Нарын районуна караштуу Куланак айылынын мал доктуру Чолпонбүбү Дүйшөбаева өз кесибин 8-класста окуган кезинде эле тандап алган. Учурда ылаңдаган малдарды дарылап, айылдаштарына кызмат кылып келет.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Акматали Абдыкеримов багбанчылык менен алектенет.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында малина өстүрүү кеңири жайылууда. Малина жылына эки жолу түшүм алат. Анын биринчи түшүмү жай айларынын июнь-июлда мөмө алат, анан күздүн сентябрь-октябрь айларында да мөмө берет.
Былтыркы жылдын (2016-ж) 20-сентябрь күнү Соң-Көл жайлоосунун Узун-Булак участкасынан Жусупова Замирага тиешелүү 15 (он беш) баш жылкы баласы жайытта жүргөн жеринен жоголгон.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Хамдан Жусупов 15 жылдан бери унаа оңдоп, үй-бүлөсүн багат. Ал унаа оңдоону атасынан үйрөнгөн.
Ноокат районуна караштуу Бостон айылында колунда жок кыйналган адамдар үчүн кайрымдуулук дүкөнү ачылды. Дүкөндө тамак-аш азыктары жана кийим-кечектердин баары бекер таркатылат.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан Компаньон банкынын сактык кассасы жаңы имаратка көчөт. Жаңы имаратты сунуштун негизинде Терек-Суу айылынын тургуну Калмурат Чотоев салууда.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы 17 жылдык тажрыйбасы бар таксист Жумашбек Кулушев айылдан Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташыйт. Терек-Суу айылынын ар бир тургуну анын кардары болгон.
Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Мадыш Шайдылдаев эки жылдан бери үй тиричилик техникаларынын бардык түрлөрүн оңдоп келет. Анын кардарларынын айтымында, ал жабдыктарды сапаттуу, арзан баада жана кыска убакытта оңдойт.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 10-класста окуган Хамзамон велосипед оңдоп, каражат жагынан үй-бүлөсүнө жардам берет. Ал күнүнө он велосипед оңдойт.
Мен сɵз кыла турган айым, биздин мектепте 4 жылдан бери биомаданий ар түрдүүлүк жана салттуу билимди окутуу боюнча мугалимдерди жана окуучуларды үйрɵтүп келген Жанар Алгожоева эже болмокчу.
Сумбула айыл аймагынын Айна-Таш жайытында 8-июль күнү “Картошка талаа күнү” аттуу семинар болуп өттү. Семинарга ар кандай уюумдар, райондун, айыл өкмөттөрүнөн келген фермер-дыйкандар катышты.
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында тезек кургатуу иши кызуу жүрүп жатат. Айылда кыштын узак болгондугуна байланыштуу отун көп керектелет.
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургуну Дилбар Кулчаева он жылдан бери шырдак жасап эмгектенет. Ал бир шырдакты он миң сомдон сатат.
Талас шаарындагы жамааттык “Радиомост” үналгысында 6-июнь күнү JICA уюмунун ыктыярчылары түз эфирде конок болушту.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында күндүн ысып кеткенине байланыштуу быйыл чөп чабык иштери эрте башталды. Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн жер адиси Бахридин Өмүрзаков билдирди.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагында быйыл өрүктүн түшүмү жылдагыдан мол болду. Учурда айыл тургундары бактарындагы өрүктүн түшүмүн жыйнай баштады.
Кара-Суу айылынын жашоочуларынын баардыгы уй багышат. Колдорунда барлары 4-5 уй кармашат. Уй – үй-бүлөнүн кирешесинин негизгилеринин бири, ар жума сайын накталай акча сүт өткөргөндөргө түшүп турат.
Базар-Коргон районуна караштуу Биринчи май айылындагы Бактыгүл Мамашова кол өнөрчүлүгү менен он жылдан бери алектенип келе жатат.
Суусамыр айылынын тургундарынын көпчүлүгү Бишкек-Ош жолунда соода-сатык менен алектенишет. Жол боюндагы тургундар бир сезондо 200 миң сомго чейин акча табышат.