Малдын чакалай оорусу– трихофития (Trichophyton) уруусуна кирген мите козу карындар козгогон жугуштуу ылаң. Териде ар кандай формада кездешип, бозомтук түстөгү, чекелерин карттантып, какачтардан турат. Бул ооруну алдын алуу үчүн малдын …
Санарип аймак ишке киргени алып, сатуу кыймылдарынын баары бир системага кирип, маалымдама алуу үчүн бодо малдар идентификациядан өтүүлөрү керек. Ийри мүйүздүү бодо малдар бирка номерлери менен болсо, жылкылар чиптелүүдө.
Шарп ылаңы эмнеси менен коркунучтуу, кантип даарылоо керек, шарпка каршы вакцина качан берилет? Ушул жана башка суроолорго ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы …
Төлөк айылында төрт түлүк малдын саны арбын, анын ичинде төө сейрек кездешет. Аны багуу бир аз оор. Бирок акыркы жылдары айылга алып келип баккандар бар.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Абаз Аалиев асыл тукум койлорду багып, аларды көбөйтүүнүн аракетин көрөт. Бул койлорду багуу өзгөчө эмгекти талап кылганы менен жакшы киреше алып келерин чарбакер айтат.
12-октябрда Кочкор районундагы Кара-Суу айылында «Коомчулуктар жана түпкү элдер сактаган аймактар» аталышындагы тренинг болуп өттү. Тренингке айыл тургундары, жайыт комитетинин төрагалары, Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы жана аппарат кызматкерлери, ошондой эле …
Кочкор районуна караштуу Чоң-Туз жайлоосунда жасалма мөңгү курулуп жатат. Бул иштин негизги себеби мөңгүлөрдүн санынын азайып жаткандыгында.
Төлөк айылындагы жылкылар электрондук базага катталды. Анда ар бирине чип басылат.
Кочкор районун Төлөк айылы район борборунан алыс жайгашкан, айыл тургундары дээрлик мал менен алектенет. Андыктан айылда төрт түлүк малдын саны барган сайын арбып барат.
Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айыл аймагында жергиликтүү фермерлердин демилгеси жана айыл өкмөттүн көмөгү менен асыл тукум кочкорлордун көргөзмө фестивалы болуп өттү. Фестиваль малдын асылдуулугун жогорулатуу максатында райондук деңгээлде уюштурулуп, ага бардык …
Өлкө аймагында жакырчылыктан чыгуу максатында жөлөк пул алган жарандарга 100 000 сом бериле баштаган. Бул боюнча Төлөк айылында үч адам алды.
Төлөк айылы райондун борборунан 60км алыстыкта жайгашкан. Климаты катаал, бийик тоолу айыл. Айыл тургундары дээрлик дыйканчылык менен алектенишпейт. Бирок аракет кылса болот.
Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда күзгү талаа иштери аяктап калды. Бирок толугу менен бүтө элек. Тоодон эрте келген малдар түшүмү жыйналып бүтө элек талаага түшүп жатышат.
Нарында студенттер күнөскананын нымдуулугун, жылуулугун текшерип туруучу электрондук аппаратты курап чыгышкан. Мындай аппарат адамдын кароосу жок эле күнөскананы өзү сугарып, өзү жылытып турат. Нарында мындай автоматташтырылган аппарат алгачкы жолу жасалды.
Ак-Талаа районундагы 1984-жылы пайдаланууга берилген Келте-Чап жөнгө салуу бассейни (БСР) акыркы жолу 2006-жылы тазаланган. Бассейндин суусу менен 197 га Баетов айылындагы бакча (огород), мындан сырткары 40га айдоо аянттары сугарылат. Ал …
“Агро Айым – Агро Жаштар” долбоору Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ишке ашат. Катышуучулар айыл чарбасындагы өз бизнес-ыкмаларын жана башкаруу тажрыйбаларын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышат. Долбоордун ийгиликтүү катышуучулары үчүн агро ишканалар …
Төлөк айылы алыскы тоолу аймакка кирет. Ал жактын климаты суук болгондуктан дыйканчылык кылууга мүмкүн эмес. Бирок кышында малдарга бир аз болсо да тоют камдап алуу мүмкунчүлүгү бар.
Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында күзгү эгин жыйноо иштери кызуу жүрүп жаткан учур. Жергиликтүү эл кышы бою мал багып, жаздын келиши менен дыйканчылык менен алектенип келишет. Бул жылы дыйкандар климаттын …
Жайлоодогу малдар күз жакындаган сайын айыл этектеп кача баштайт. Андыктан, ошол малдар үчүн атайын Жайыт комитетинин уюштуруусу менен жыл сайын туз таратылып келет. Быйыл да бул иш аткарылды.
Быйыл өлкөнүн булуң-бурчунда миңдеген гектар жер аянттарды зыяндуу курт-кумурскалар каптады. Алардын ичинен бийик тоолу Нарын облусунда ондогон гектар жерди курт каптап, дыйкандарга түйшүк жаратууда. Дыйкандардын айтымында, көбүнчө картошка жана беде …