Түп районуна караштуу Тасма айылындагы А.Сопиев атындагы №19 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары «Я — Чемпион» аттуу облустук спорттук мелдеште ийгиликтүү катышып, мектептин жана айылдын намысын татыктуу коргошту. Жаш …
Дөбөлү айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу жана малчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жайыт жолдорун оңдоо жана түздөө иштери жүргүзүлдү.
Нарын районунун Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылып, билимде жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн окуучулар менен мугалимдер сыйланды.
Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагындагы Конушбаева Кадырбек атындагы Суусамыр жалпы билим берүү мектебинде жайкы оңдоо иштерине даярдык көрүлүп, ремонт иштери башталды.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде капиталдык оңдоо иштери этап-этабы менен ийгиликтүү уланууда. Быйылкы жылы мектептин ички жылытуу тутумун толугу менен жаңылоо үчүн 3 …
ЖЖайыл районуна караштуу Суусамыр айылында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Аширбек Элкинбек Токтогоновичтин жергиликтүү эл менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда тургундар тарабынан бир катар орчундуу маселелер көтөрүлдү. Алардын катарында саламаттык …
1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Дөбөлү айыл аймагында майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, балдар үчүн унутулгус күнгө айланды.
К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш чара өткөрүлдү. Алгач китепкана кызматкерлери балдарга ачык асман алдында сүрөт тарттырып, китеп окуп беришти.
Түп райондук маданият үйүндө 27-май — Китепканачылар күнү жана көрүнүктүү акын-жазуучу Мукай Элебаевдин 120 жылдыгына арналган поэзия кечеси жана майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Тасма айылында балдар үчүн жагымдуу майрамдык саамалык уюштурулду. Майрамдын алкагында айылдын жаш тургундарына бекер балмуздак таратылып, алардын майрамдык маанайына өзгөчө көрк кошулду.
5-май – Эл аралык акушерлер күнү жана 12-май – Эл аралык медайымдар күнүнө карата Түп районунда медицина кызматкерлеринин арасында «Ден сак адам — өнүккөн өлкө» аталышындагы спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Токтогул районуна караштуу Турусбек мектебинде «Акыркы коңгуроо» салтанаты өттү. Иш-чаранын алкагында билим берүү уясына дайыма дем берип, алдыңкы окуучулар менен мугалимдерди кубаттап келген конок — Саламаттыкты сактоонун отличниги, белгилүү дарыгер-кардиолог …
26-май күнү Дөбөлү айылынын маданият үйүндө бала бакчанын бүтүрүүчүлөрүнө арналган «Кош бол, бала бакча!» аттуу майрамдык кече өткөрүлдү.
Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылында улуттук каада-салттарды жана маданиятты даңазалаган «Сармерден» кыз-жигит оюну өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Сары-Булак айыл аймагына иш сапары менен келип, Төлөк айылындагы Кең-Суу айылдык клубунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү беш айылдын мектеп окуучулары окуу жылын жалаң «эң жакшы» жана «жакшы» баалар менен аяктаганы үчүн стипендия алышты.
Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинде бүтүрүүчүлөр үчүн өзгөчө жана толкунданткан күн — «Акыркы коңгуроо» салтанаты болуп өттү. Быйыл окуу жылынын жыйынтыктоочу иш-чарасы салттуу түрдө 25-майда эмес, …
Ак-Талаа районундагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө КРнын Эл артисти, композитор Каныкей Эралиеванын 70 жылдык юбилейине карата отчеттук концерти өттү.
Чолпон айылында Курман айт майрамынын урматына 15 бодо мал союлуп, анын эти жетим-жесирлерге, томолой жетимдерге жана муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Айыл тургундары бул саамалыкты Алланын ыраазычылыгы үчүн жасап, ынтымак менен өткөрүп …
2026-жылдын 24-май күнү Кочкор райондук маданият үйүндө өткөн “Жибек жолу — кайра жаралуу” чыгармачыл жаштардын IV республикалык кароо-сынагында Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинин 9-классынын окуучусу Медина Капышова улуттук …