Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Муниципалитеттер

Сүлүктүдө Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн тосуп алышты

Сүлүктү шаарындагы Кушматов атындагы 9-гимназияда Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн, 11-класстын окуучусу, тарых сабагынын жеңүүчүсү Айзада Эркинова жана 10-класстын окуучусу математика сабагынан жеңүүчү Кызжибек Саматованы салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

8 Апрель 2019 жыл 18:02

Көрктөндүрүүнүн үч айлыгы Сумбулада жүрүүдө

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында айлана- чөйрөнү көрктөндүрүүнүн алкагында Лейлек райондук администрация тарабынан  бекитилге иш- чаранын негизинде ар жуманын ишемби күнү, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен иш алып барат.

8 Апрель 2019 жыл 15:32

Көчөдөгү жарыктандыруу маселеси

Суусамыр өрөөнүнүн 1-май айылынын көчөлөрүнө 3 жыл мурун жарык чырактары коюлган. Бул айыл тургундарына жагымдуу маанай тартуулаган эле. Бирок учурда жарыктар иштебей турат. 

27 Март 2019 жыл 12:30

Нооруз жаңы күндүн, жаңы жылдын башаты

Ысык-Кɵл облусунун Тоң районуна караштуу Туура-Суу 1 айылында 21-март күнү күн менен түн теңелгендигине байланыштуу Тɵрт-Күл айыл ɵкмɵтүндɵ Нооруз майрамы белгиленди. Аталган майрамга 5 тен ашык айыл катышып жеңүүчү табылды.  

24 Март 2019 жыл 12:47

Туура-Суу 1 айылында жаңы футбол аянтчасы курулуп баштады

Ысык- Көл облусунун Туура-Суу 1 айылындагы футбол аянтчасы жаны үлгүдө жасалып жатат. Бул айыл жаштарынын спорт менен машыгуусуна өбөлгө түзөт.  

24 Март 2019 жыл 12:30

Таштандыларды турак үйлөрдөн чогултуп кетүү иши колго алынды

Ак-Талаа районунун Баетов айылында таштандыларды турак үйлөрдөн чогултуп кетүү иши колго алынды. Буга чейин тургундар таштандыны атайын жайга өздөрү алып барып ташташчу.

23 Март 2019 жыл 10:24

Кулатов айыл өкмөтүндө Нооруз майрамы майрамдалды

Ноокат районундагы Кулатов айыл өкмөтүнүн уюштуруусу менен Нооруз майрамы белгиленди. Нооруз майрамына жалпы 9 мектептин мугалимдери катышышты жана элдик таланттар өз чыгармачылыгын тартуулай алышты.Мектептерге айыл өкмөт тарабынан берилген жобонун негизинде …

22 Март 2019 жыл 9:25

“Арыба Нооруз! Келебер Нооруз!”

Сокулук районунун Жал айылында Нооруз- аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун  майрамы белгиленди.

20 Март 2019 жыл 17:58

Кулатов айылынын айымдары айыл өкмөт тарабынан сыйланышты

Кулатов айыл өкмөтүндөгү мектептердин директорлорун, бала-бакча башчыларын, көп балалуу энелерди, жана активдүү аялдарды айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаров, айылдык кеңештин депутаттары жана айыл башчылар «8-март Аялдардын эл аралык майрамы» менен …

11 Март 2019 жыл 10:42

Жаңы-Талаптагы токойчунун үйү толук оңдоодон өттү

Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы Кара-Сеңир чөлкөмүндөгү токойчунун үйү 537 миң сомго толук оңдоодон өттү. Бул үй 1962-жылы курулган. Аны оңдоо иштерине жаратылыш коргоо тармагын өнүктүрүү фондусунан 537 миң сом каражат …

7 Март 2019 жыл 19:11

Сумбулада аялдардын эл аралык майрамы белгиленди

Сумбула айыл аймагында 8-март аялдардын эл аралык күнү белгиленди. Майрамдык иш- чараны Сумбула айыл өкмөтү, айылдык кеңеш биргеликте өткөрдү.

7 Март 2019 жыл 16:45

Лейлекте Ак калпак күнү белгиленди

Лейлек районунун Исфана шаарында, Ак-Калпак күнү белгиленди. Иш чара Лейлек райондук администрациясынын колдоосунун негизинде ишке ашты.

6 Март 2019 жыл 13:55

Айыл ичинде таштандылар кѳбѳйдү

Таштанды маселеси учурда коомдогу эң олуттуу койгѳйгѳ айланды. Мындай кѳйгѳй Ысык –Кѳл облусунун Тоң районундагы Туура-Суу 1 айылында дагы курч. Айыл ичинен агып ѳтүүчү Туура- Суу суусунун боюнда, айылдын кире …

3 Март 2019 жыл 15:53

Айылда мал уурулук күч алды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 2018- жылга карата мал жоготуу фактысы боюнча жалпысынан 29 факты катталып, анын ичинен 18 фактысынын бети ачылып мал ээлерине кайтарылып берилген.

21 Февраль 2019 жыл 10:50

Жаны конушка электр жарыгы берилди

Сокулук районуна  караштуу Кызыл-Туу айылынын жаңы конушуна  электр мамычалары орнотулуп, аба чубалгылары тартылды. Ага жалпысынан 150 мин сомго жакын каражат сарпталып, 48 түтүн электр жарыгы менен камсыздалды.

20 Февраль 2019 жыл 9:57

Орок айыл өкмөтүндө элдик жыйын болду

Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүндө элдик жыйын болуп, райондун акими жана айыл өкмөт башчылардын катышуусунда элдин көйгөйлөрү угулду жана жасалып жаткан иштер бонча отчеттор берилди.

19 Февраль 2019 жыл 17:08

Айыл өкмөт башчысы отчеттук маалыматын берди

Сокулук районуна караштуу Кызыл- Туу айыл өкмөтүнүн башчысы айыл тургундарына отчету менен кайрылуу жасады.

19 Февраль 2019 жыл 10:34

Сумбулада акимдин жана мекеме ишканалардын жетекчилери эл менен жолугушту

Сумбулада Лейлек районунун акими жана райондук бардык мекеме уюумдардын жетекчилери менен жолугушуу өттү. Жолугушууда жергиликтүү тургундар өздөрүнүн көйгөйлөрү туурасында райондук мекеме уюумунун жетекчилерине түз байланышып, көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча суроо …

16 Февраль 2019 жыл 11:33

Сумбулада жаңы чыккан мыйзам кодекстери элге түшүндүрүлүүдө

Сумбула айыл өкмөтүнүн айыл кыштактарында Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндөгү Кодекси жергиликтүү калкка түшүндүрүлүп, айыл кыштактарда жергиликтүү тургундар менен атайын жыйындар өткөрүлүүдө.

11 Февраль 2019 жыл 16:41

Аймактык милиция малга сак болууга эскертет

Нарын районуна караштуу Куланак айылында мал уурулук боюнча 2018-жылы жана 2019-жылы 6 факт катталган. Бул иш боюнча кененирээк баяндап бермекчибиз. 

11 Февраль 2019 жыл 16:24

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...