Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0771146380

 

Даярдаган: Барчын Мамытбекова

Сүрөт интернеттен алынды

Кутурма — айыккыс, өлүмгө алып келүүчү коркунучтуу ылаң. Мал жандыктардын саламаттыгын сактоо үчүн бул ылаңдын белгилерин жана алдын алуу жолдорун билиңиз. (далее…)

Ак-Талаа районундагы билим берүү мекемелеринде 2020-2021-жаңы окуу жылына карата ремонт иштери жүрүүдө. Мамлекет тарабынан ремонтко бөлүнгөн 667800 сомду тендердин негизинде жеке ишкерлер Улан Шерипбеков жана Сүйүнбек Сулайманов утуп алган.

(далее…)

Куу-Майдан айылынын тургундары медициналык кароодон ѳтүп жатышат. Медицина кызматкерлери күн сайын айыл тургундарынын үйлѳрүн кыдырып, күнүнѳ 20-25 үйдү кароодон ѳткѳрүшѳт.

(далее…)

Кенжебек Качкынбев Ат-Башы районунун тургуну. Ал көп жылдан бери мал чарбачылыгы менен алектенип, асыл тукум мал чарбасын жетектеп келет. Ал, бир жарым тоннага чейин эт берген абердин-ангус, күнүнө 20-22 литр сүт берген голштин тукумундагы уйларды көбөйтүү, жергиликтүү уйлар менен аргындаштырууну практика жүзүндө ишке ашырууда. (далее…)

Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу  №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты учурда жараксыз болуп, имараттын дубалдары чекесинен урап түшө баштаган. Бирок ошондой кыйроо абалына карабастан бул борбордо айыл тургундары дарыгерге келип көрүнүп, көрсөтмө алып дарыланып турушат.

(далее…)

Суусамыр айыл аймагынын Кожомкул айылындагы Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин башталгыч корпусунун оңдоо иштери май айынын аягынан бери уланууда. Бул мектеп эски мектеп болгондуктан көп жылдан бери ремонттон өткөн эмес жана абалы начар болгон.

(далее…)

1-август түнү жааган катуу жамгыр Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылынын Кум-Арык сайындагы Шырдакбек көпүрөсүнүн үстүн алып кеткен. Бул көпүрө айылдын жанынан өтүүчү чоң трассада жайгашкан. Көпүрөнүн тирөөч шакектери да кулап калган. (далее…)

Карасаев айыл өкмөтүндө күндүзгү бөлүм ачылып Тасма, Тогузбай жана Токтоян айылдарынын тургундары келип дарыланууда. Бул бөлүмдү ачканга айыл жаштары жана айыл активисттеринин салымы чоң. Россияда иштеп жүргөн жарандар, демөөрчүлөр дагы дары- дармекке жардам көрсөтүшүүдө. (далее…)

Бүгүнкү күндө Жети-Өгүз районунда абал оор. Жети-Өгүз райондук ооруканада азыркы күндө 150гө жакын адам дарыланып жатат. Ооруканада орун жок болгондугуна байланыштуу Жети-Өгүз туберкулездук санаторияга дагы жатып дарылануучу бөлүм ачылып, ал жакта 57 адам дарыланууда. (далее…)

2020-жылдын 1-август күнү кечки саат 21:00 чамаларында жаап баштаган жаан нөшөрлөп катуу жаанга айланып Нарын облусу Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагынын Куланак айылында тоодон түшкөн сел агындылар Нурбай булуң каналына батпай ашып, айылды сел каптады.

(далее…)

Акыркы айларда өлкөдө болуп жаткан пандемиянын кесепеттерине каршы Нарын облусунун Куланак айылынын эли жана жаштары ынтымакта чогулуп, акча топтоп, пандемия менен күрөшүүгө жумшоону чечишти.

(далее…)

Коомчулукта эркектин башы улук, аялдар ар кандай кыйынчылыкка чыдашы керек деген калыптанып калган түшүнүктөр терең сиңип калган. Мындай түшүнүктөр коомдо дагы эле жашап, аялдарга карата зомбулук токтобой келет. Бирок аялдар үй-бүлөсүн сактап калуу ирээтинде тосмо арыз жазып, күйөөсүн жоопкерчиликтен куткарып калган учурлар да аз эмес. (далее…)

Табылгыты айыл жаштары, Россияда иштеген жердештер демилге көтөрүп, райондук ооруканага жана жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти. Сары-Булуң айыл аймагынын “Табылгыты айыл жаштары” демилге көтөрүп, 30 миң сом акча чогулуп, ФАПка керектүү 2 керебет жууркан төшөгү менен райондук жугуштуу оорулар бөлүмүнө терезе, каалга жана кир жуучу машиналар алынды.

(далее…)

Тогуз-Торо районунда 29-июлда тынымсыз жааган жамгырдан улам сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптаган. Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мелис Токтобеков маалымдады.

(далее…)

«Бул вирус өмүрүбүздө биринчи жолу болгондуктан бардыгыбызга коркунучтуу абал болду. Бирок мен үй- бүлөм менен бул абалга багынып калган жокмун. Тескерисинче биз буга туруштук бердик».

(далее…)

Айыл тургундары карантинге карабай үйдөгү жумуштарын улантууну токтотушкан жок. Көпчүлүгү курулуш иштери менен алек болушту. Короо ичинде ашкана салуу, үй салуу, сарай салуу жана башка ушул сыяктуу курулуштар жанданды. (далее…)

Кеңеш айыл ѳкмѳтүнүн Куу-Майдан айылынын 1995-жылкы балдары акча чогулутуп жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти. Жалпысынан 14 миң сом акча чогулуп ага жууркан-шейшептер, сыр челектер, чайнек, плита, матрац, тараза жана башка нерселер алынды.

(далее…)

Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Кайың айылынын жашоочулары айылдашы Мухабатбек Календеровго чоң үй куруп беришүүдө. Мухабатбектин жана жубайы экөөнүн тең ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, 2-топтогу майыптар. 4 баласы бар.

(далее…)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Махабат Мавлянова жана Кулатов айылынын тургуну Анарбаев Маматжандар  COVID-19 вирусунун жайылуусуна бөгөт коюу максатында Жал айылдык №16 ооруканасына жардам берүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Айылдын кайрымдуу уул кыздары да бул демилгени колдоп, жардам беришүүдө. 

(далее…)