Түп районундагы В. Кайкин жана А. Карымшаков атындагы мектептердин «Үмүт» жана «Мурас» тынчтык клубдары зомбулуктун алдын алуу жана үй-бүлөлүк чыр-чатактарды чечүү маселелерине арналган иш-чараларды өткөрүштү.
Окуучулардын лидерлик жөндөмүн өнүктүрүү, коомдук активдүүлүгүн арттыруу жана мектеп парламенттеринин ишин жандандыруу максатында «Парламент сүйлөйт» аттуу сынак өткөрүлдү. Ага Чүй облусундагы төрт мектептен жана Бишкек шаарындагы бир мектептен окуучулар катышып, …
Өзү билим алган мектептин өнүгүшүнө салым кошуу, келечек муунга кам көрүү — жакшы салттардын бири. Өмүр Токтосунов атындагы жалпы билим берүү мектебинде мындай демилге төрт жылдан бери уланып, жакшы салтка …
Балыкчы — Кочкор темир жолунун ачылышына байланыштуу окуучуларга жана мугалимдерге коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү 2026-жылдын июль айында өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ Балыкчы — Кочкор темир жолунун ачылыш аземи болуп өттү. …
Нырын обулсунун, Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы билим берүү мектебинин тарых мугалими Мунара Токторбаева кыргыз жана орус элдеринин тарыхый байланышын, маданий жакындыгын даңазалаган эл аралык сынакта ийгилик жаратып, 300гө …
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан билим берүү тармагын санариптештирүү жана мугалимдерди заманбап техникалык каражаттар менен камсыздоо максатында «Алтын Казык» ноутбуктары таратылууда.
Күз — берекенин, молчулуктун жана табияттын түркүн түскө боёлгон мезгили. Ушул мезгилге арналган «Алтын күз» майрамы окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн жана талантын көрсөтүүгө шарт түздү.
Билим берүү реформаларынын алкагында Кыргызстанда 27 билим берүүнү өнүктүрүү борборлору өз ишин баштады. Алардын бири-Ак-Талаа районунун билим берүүнү өнүктүрүү борбору. Учурда борбордун методисттери райондогу мектептерде педагогикалык коллективдер менен таанышуу максатында …
21-ноябрь күнү Токтогул шаарындагы Кара-Суу кичи районунун Орто-Кашат участкасында улуттук ат спортун даңазалаган чоң ат чабыш мелдеши өттү. Ага Кыргызстандын ар кайсы облустарынан жана Казакстандан келген күлүктөр катышты. Жарыштын жыйынтыгында …
Корчубек Акназаров атындагы мектепте күздүн берекесин, жаратылыштын кооздугун жана мол түшүмдү даңазалаган «Күз берекеси» аттуу чыгармачылык сынак өткөрүлдү. Ага башталгыч класстардын жана 5–8-класстардын окуучулары катышып, өз колдору менен жасаган эмгектерин …
Кыргызстанга белгилүү жазуучу, окумуштуу, балдардын сүйүктүү «Алиппе» китебинин автору Сулайман Рысбаев быйыл 70 жашка толду. Токтогул районунда балалыгы жана мектеп жылдары өткөн калемгер бүгүн атайын иш сапары менен Токтогул шаарына …
Токтогул районунун балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары эл аралык мелдештерде ийгилик жаратып, эркин күрөш боюнча эки алтын медалга ээ болушту. Азербайжан жана Таиланд өлкөлөрүндө өткөн турнирлерде эки спортчу кыз тең биринчи …
19-ноябрь күнү Токтогул районундагы Коргол атындагы №13 жалпы билим берүү орто мектебинде педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Сулайман Рысбаев менен жолугушуу өттү. «Кыргыз наркы — жаш муундун …
Токтогул шаарында тургундардын кайрылууларынын негизинде ички көчөлөрдүн абалын жакшыртуу иштери уланууда. Бул жолу шаардагы беш көчөгө шагыл төгүлүп, тегиздөө жумуштары аткарылды. Атап айтканда, Акмат, Сарагүл, Тынчтык, Достук жана Туздуу-Суу көчөлөрүнө …
“Ачык өкмөт” долбоорунун алкагында Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев менен болгон түз эфирде берилген суроолордун айрымдарын сунуштайбыз
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) 2013-жылдан бери Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен биргеликте «Мектеп тамактануусун оптималдаштыруу» долбоорун ишке ашырып келет. Долбоордун алкагында окуучуларды кургак тамак-аштын ордуна толук кандуу, тең салмактуу …
Токтогул шаарында тазалык жана коммуналдык кызматтарды жакшыртуу үчүн дагы бир долбоор ишке ашты. Шаардык мэрияга караштуу «Ыңгайлуу шарт» муниципалдык ишканасы жаңы унаа менен толукталды.Долбоор Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланып, …
Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылынын түштүк тарабындагы Шырдакбектин сайы участкасында жээк эрозиясынын алдын алуу жана турак жайларды сел жана суу каптоо коркунучунан коргоо максатында дамба куруу иштери …
Кочкор районунда калкты көмүр менен камсыздоо иштери уланууда. Учурда район аймагындагы көмүр кампаларында отундун жетиштүү запасы бар жана тургундарга үзгүлтүксүз сатуу уюштурулган. Бул тууралуу Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы маалымдады.Көмүр кампалары …
3-декабрь — Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата Тогуз-Торо районунда «Биз биргебиз!» аттуу кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү бир айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациянын расмий баракчасында маалымдалды.