Азыркы учурда онлайн билим алуу аябай актуалдуулугун жогорулатты. Себеби, пандемия күч алган маалда бардык окуу жайлар онлайн билим берүү системасына өтүшкөн. Пандемиядан кийин окуу жайлар мурдагы калыпка келишсе дагы, менчик …
Сокулук районундагы Муса Жангазиев атындагы № 4 орто мектепте соцпедагогдор үчүн семинар уюштурулду. Бул семинарда райондогу мектептердин соцпедагогдору “Теңдик нуру” демилгеси долбоорунун алкагында ГАЛС системасынын ыкмалары боюнча маалымат алышты. Семинардын …
Пандемия башталгандан тартып көпчүлүк кароо сынактар да аралыктан өтүп, окуучулар арасында нааразычылыктар көп. Себеби, окуучулар бетме-бет таймашып, өзүлөрүнүн жеке катышуусунда өткөн сынактар таза өтөт деп ишенишет.
2022-жылдын 25-26 февраль күндөрү мектеп окуучулары арасында Нарын шаарында облустук олимпиада өзүнүн жеңүүчүлөрүн аныктады.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде 9-класстар арасында баарына белгилүү болгон интеллектуалдык «Акыл ордо» оюну өттү.
Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек мектебинде 24-февраль «Ачык эшиктер» күнү болуп өттү. Бул күнү ата-энелер мектепке келип, окуучулардын сабактарына катышып, ийрим иштеринин жетишкендиктерине күбө болушту.
Жалалова Бүбүсара 1957-ж 7-ноябрда Ош облусунун Араван районуна караштуу Мангыт айылында төрөлгөн. 1974-жылы Токтогул атындагы орто мектебин бүтүрүп, ошол эле жылы В. В. Маяковский атындагы кыз келиндер педагогикалык институтунун музыка …
Балдардын тилин, оюн, эмне кааларын, кандай жомок, аңгеме угарын билген жазуучу Аман Карымшаков бул иш сапарында Чүй облусунун Сокулук районунун Новое айылындагы Гүлсина Капарова атындагы орто мектебине келип, башталгыч класстарга …
Базар-Коргон районунун билим берүү кызматкерлери жат жазуу жазышты. 21-февраль “Эл аралык эне тил күнүнө” карата, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук” жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгын …
Ковидке каршы вакцина даяр болору менен биздин өлкөдө дагы эмдөө жүрүп баштаган. Коллективдүү иммунитет пайда кылыш үчүн калктын жок дегенде 70 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек эле. Ал эми Ача-Кайыңды айылынын …
Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебине Билим Берүү Министрлигинен Кытай Эл Республикасынын элчилигинин колдоосу менен окуу эмеректер тапшырылды.
Тилебалды Айбашев атындагы орто мектепте орус тили жумалыгы жыйынтыкталып, масленица майрамы белгиленди. Окуучулар өз өнөрлөрүн тартуулап, ыр, бий , көркөм айтуу, сулуу жазуу, макал лакап программасында таймашты.
Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылындагы «Баатыр эне- Шорукова Какен апа» атындагы балдар бакчасынын жаш тарбиялануучулардын ден соолугу канааттандырарлык. Бул тууралуу бала бакчасынын директору Жаркын Кенжебаева билдирди.
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында А.Абдраимов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Мектепти курууга мамлекет тарабынан 67млн.сом бөлүнүп, мектеп 257 орунга ылайыкталган.
Өлкөдө ковид-19 илдети катталганга чейин аралыктан билим алуу деген түшүнүк болгон эмес. Качан гана оору башталып, бардык билим берүү мекемелери жабылып аралыктан окуу режимине өтүштү. Мына ушул аралыктан окуу канчалык …
Пандемия күчөп жаткан 2020-жылы №6 Адиба Ильясова атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине ашкана курула баштаган. Жумуштун баары токтобой, заманбап ашкананын курулушу аяктап балдарга тамак ошол жерде жасалып жатат.
Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы «Садык-Ата» балдар бакчасынын директору болуп Гулнура Исмаилова дайындалды. Буга чейин жетектеп келген Бурул Мамытова үй-бүлөлүк абалына байланыштуу жумуш ордун өткөрүп берди.
Нарын районундагы «Учкун» жамааттык мультимедиа борборунун онго чукул ыктыярчы-кабарчысы Куланак районунуда уюштурулган тажрыйба алмашуу иш-чарасына катышып келди. «Медиа Курултай» аталышындагы иш чараны «Учкун», «Куланак» жана «Усупбекстан» мультимедиалык борбору биргелешип уюштурду.
Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде Билим Берүү Министрлигинин жарлыгы боюнча англис тили жумалыгы болуп өттү.
Ак-Талаа районундагы Бакый Мусуралиева атындагы орто мектебинде 1-класстын жана 4-класстын жөндөмдүү окуучулары менен биргеликте «Жакшы окуп келечекке умтулабыз! » аталышында сынак сабак өткөрүлдү.