2022-жылдын 18-19-май күндөрү Нарын району боюнча «Жыл мугалими-2022» кароо сынагы болуп өттү. Сынак эки тур менен өтүп жыйынтыгында Кылыч Рысмендеев атындагы орто мектептин мугалими жеңүүчү деп табылды.
Сокулук районуна караштуу Конуш айылынын Акитай Исаков атындагы башталгыч мектебинин 2021-2022 окуу жылынын 1-классынын «Ааламга жол-Алиппеден башталат» аталыштагы «Алиппе»майрамы болуп өттү.
Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары Нарын облустук жаштар конгрессинин төрагасы Жылдызбек Кабылбек уулу жана Кызыл Ай Коомунун ыктыярчысы Бегай Кубанычбек кызы менен менен жолугушту.
28-апрель күнү Ноокат районундагы Ж.Нышанов, “Арбын”, “Шаңкол” жана “Дары-Суу” орто мектептеринин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү Оштогу жогорку жана атайын орто окуу жайлар менен таанышып чыкты. Бул тууралуу аталган иш-чараны уюштурган “Шаңкол деми” …
28-апрель эл аралык “Маалыматтык-байланыш технологиясындагы кыздар” күнүнүн урматына карата Санариптик Трансформациядагы айымдар, «Р. Отунбаеванын демилгелери» коомдук эл аралык фонду жана Кыргыз Интернет коому биргеликте онлайн-маектешүү өткөрдү. Анда эл аралык жана …
Өткөт кароо-сынактын башкы демөөрчүсү Нарын обласынын сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Ишенбек Иманалиев жана М.Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин сүрөт бөлүмүнүн мугалими болду.
23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Нарын району боюнча уюштурулган «Бүт ийгилик китеп менен алынар, китеп менен асманга жол салынар!» аттуу кароо- сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Нарын районунун мектептер арысында жогорку класстар үчүн «Билерман ордо» интеллектуалдык оюну болуп өттү. Интеллектуалдык таймаш Нарын районуна караштуу Кеңеш айылында болду.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин абалы менен таанышты.
Кочкор районунда «Жылдын мыкты мугалими-2022» кароо- сынагынын райондук этабы 2022-жылдын 22-23-апрелинде Нинакан Жүндүбаева мектеп гимназиясынын имаратында өткөрүлдү. Кароо-сынакка райондун мыкты жаш мугалимдери катышты.
Учурда Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү орто мектептерде 50гө жакын жаш мугалимдер эмгектенип, аларга усулдук жактан жардам берүү максатында райондо жаш мугалимдер кеңеши түзүлгөн. Кеңеш өзүнүн иш-мерчемине ылайык айына бир …
Учурда окуучуларды сабактарга кызыктыруу абдан көйгөйлүү маселе болуп келүүдө. Замандын талабына ылайык мектеп окуучулардында смартфон, компьютер же планшет бар. Мугалим айтып бере турчу маалыматты алар интернет булактарынан окуп, көрө алышат. …
21-апрель күнү Кочкор районунун 1-6-класстардын окуучуларынын арасында изилдөө долбоору боюнча «Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз!» аттуу сынак өттү. Сынакка Кочкор районунун 15 мектебинин окуучулары катышып, өздөрүнүн изилдөө иштерин презентация кылышты.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде 23-апрель китеп жана автордук укук күнүнө карата атайын иш-чара болуп өттү.
Чолок-Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде «Ааламга саякат» аттуу тренинг өткөрүлүп, ага Польша өлкөсүнөн келген өкүл Эвелина Градзка айым жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Иш-чара окуучуларга билим …
Иш- чаранын негизги максаты окуучулар арасында китеп окуганга үндөө, аларга китеп окуганды адатка айландыруу, ата-эне балдарына китеп окуп берүүсүнө кызыктыруу болду.
23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Дүйнөлүк адабият менен маданияттын көч башында турган Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн кайтышкан. …
Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин окуучулары география сабагынан көргөзмө куралдарды жасашты. Аларды жасоо үчүн окуучуларга бир жумадан ашык убакыт жумшалган.
Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде «Билерман ордо» интеллектуалдык оюну өтүп, ага 18 мектептин командалары катышты.
Өлкөдө балдарды 1-класска электрондук каттоо 11-апрелде башталган. Кабыл алуу mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этапта жүргүзүлөт. Каттоонун биринчи этабы 27-июнга чейин созулат. Ал эми экинчи этап 27-июндан 10-сентябрга чейин уланат. …