Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Билим берүү

Нышанов орто мектебинде мектепке чейинки даярдоого класс ачылды

Ноокат районуна караштуу Жапар Нышанов орто мектебинде мектепке чейинки даярдоого классы ачылды.

20 Декабрь 2015 жыл 16:28

Шаңкол орто мектебине компьютерлер жетишсиз

Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Шаңкол орто мектебине компьютерлер жетишпейт. Бул мектепте эки компьютер болсо, аны бири директордо жана дагы бири компьютер каанасында.

20 Декабрь 2015 жыл 15:38

Куу-Майдан: Жапар Нышанов мектебинде физикалык куралдар жетишпейт

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов мектебинде физика сабагынан лабораториялык иш аткарууда куралдар жетишпейт.

20 Декабрь 2015 жыл 15:21

Куланакта мугалимдер көчө кыдырып, рейд жүргүзүүдө

Азыркы күндө окуучулар түн ичинде көчөгө чыгышып, мушташып, өздөрүнөн кичүү балдардан акча талап кылышат. Ошону менен эле бирге спирт ичимдиктерин ичишип, туура эмес жолдорго баргандарын көп эле жерден угуп калабыз.

15 Декабрь 2015 жыл 16:27

Тасмалыктардын санжыра китеби жарык көрдү

Белек уулу Тогузбай атанын санжырасы жарык көргөнүнө эки жылдан ашты. Китепте жалпысынан Белек уулу Тогузбай атанын санжырасы жана Тасма айылынан чыккан белгилүү адамдардын өмүр баяны жазылган.

15 Декабрь 2015 жыл 15:31

Тасмада Омор Султановдун 80 жылдыгына карата көркөм окуу болуп өттү

Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинде 2-4-класстар арасында акын Омор Султановдун 80 жылдыгына карата көркөм окуу сынагы болуп өттү. Бул сынакка жөндөмдүү окуучулар аталган акындын ырларын көркөм айтып, өз чыгармачылыктарын …

13 Декабрь 2015 жыл 20:25

Тасма: Окуучулардын билим сапаты кандай?

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев орто мектебинин окуучуларынын билим сапаты кандай? Ал кимден көз каранды? Бул материалда ушул суроолорго жооп издеп көрдүк.

13 Декабрь 2015 жыл 19:58

Сүрөт: Жал бала бакчасын көрктөндүргөн Надырбек

Надырбек Абдразаков Жал бала бакчасында иштейт. Ал бакчанын тегерегин кооздогону үчүн акча албайт.

12 Декабрь 2015 жыл 19:05

Терек-Суу: Окуучулары олимпиадага даярданууда

Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек мектебинде учурда олимпиадага даярдык жүрүп жатат. Бул райондук денгээлдеги олимпиада 10-11-декабрда Токтогул районунда ѳтмөкчү.

8 Декабрь 2015 жыл 19:07

Куу-Майдан: Мектепте сармерден болуп өттү

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Нышанов атындагы орто мектебинде 7-декабрда кыз-жигит сармерден оюну болуп өттү.

8 Декабрь 2015 жыл 18:49

Куу-Майдан: Ноокат районундагы Көркөм сүрөт мектеп интернаты жаңы жатаканалуу болду

Ноокат районундагы Тургунбай Садыков атындагы академиянын алдында түзүлгөн Көркөм сүрөт мектеп интернатынын жатаканасы 18-ноябрда ишке берилди.

7 Декабрь 2015 жыл 19:06

Кара-Суунун жаш таланттары

Бүгүнкү чыгарылышта таланттуу ырчы, бийчи, комузчу, гитарада ойногон айыл тургундары жөнүндө айтып бермекчибиз.

7 Декабрь 2015 жыл 9:44

Тасмада сармерден болуп өттү

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев  мектебинин 7-класстар арасында биринчи жолу сармерден өттү. Бул иш чара мамлекеттик кыргыз тилдин үч айлыгын жыйынтыктоо иретинде болуп өттү.

1 Декабрь 2015 жыл 18:45

Баетовдо кыздар арасындагы сынакта узун чачтуу кыз аныкталды

Баетов айылындагы Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде кыздар арасында «Алтын чач” конкурсу болуп өттү. Бул конкурска чачы узун кыздар катыша алышты. Жеңүүчү болуп 11-б классынын окуучусу Нурзат Замирбек кызы табылды.

29 Ноябрь 2015 жыл 18:10

Чарбак айылына жаңы мектеп курулууда

Базар-Коргон районунун Чарбак айылындагы мектеп эски болгондуктан, жаңы мектеп курулууда. Жаңы курулуп жаткан мектеп заманбап талаптарга жооп берет деп ишендирүүдө.

26 Ноябрь 2015 жыл 16:00

Тасмадагы мектеп терезелеринин абалы кандай?

Ысык-Көл облустунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинин терезесинин абалы учурда канаттандырарлык эмес. Кыш келгенде жылуулоо иштери жүрөт, бирок ага карабастан мектеп муздак бойдон калууда.

24 Ноябрь 2015 жыл 21:13

Тасмада окуучулар табияттын ар кандай кырсыктарына дярданышууда

Учурда Кыргызстан аймагында жер титирөөлөр болуп жатканына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Тасма айылындагы Сопиев атындагы мектебинде окуучулары жер титирөөгө байланыштуу иш чара болуп өттү. Бул иш чара жыл сайын, кээде ай …

20 Ноябрь 2015 жыл 20:09

Тасмада келечекте кесип тандоо боюнча семинар болуп өттү

Ысык-Көл облустунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинде 9-10-11-класстар үчүн окуу болуп өттү. Бул окууну Германиянын DW Akademie Eurasia уюму каржылап, Жааматтык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ассоцациясы (АОСМИ) уюштурду.

20 Ноябрь 2015 жыл 19:53

Барскоон: Туура кесип тандоо боюнча тренинг өттү

Тренинг 14-ноябрда Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектепбинде өттү. Бул тренингдин негизги темасы кесипти тура тандоо болду.

20 Ноябрь 2015 жыл 16:05

Кошбулакта ПРООНдун долбоору менен 100 орундуу бала бакча түзүлүүдө

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Кошбулак аймактык башкармалыгында ПРООНдун Баткен облусун комплекстүү өнүктүрүү долбоору менен жаңы бала бакча түзүлүүдө.

20 Ноябрь 2015 жыл 13:19

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...