Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Билим берүү

Учкун: Ар күнүн кыргызча өткөргүсү келген америкалык ыктыярчы

Нарын районунун Учкун айылына Америкадан ыктыярчы келгенине бир жыл болду. «Мен кыргызча жашашым керек» деген Дениел Гроссо өзүнүн бир күндүк жашоосун айтып берди.

18 Ноябрь 2015 жыл 9:49

Учкун: “Мекеним Кыргызстан” сүрөт сынагында бүтүрүүчү класс башкы орунду алды

Быйылкы окуу жылдын башталышында Токсобаев орто мектебине көрк берүү үчүн жана окуучулардын талантын ачуу максатында “Мекеним Кыргызстан” сүрөт сынагы уюштурулду. Сынак үчүн сүрөттөр мектептин короосундагы дубалга тартылды.

17 Ноябрь 2015 жыл 13:26

Грек-рим күрөшү боюнча райондук мелдеште куланактык балбандар баш байгени алды

Нарын районунун Эчки-Башы айылына 10 командадан түзүлгөн грек-рим күрөшү боюнча беттеште Куланак айылынын жаштары командалык биринчиликти багындырып келишти. Райондук беттеш 14-ноябрда болуп өттү.

16 Ноябрь 2015 жыл 10:25

Көк-Ирим: Бирдик орто мектебинде ишембилик өткөрүлдү

Бул тууралуу Бирдик орто мектебинин тарбия заучу Мусалиева Наргиза билдирди. Айта кетсек бул ишембилик аталган орто мектеп түптөлгөндөн бери, жаз жана күз айларында өткөрүлөт. Быйылкы жылы мектептин айланасын тазалоо иштери …

14 Ноябрь 2015 жыл 16:15

Токтоянда кесип тандоо боюнча тренинг өтүлдү

Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинин 8,9,11-класстарына кесипти туура тандоо боюнча тренинг өтүлдү.

14 Ноябрь 2015 жыл 12:24

Тасмада мектеп айланасын тазалоо иштери болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы мектептин айланасын тазалоо иштери жүрдү. Ишембиликке 2-класстан 11-класска чейин окуучулар катышты. 

10 Ноябрь 2015 жыл 18:16

Ооган-Талаа: Комуз, аккордеон, пианино, ооз комуз, ямахада кол ойноткон мугалим эже

Ооган-Талаа айылындагы Далбаев орто мектебинде музыкант Рахат Аматова 2015-жылдан бери иштеп келет. Талантуу эжеке комуз, аккордеон, пианино, ооз комуз, ямахада ойной алат.

10 Ноябрь 2015 жыл 10:20

Бакай-Ата: Исабек Жанчаров орто мектебинин ашканасы жаңыланды

Бакай-Ата районуна караштуу Наматбек айылындагы Жанчаров орто мектебинин ашканасы жаңыланды. Жаңыланган ашканага жалпы мектеп окуучулары жана мугалимдери кубанышып, ыраазычылыгын билдирүүдө.

9 Ноябрь 2015 жыл 15:20

Баетовдо мугалимдерге окуу өткөрүлдү

Баевтов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде окуучулардын билим сапатын көтөрүү максатында мугалимдер үчүн окуу өткөрүлдү. Окууда сабактын жаңы  үлгүлөрү, окутуунун заманбап ыкмалары жөнүндө кеңири түшүнүк берилип, ага мугалимдер жигердүү катышты.

7 Ноябрь 2015 жыл 16:54

Наматбек айылында мектепке чейинки билим берүүчү бала бакчасы жок

Бакай-Ата районуна караштуу Наматбек айылында мектепке чейинки билим берүүчү бала бакчасы жок. Айыл тургундары бала бакча жоктугуна байланыштуу көп кыйынчылыктар болуп жатканын билдирүүдө.

5 Ноябрь 2015 жыл 12:51

Куланакта мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоо боюнча мастер класс болду

Нарын районунун Куланак айылында 22-октябрда мектеп бүтүрүүчулөрүнө кесипти туура тандоо боюнча мастер класс  өтүлдү. Бул тренингди Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ассоцаициясы уюштуруп берген. Ал эми финансылык колдоо «Немец толкуну» академиясы …

31 Октябрь 2015 жыл 10:49

Баетовдо ата-энелер жана окуучулар менен “Бирге окуйбуз” сынагы өттү

Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 3-класстын окуучулары жана ата-энелери арасында окуучулардын китеп окууга кызыктыруу, ой-жүгүртүүсүн өстүрүү, дүйнө таанымын кеңейтүү максатында “Бирге окуйбуз” сынагы өттү.

29 Октябрь 2015 жыл 17:17

Баетовдо окуучулар кесипке багыт берүү боюнча окуудан өтүштү

Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин  9-11-классынын окуучулары кесипке багыт берүү боюнча атайын окуудан өтүштү.

29 Октябрь 2015 жыл 16:10

Токтоянда мугалимдердин айлык акысы жогорулады

Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкөзов мектебинин мугалимдеринин айлык акысы жогорулады. Башталгыч класстардын мугалимдеринин айлыгы 80 пайызга жогоруласа, жогорку класс мугалимдерине болсо 25 пайызга жогорулаган.

27 Октябрь 2015 жыл 14:21

Ноокат районунун Айбек айылында жаңы мектеп ачылды

Ноокат районунун Айбек айылында Айбек орто мектеби ачылды. Аталган мектеп төрт жыл мурун курулуп баштап, быйыл 2015-жылдын сентябрь айында окууга берилди.

26 Октябрь 2015 жыл 15:19

Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде «Алтын Куз» майрамы болду

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде «Алтын Куз» майрамы болду. Бул майрам жарыш турундо болуп 8, 9, 10, 11-класстар катышты. Былтыркыга караганда быйыл «Алтын Куз» майрамы өзгөчө болду. Себеби …

25 Октябрь 2015 жыл 21:49

Баетов: Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча талкуу болду

Ак-Талаа районундагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, жан кечтиликти жана зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча окуучулар арасында тегерек стол өттү.

25 Октябрь 2015 жыл 21:33

Жал: Мектеп формасы кандай кабыл алынды?

Сокулук районуна караштуу Жал айылындагы Мамыралиев гимназия орто мектебинде форма тууралуу ар кандай пикир айтылууда. Ата-энелердин формага көз караштары ар кандай болуп жатат.

23 Октябрь 2015 жыл 19:34

Куу-Майдан: 3-класстын окуучулары жогорку класстарга кайрылуу жасашты

Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинин 3-классынын окуучулары «Баарын билгим келет» деген аталышта жогорку кыластарга кайрылуу жасашты.

21 Октябрь 2015 жыл 20:39

Чоң-Тогузбай айылында спорт зал ишке берилгени жатат

Ысык көл облусунун Түп районунун Чоң-Тогузбай айылында спорт зал жок болгондугуна байланыштуу окуучулар кошуна айылга барып машыгышчу. Учурда спор зал салынып ишке берилгени жатат. Жаңы салынып жаткан спорт зал заманбап …

21 Октябрь 2015 жыл 16:19
Жекшемби
27 Аяк оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...