Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Учкун

Сүрөт баян: Учкундун «ханзаадасы менен ханышасы» аныкталды

Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинде 18-октябрда 9-10-класстардын арасында «Күзгү майрам» кечеси болуп, Токсобаев мектеби жаңы ханзаада жана ханышалуу болду.

Учкунда Үркүн кино тасмасы көрсөтүлдү

Улуттук боштондук күрөшү чагылдырылып тартылган тарыхый Үркүн кино тасмасы 17-октябрда Эшбай Токсобаев мектебинде көрсөтүлдү. Буга чейин кино тасма саясий көз караштардан улам элге көрсөтүлбөй келген.

Балалык кезин спортко арнаган кичинекей Азимдин жетишкендиктери

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жашаган 6-класстын окуучусу Азим Эркинбек уулу грек-рим күрөшү боюнча республикалык деңгээлдеги мелдештерде байгелүү орундарга жетишип келүүдө. Ал бир нече жолу райондун, облустун чемпиону болгон жана …

Сүрөт баян: Учкунда бүтүрүүчүлөр Жалпы республикалык тестирлөөгө даярданууда

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин 11-классынын окуучулары Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) боюнча кыргыз тили жана математика сабактарынан даярдана баштады. ЖРТга октябрь айынан баштап даярдануу чечимин ата-энелер колдоп, азыркы …

Учкундун Роналдусу атала баштаган Жакшылыктын келечектеги кыялы

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин 8-классынын окуучусу Жакшылык Кубанычбек уулу мектеп арасындагы футбол боюнча мелдештерде «Мыкты чабуулчу» атанып, Учкундун «Роналдосу» деген каймана атка ээ болгон. Жакшылык келечекте спорт …

Учкундун ардагерлеринин бири Токтокан Аткаросова

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинде Токтокан Аткаросова 30 жыл эмгектенген. Токтокан апа 1968-жылы беш жыл директордун орун басары болуп иштеген. Ошондой эле 1967-68-жылдары мектептин бала-бакчасында беш жыл эмгектенген.

Учкунда жаңы мектеп президенти шайланды

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин 11-класстын окуучусу Алмаз Эшбаев президенттигин өз каалоосу менен 10-классынын окуучусу Төрөгелди кызы Майрамга өткөрүп берди. Алмаз Эшбаев 2015-жылдын ноябрь айынан бери мектеп президенти …

Учкун айылынын тургуну сегиз жылдан бери жер-жемиштерди өстүрүп келет

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын ардагер мугалими сегиз жылдан бери жер-жемиштерди өстүрүп келет. Жемиштерди өстүргөн жердин аянты 15 сотых. Ал жерге помидор, бадыраң, кулпунай, кызылча, перец, редиска, баклажан, чеснок сыяктуулар …

Учкун: Окуучулар арасында кыргыз тили боюнча «Акыл ордо» таймашы болду

«Акыл ордо» таймашын кыргыз тили күнүнө карата Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин парламенти уюштуруп, баардык суроолор кыргыз тили тууралуу берилди. Сынакка 9-11-клаастан жалпы алты окуучу катышып, жыйынтыгында 11-класстын окуучусу жеңишке жетти.

Сүрөт баян: Бүтүрүүчү класстардын кыргыз тили күнүнө арналган кечеси

Нарын районундагы Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинин 11-классынын окуучулары кыргыз тили күнүнө карата кече майрамын өткөрүштү. Кечеге 11-класстын ата-энелери чакырылып, келген ата-энелерге балдары бата берип, ыр күлкү тартуулашты. 

Каз майынын дарылык касиетин билген Жаркын эже

Учкун айылынын тургуну Жаркын Шабданова жана анын жолдошу Амантур Баймурзаев учурда каз, көгүчкөндөрдү бакканга кызыгышат. Көгүчкөн, каздардын пайдасын көргөнү менен жаман жактары да бар дешет алар.    

Учкунга биринчи жолу балдар ойноочу батут коюлду

Нарын районуна караштуу Учкун айылына биринчи жолу кичине балдар ойноочу батут коюлду. Ойноо үчүн бир мүнөтүнө бир сомдон алынат. 

Куланакта карылар күнүнө карата чакан линейка болду

Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде “Карылар үйдүн куту” аттуу 7-б классы уюштурган кече болду. Кечеге мектеп жамааты жана ата энелер катышты.

Учкундун музыка мугалими Жумабек агай

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинде музыка сабагынан берген Жумабек агайдын иштегенине быйыл 30 жылдан ашты. Бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн жаш таланттарды даярдап келген.

Учкун: Манас таануучу Гүлмира Жумагулова бүтүрүүчүлөргө ачык сабак өттү

Гүлмира Жумагулова буга чейин «Манас таануу» интелектуалдык таймашына өзүнүн даярдаган окуучулары менен катышып, республикадан экинчи орунду алууга жетишкен. Өзүнүн манасчылар тууралуу билимин 11-класстын окуучуларына үйрөтүү максатында 26-сентябрь күнү ачык сабак …

Учкун: Бала кезинен бери айкелчилик менен алектенген окуучу

Нарын районунун Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин 10-классынын окуучусу Азиз Таалайбеков кичине кезинен бери айкелчиликке кызыгып, азыркыга чейин ал өнөрүн аркалап келет. Ал ар кандай жаныбарлардын жана адамдардын тулку боюн чопо …

Учкун айылындагы Бактыгүл эженин эмгектери

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын мектебинде эмгек сабагынан берген Бактыгүл эже окуучуларга ар түрдүү буюмдардын жасалышын үйрөтүп келет. Ал Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде эмгектенип келгенине 57 жылдын жүзү болду.

Учкунда суицидди жоюу боюнча жыйналыш болуп өттү

Нарын районунун Учкун айылына райондук ооруканадан дарыгер келип, жыйналыш өттү. Учурда өзүн-өзү кыюу облустарда көп катталып жаткандыктан, аны аз да болсо окуучуларга түшүндүрүп, токтотуу максаты менен келген. Булар Нарындагы бардык …

Сурамжылоо: Учкун айылында таза суу чыгыш үчүн кандай аракеттер керек?

Нарын районуна караштуу Учкун айылында үч айдан бери таза суу чыга элек. Тургундар айылдагы жалгыз булактан суу алып келишүүдө.

Учкун: Жаш кезинен бери тигүүчүлүк менен алектенген Өмүркүл апа

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Өмүркүл Оторбаева кичине кезинен эле тигуүчүлүккө кызыгып азыркыга чейин улантууда. Кыздын себинен баштап фестивалдарга кие турган  ар кандай көйнөктөрдү өз колу менен тигет.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...