23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Сүлүктүдөгү Исхак Раззаков атындагы №7-орто мектепте шаардык деңгээлдеги «Китеп майрамы» белгиленди. Аземге Сүлүктүдөгү окуу жайлардын китепканачылары менен кошо китеп сүйүүчүлөр катышып, №7-мектептин чыгаан окуучулары тарабынан …
Кыргыз Республикасы боюнча аймактарда «Келгиле окуйбуз» долбоору реализацияланып, пилоттук мектептердин мугалимдери атайын даярдыктан өтүүдө.
Талас шаарынын тургундары суу түтүктөрү орнотулгандан кийин жолдордун кайра калыбына келтирүү абалына нааразы болууда. Себеби казылган жолдор кайрадан калыбына келтирилген жок. Талас шаарынын Бердике Баатыр көчөсү менен Маяковский көчөлөрүндө жүрүп жаткан …
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Булуң айылынын Нур жамаатынын кунөсканасы ишке кирди. Күнөсканада жашылча өсүмдүктүн түрлөрү өстүрүлүп жатат.
Нарын районуна караштуу Орток айылында Ага-Хан фондунун MSDSP KG коомдук фонду тарабынан уюшулган тоют багытындагы өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча семинар өткөрүлдү. Ал семинарга Кызыл-Жылдыз айылынын тургундары катышып келди.
Кара-Суу айылынын тургуну Гүлжан Ажиева айылда айымдардын арасынан ыр чыгарган жалгыз инсан.
Ушул жылдын 13-апрель күнү Казакстан өлкөсүндөгү Түркестан шаарында өткөн Эл аралык турнирде эркин күрөш боюнча Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев орто мектебинин 10-классынын окуучу Элнура Казиева катышып, …
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, новатор педагог Гапыр Маматкулович Мадаминовдун автордук «Энелер мектеби»- боюнча, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин статс-катчысы жетектеген, Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчисинин орун басары баш …
Баткен облусунун символуна айланган Айгүл гүлү гүлдөдү.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында малды жазгы вакцинациядан өткөрүү иштери жүрүп жатат.
Жайыл районунун Кара-Суу айылында жазгы талаа иштери аяктап бара жатат. Дыйкандар жерлерине арпа жана кызылча эгишти.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын окуучулары үчүн “Сценадагы цирк” аталышындагы оюн-зоок көрсөтүлдү.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде «Алиппе майрамы» болуп өттү. Анда 1-класстар жыл бою үйрөнгөндөрүн ата-энелерине, окуучуларга, мугалимдерге көрсөтүп беришти.
Тогуз-Торо районуна караштуу Эмилбек Касымалиев атындагы орто мектебинде 2018-жылдын 16-апрелинде жалпы кыздар арасында бий конкурсу болуп өттү.
Коомдук ишмер Исаманали Карабаев Турциянын Университеттеринин биринде 2018- жылдын 11-13- апрелинде өткөрүлгөн «Мамлекеттерди өнүктүрүүнүн заманбап стратегиялары» аталыштагы симпозиумда Кыргыз Республикасынын атынан катышып, доклад жасады.
“Энелер мектеби” программасынын маанисин жана маңызын билүү максатында №9-гимназиянын ата-энелер комитетинин төрайымы, шаардык Кенештин депутаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы- Гульнара Самадова менен маек курдук.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Сопиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жашылдандыруу айлыгы жүрүп жатат. Айлыкта мектеп окуучулары мектеп айланасын тазалап, көчөттөргө арык салышууда.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сопиев мектебинин эки окуучусу облустук “Мен Кыргызстанда жашайм!”сынагына жолдомо алышты. Учурда окуучулар таймашка даярданышууда.
Талас районунун Айдаралиев атындагы орто мектебинин кол эмгек сабагынын мугалими Жазмира Давлеталиева кыздарга сайма саюу жана кийизди колдонуу боюнча кошумча сабак өтүп келет.
Талас шаарындагы “Баластан” балдарга билим берүү борборунда Япониядан келген мырза кыргыздарга япон тилин үйрөтүп эмгектенүүдө. Ал эми бүгүнкү күндө Кыргызстанга Япониядан конок чакырып балдар менен тааныштырууда.