20- майда Суусамыр өрөөнүндөгү 5 мектептин арасындагы эң алдынкы окуучулардын арасында Акыл Ордо сынагынын финалы болуп өттү.
Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкек шаарындагы өкүлдөрү Урманбетова Зарина жана Аида Тынычбекова Үч-Коргон айылынын улуу муундагы өкүлдөрү менен маек курду. Маекте жалаң гана жаштардын маселелери жана көйгөйлөрү, жетишкендиктери тууралуу пикир алмашышты.
14-май күнү Суусамыр айылындагы Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинде бүтүрүүчү класстар үчүн тренинг болуп өттү.
Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Дөбө орто мектебинде 21-май күнү “Энелерди сыйлайлы” деген темада 1-класстар тарабынан сынак-конкурс болуп өттү. Cалтанатта окуучулар энелерине ар кандай концерттик программаларын тартуулашты.
«Сумбула FM» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Амантур Ганыев аталган борбордун тренери Камбар Асан уулу уюштурган сынакта жеңүүчү болуп, смартфонго ээ болду. Жеңүүчүгө сыйлыкты Клооп медианын координатору Кызжибек Сыргаева тапшырды.
Лейлек районундагы Андарак айылында 2014-жылы коюлган жол чырактар бүгүнкү күндө иштебей турат. Иштебегенин себеби алардын лампалары жараксыз болуп калган.
22.05.2016-жылы жааган катуу жамгырдан улам Кошбулактын кун батыш жагындагы «эски жер кочку» кайрадан жанданып 2-2,5 метр арылакка жылган. Натыжада борбордук суу тутугу авярияга учураган.
Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын айдоо-себүү иштери аягына чыгууда. Себүү иштеринде картошканын бир канча сорттору, арпа, буудай, беде себилип, кээ бир элдер мышык чөп айдады.
Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын “Тогузбай ата” атындагы спорт сарайында Ата-Мекендик согуштун 71 жылдыгына карата баскетбол оюну болуп өттү. Бул оюнда беш команда катышып, анда Тасма айылынын курама командасы алдыңкы орунга …
Доллардын курсунун бат- баттан өзгөрүп туруусу жергиликтүү ишкерлерге жана айыл тургундарына залалын тийгизүүдө. Кээ бири чыгымдарга учурап, азабын да тартып жатышууда. Азыркы учурда доллардын курсу ылдыйлап болжол менен 68 сомду …
Түп районунун Тасма айылында ФАО “Жакырчылыкты жоюу” долбоорунун алкагында жаңы өсүмдүктөрдү өстүрүп жаткан жумушчулар менен чет өлкөдөн келген атайын жарандар таанышууда.
Базар-Коргон районуна караштуу Чкалов айылындагы көпүрө сел болгонуна байланыштуу тең экиге бөлүнүп калды. Учурда оңдоо иштери жүрүп жатат.
«Ооган-Талаа айылына сугат суу жетишпей жатат, бул маселени айыл өкмөтү жакшылап карап чыкса болмок» дешет айыл тургундары. Биз бул маселе тууралуу айыл башчы Муктар Дөлдөев менен маек курдук.
Базар-Коргон районуна караштуу Бир-Май айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) абалы начар болгонуна байланыштуу жаңы ФАП курулду. Учурда мекеме айыл тургундарынын кызматында.
Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде 7-а классынын күчү менен даярдалган тарбиялык саат өттү. Сабактын максаты чылымдын ар кандай зыяндуу жактары бар экенин түшүндүрүү.
“Балдар кышкы эс алууну кандай өткөрүүдө” деген жаңылыгы менен эң көп балл чогултуп, «Үч-Коргон» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчысы Пардаева Мохира жеңүүчү деп табылган.
Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде 19-20-май күндөрү 4-а жана б класстары бүтүрүү кечесин өткөрүштү. Бул иш-чарага окуучулардын ата-энелери жана мугалимдери күбө болушту.
Кара-Талаа айылында май куйуучу жай курула баштады. Кара-Талаа айылынын эли мурда күйүүчү майды Балыкчы шаарынан алып келип колдонушса,эми май куйуучу жай курулса элге бир топ жеңилдиктер болоорун, май куйуучу жайды …
Бакай-Ата районунун жашоочуларынын китепке болгон кызыгуусу аз. Бул тууралуу китепкананын кызматкерлери айтып өттү.
Кадамжай районунда Туяк ырчынын 160 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага облус боюнча меймандар чакырылып, ал мамлекеттик деңгээлде өткөрүлдү.