Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Билим берүү

Сүрөт: Мектепте масленица майрамы белгиленди

Тилебалды Айбашев атындагы орто мектепте орус тили жумалыгы жыйынтыкталып, масленица майрамы белгиленди. Окуучулар өз өнөрлөрүн тартуулап, ыр, бий , көркөм айтуу, сулуу жазуу, макал лакап программасында таймашты.

21 Февраль 2022 жыл 18:21

Тарбиячы: «Ар бир баланын коопсуздугу үчүн баарыбызда жоопкерчилик бар»

Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылындагы «Баатыр эне- Шорукова Какен апа» атындагы балдар бакчасынын жаш тарбиялануучулардын ден соолугу канааттандырарлык. Бул тууралуу бала бакчасынын директору Жаркын Кенжебаева билдирди.

21 Февраль 2022 жыл 18:13

Акталаада жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Бүгүн  Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында А.Абдраимов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Мектепти курууга мамлекет тарабынан 67млн.сом бөлүнүп,  мектеп 257 орунга ылайыкталган.

21 Февраль 2022 жыл 18:09

Студент: «Кээ бир айылдарда интернет жок болуп онлайн окуу оор болду»

Өлкөдө ковид-19 илдети катталганга чейин аралыктан билим алуу деген түшүнүк болгон эмес. Качан гана оору башталып, бардык билим берүү мекемелери жабылып аралыктан окуу режимине өтүштү. Мына ушул аралыктан окуу  канчалык …

21 Февраль 2022 жыл 16:13

Сүрөтбаян: Бала бакчага пандемияга карабай ашкана курулду

Пандемия күчөп жаткан 2020-жылы №6 Адиба Ильясова атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине ашкана курула баштаган. Жумуштун баары токтобой, заманбап ашкананын курулушу аяктап балдарга тамак ошол жерде жасалып жатат.

21 Февраль 2022 жыл 13:09

Оттук: «Садык-Ата» балдар бакчасынын директору жаңы дайындалды

Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы «Садык-Ата» балдар бакчасынын директору болуп Гулнура Исмаилова дайындалды. Буга чейин жетектеп келген Бурул Мамытова үй-бүлөлүк абалына байланыштуу жумуш ордун өткөрүп берди.

21 Февраль 2022 жыл 12:56

Нарын районундагы мультимедиа борборлордун «Медиа Курултайы» өттү

Нарын районундагы «Учкун» жамааттык мультимедиа борборунун онго чукул ыктыярчы-кабарчысы Куланак районунуда уюштурулган тажрыйба алмашуу иш-чарасына катышып келди. «Медиа Курултай» аталышындагы иш чараны «Учкун», «Куланак» жана «Усупбекстан» мультимедиалык борбору биргелешип уюштурду.

20 Февраль 2022 жыл 16:32

Ат-Башы: Мектепте англис тилине арналган жумалык болду

Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде Билим Берүү Министрлигинин жарлыгы боюнча англис тили жумалыгы болуп өттү.

19 Февраль 2022 жыл 18:39

Адаттан тышкаркы сабактар баланын өнүгүүсүнө өбөлгө

Ак-Талаа районундагы Бакый Мусуралиева атындагы орто мектебинде 1-класстын жана  4-класстын жөндөмдүү окуучулары менен биргеликте «Жакшы окуп келечекке умтулабыз! » аталышында сынак сабак өткөрүлдү.

19 Февраль 2022 жыл 11:54

Ача-Кайыңды айылында китеп окууга үндөгөн иш-чаралар уюштурулду

Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинде 17-февраль күнү «Кел, китеп окуйлу!», «Сен китеп ачасың, китеп сени ачат» деген аталыштагы райондук семинар болуп өттү. Семинарга райондун бардык 21 мектебинин башталгыч класстарынын …

18 Февраль 2022 жыл 10:25

Оттук, Казан-Куйган айылында робототехника курсу ачылды

«Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунда окуучулар үчүн робототехника курсу ачылды. Бул курста окуучулар ойлоп табуучулук менен бирге программалоо тилдерин өздөштүрүшөт.

18 Февраль 2022 жыл 7:32

Студенттер ийкемдүүлүккө үйрөнүштү

«Пандемия башталганга чейин аралыктан билим алуу деген түшүнүк болгон эмес. Качан гана оору келип мамлекет бардык ишканаларды, билим берүү уюмдарын, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин карантинге жапканда аралыктан иштөө, аралыктан …

17 Февраль 2022 жыл 16:45

Студент: «Карантинден кийин көбүрөөк окуп, кошумча сабак алып жатабыз»

Студенттердин окуусуна пандемиянын кандай таасир бергени тууралуу бир катар студенттер ойлору менен бөлүшүштү.

17 Февраль 2022 жыл 12:33

Мектеп окуучулары өз алдынча китеп окуу сынагын уюштурууда

Нарын районуна караштуу Учкун айылында мектеп окуучулары демөөрчүлөрдү таап, китеп окуу сынагы өткөрүштү. Ага 25 окуучу катышып, жеңүүчүлөрү белектер менен сыйланды.

16 Февраль 2022 жыл 22:18

Окуучулар олимпиаданын облустук туруна кызуу даярданышууда

Нарын району боюнча өтүлгөн жалпы республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү аталган Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары облустук турга кызуу даярдыктарды көрүп жаткан учуру. 

16 Февраль 2022 жыл 22:08

Ооган согушунун өчпөс тактары ( 1979-1989)

Дээрлик 10 жылга созулган Ооган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүнө так калтырды. Афганистандагы жарандык согушта өзүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн он жыл бою кан кечип, согушуп келген советтик жоокерлер бул өлкөдөн …

16 Февраль 2022 жыл 19:31

Кеңеш айылында 4-класстардын олимпиадасы уюштурулду

Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептер арасында төртүнчү класстардын олимпиадасы уюштурулуп, анын II (финалдык) баскычы 12-февраль күнү өттү. Бул тууралуу аталган олимпиаданын уюштуруучусу катары иш алып барган …

16 Февраль 2022 жыл 11:01

Окуучулар «Манас» эпосун илимдер менен байланышын изилдешет

Учурда «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашы абдан актуалдуу болуп жаткан учуру. Окуучулар телетаймашка кызуу даярдануу менен улуттук сыймыкты да даңазалоого, баалоого, жайылтууга үйрөнүп жатышкандыгы адамзатты кубандырбай койбойт.

16 Февраль 2022 жыл 10:54

Мектепте «Зомбулуктун алдын алуу» жөнүндө кеңешме өткөрүлдү

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Восточный айылындагы Жаңы-Жер №2 толук эмес орто мектебинин мугалимдерине зордук-зомбулук көйгөйлөрүн алдын алуу үчүн мектептин директору, окуу тарбия бөлүмүнүн башчысы жана мектептин социалдык педагогу …

16 Февраль 2022 жыл 10:24

«Окуу керемет» долбоорунун алкагында өтүлгөн сабактар натыйжалуу болууда

Республика боюнча башталгыч класстар «Окуу керемет» долбоорунун алкагында иш алып барып келишет. Нарын району боюнча бул долбоорго 25 мектеп катышып, мугалимдер тарабынан ачык сабактар өтүлүп келет.

15 Февраль 2022 жыл 16:08

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...