Мен сɵз кыла турган айым, биздин мектепте 4 жылдан бери биомаданий ар түрдүүлүк жана салттуу билимди окутуу боюнча мугалимдерди жана окуучуларды үйрɵтүп келген Жанар Алгожоева эже болмокчу.
Сумбула айыл аймагынын Айна-Таш жайытында 8-июль күнү “Картошка талаа күнү” аттуу семинар болуп өттү. Семинарга ар кандай уюумдар, райондун, айыл өкмөттөрүнөн келген фермер-дыйкандар катышты.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында тезек кургатуу иши кызуу жүрүп жатат. Айылда кыштын узак болгондугуна байланыштуу отун көп керектелет.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургуну Дилбар Кулчаева он жылдан бери шырдак жасап эмгектенет. Ал бир шырдакты он миң сомдон сатат.
Талас шаарындагы жамааттык “Радиомост” үналгысында 6-июнь күнү JICA уюмунун ыктыярчылары түз эфирде конок болушту.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында күндүн ысып кеткенине байланыштуу быйыл чөп чабык иштери эрте башталды. Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн жер адиси Бахридин Өмүрзаков билдирди.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында быйыл өрүктүн түшүмү жылдагыдан мол болду. Учурда айыл тургундары бактарындагы өрүктүн түшүмүн жыйнай баштады.
Кара-Суу айылынын жашоочуларынын баардыгы уй багышат. Колдорунда барлары 4-5 уй кармашат. Уй – үй-бүлөнүн кирешесинин негизгилеринин бири, ар жума сайын накталай акча сүт өткөргөндөргө түшүп турат.
Базар-Коргон районуна караштуу Биринчи май айылындагы Бактыгүл Мамашова кол өнөрчүлүгү менен он жылдан бери алектенип келе жатат.
Суусамыр айылынын тургундарынын көпчүлүгү Бишкек-Ош жолунда соода-сатык менен алектенишет. Жол боюндагы тургундар бир сезондо 200 миң сомго чейин акча табышат.
Өзү тракторист болсо дагы көп кырдуу өнөрдүн ээси Нургазы Кыдыралиев Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну.
Тынчтык Бугучиев Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылында туулуп өскөн. Кичине кезинен эле кино тартууну кыялданган каарман учурда сегиз даректүү жана жети көркөм тасмалардын автору.
Республикага белгилүү коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты Карыпбек Асановдун “Кечиккен дептер” аттуу ыр жыйнагы жакында жарык көрдү. Китепке коомдук ишмердин калеминен жаралган 100гө жакын ырлары кирген.
Бүгүнкү күндө Талас шаарында унаа жуучу жайлар ачыла баштады. Бул чыгарылышта ушул жайлар жөнүндө сөз кылабыз.
Сулуу, ошол эле маалда стилдүү болуу — бардык айымдардын кыялы. Бирок кийимди бири-бирине төп келтирип кийгенди баары эле биле бербейт.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында чөп чабык башталды. Айыл тургундары быйыл чөп жакшы болгонун айтып жатышат.
Сокулук районуна караштуу Сарбан айылынын тургуну Канымкүл Мурсалиева эки жылдан бери чүчбара түйүп иштеп келет.
Айрымдар кооздук үчүн, айрымдар дарылык үчүн, дагы бирөөлөр бизнес үчүн гүл өстүрсө, бул ишти хобби катары көргөндөр да бар. Айнура Муктарбекова төрт жылдан бери гүл өстүрүп, гүлдөр менен сырдашып келген. Бүгүнкү …
Бүгүн “Ак-Талаа биримдиги” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү демилге көтөрүшүп, соопчулук үчүн Бишкектеги «Атлас» ресторанында ооз ачар уюштурат.
Азыркы тапта өлкөнүн ар кайсы жерлеринде ФАО уюму көптөгөн иштерди алып барууда. Уюмдун максаты, кандай иштерди алып баргандыгын жана алдыда дагы кандай иштерди өткөзө тургандыгы тууралуу ФАОнун Түп районуна караштуу Тасма …