ноябрь күнү «Атом» усулдук аймагынын бир айлык иш чараларынын расмий ачылышы болду. Бир айлык 1-декабрга чейин уланып, ал аралыкта окуучулар менен мугалимдер ар …

Учкунда футбол аянтчасын куруу иштери жыйынтыктала баштады

Нарын районуна караштуу Учкун айылында биринчи жолу футбол аянтчасы курулууда. Учкундуктар грант утуп алышып, аянтчаны куруу ишке ашырылууда. Жалпысынан курууга 350 миң акча каражаты кеткен. Учкун айылынын тургундарынан да акча …

Сурамжылоо: Учкундуктардын кышка даярдыгы кандай?

Айылда суук түшүп, кыш мезгили жакындап калды. Кышка айыл тургундарынын кээ бири даяр болсо, башкасында даярдык жок. Ушунун негизинде тургундардан кышка даярсызбы? Эгер даярдыгы жок болсо эмне үчүн деген суроолорду …

Тоголок Молдо айылынын мугалимдери волейбол боюнча 1-орунду алышты

Тоголок Молдо айылынын мугалимдери Ак-Талаа районуна волейбол боюнча барып 1-орунду камсыз кылышты. Мелдештен аталган айылдагы Жоробек Сатылганов орто мектебинин мугалимдери кубок менен кайтып келишти.

Тарых ийриминин жетекчиси окуучуларды Тайлак бейитке экскурсияга алып барды

Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Ой айылынын тарых сабагынан берген Тыным Асанбекова атайын тарых ийримин ачып, Тайлак баатырга жана анын бир тууганы Атантайга арналып, 19-кылымдын 1-жарымында тургузулган кош күмбөзгө 11-класстын окуучуларын экскурсияга алып барды. 

Учкундагы карагай тилүүчү станокту иштеткен Элмурат Алиаскаров

Нарын районуна караштуу Учкун айылында 2010-жылдан бери карагай тилүүчү пилорама иштеп келет. Аталган пилорам атайын ПРООНдун долбоорунун негизинде ишке ашып, учурда анда беш киши эмгектенет.

Кара-Ой айылындагы бала бакчасынын абалы начар

Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Ой айылындагы бала бакчанын абалы начар жана балдардын ойноосуна бөлмөлөр жетишсиз. Учурда бала бакчага 106 бала катталган болсо, күнүнө 97-98 бала келип тарбия алышат.

Учкунда алтын күздүн келиши

Күз келип, айлана сары түскө боёло баштады. Бул мезгилде тоодогу малдар айылга келишип, жер-жемиштер, эгиндер жыйнала баштайт. Күз мезгили учкундуктар үчүн кандай мааниде экендигин билуү үчүн суроолорду узаттык.

Сүрөт баян: Учкунда Баткен согушуна карата ок атуу мелдеши уюштурулду

Баткен согушунун 17 жылдыгына карата Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде ок атуу боюнча 9-11-класстар арасында мелдеш болуп өттү. Мелдеште Баткен согушунун ардагерлери калыстык кылып, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырды.

Учкунда Баткен согушунун ардагерлери мектеп окуучулары менен жолукту

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин 11-классынын окуучулары менен Баткен согушунун катышуучулары 28-окябрда жолукту. Чогулушта окуучулар Баткенде 1999-2000-жылдары болуп өткөн согуш тууралуу маалымат алып, өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти.

Учкундун ардактуу мугалимдеринин бири Сүйөрбек Токтосеитов

Нарын районуна караштуу Учкун айылында тарых сабагынан билим берген Сүйөрбек Токтосеитов Кыргыз Республикасынын призидентти Роза Отунбаеванын колунан ардак грамота алып келген. Ошондой эле агайдын мамалекеттик сыйлыктын ээси, эмгек сиңирген мугалим болгон.

Сүрөт баян: «Күзгү майрамда» кыздын милдетин аткарган балдар

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинде өткөн «Күзгү майрам» кечесинде балдар кыздардын бетине макияж жасап, калыстар тобунун алдында өз колдору менен түрдүү салаттарды даярдап беришти.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...