Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов мектебинде 27-май күнү акыркы коңгуроо салтанаты болду. Бүтүрүүчү класстардын алтын уядан учуп кетээр кези да келип жетти.
Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 27-май күнү акыркы коңгуроо аземи болуп ѳттү. Анда эӊ мыкты окуган окуучуларга мактоо баракчалары тапшырылып, демѳѳрчүлѳр тарабынан уюштурулган стипендиялар берилди.
Сумбула айыл өкмөтүндө жалгыз согуш ардагери калган. Ал Пусурманкул Рыскулов. Пусурманкул ата 19 жашында согушка барган.
2016-жыдын 21-майында Бишкек шаарында болгон АГОЦАнын улуттук жолугушуусуна «ТОС Кар-Чийдин» төрагасы Шаршенбек Акматов катышып келди.
Лейлек районуна караштуу Андарак, Сары-Дөбө, Көк-Таш айылдарында суугат каналдары жаңыланат. Бул суугат суу каналы СССРдин убагында мамлекет тарабынан айылга коюп бергенин айтат Нургазы Исманов.
Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнөн аскерге 13 бала кетти. Ден соолугуна байланыштуу эки бала пландан алынганын айтты аскерге каттоо кызматкеринин инспектору Абдираим Джораев.
Нарын районунун Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинин 11-класстагы окуучулары бири-биринен ашып, көптөгөн бурчтарды ойлоп табышууда. Бүгүн 11-б классынын окуучулары өздөрүнүн пенадан жасаган бурчун илишти.
Учкун айылында 2016-жылы мектепке кичи футбол аянтчасы курулат. Аны айылдагы депутаттар долбоор жазып, утуп алышкан.
Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинде райондук «Жыл мугалими» жана «Жаш мугалим» сынактары болуп өттү. Аталган иш-чарага сегиз мектептен экиден мугалим келишти. Сынактын максаты таланттуу, чыгармачыл иштеген мугалимдерди аныктап чыгуу экенин айтат аталган …
Бакай-Ата айылынын футбол аянтында кыздар фистиваль болду. Ал фистивалда футбол спортуна кызыккан кыздар катышты. Көбү Бакай-Ата айылынын орто мектептеринен келишти.
Түп районунун Токтоян айылындагы Коёнкөзов мектебин мындан 20 жыл мурун бүтүп кеткендер башкаларга салыштырмалуу акчаларын пайдалуу коротушууда. Алар мектептеги окуучулардын камын ойлоп, окуучулар үчүн кол жуугучтарды белек кылышты.
Бүгүн 26.05.2016- жылы Сүлүктү шаары боюнча энелер майрамы белгиленди. Бул майрамга жаңыдан «Баатыр Эне» «Эне Даңкы» наамдарын алып жаткан энелер жана коомдук иштерде алдыңкы орунда жүргөн энелер чакырылып баалуу белектер …
Эшбай Токсобаев мектебинин отургучтары мектеп ишке берилгенден бери оңдоло элек болчу. Ошондуктан быйылкы бүтүрүүчүлөр сынган, эскирген отургучтардын ордуна жаңы отургучтарды орнотуп берүүнү чечкен.
Учурда Тасма айылында эле чүкө оюндары көп ойноло баштады. Аны айылдын кичинекей эле эмес, чоңдору да ойношууда.
Түп районунун Тасма айылынында жардамга муктаж болгон үч тубаса майып балдарды чоңойтуп келе жаткан үй-бүлөгө ”Human Appeal International” кайрымдуулук фонду тарабынан жардамдар көрсөтүлдү.
Үч-Коргон айылындагы ишкерлер доллар курсунун өзгөрүүсү айыл тургундарына бир топ кыйынчылыктарды жаратканын айтышат. Бул боюнча ишкер айым Инобат Тешебаева менен маектештик.
2016-жыл Президентибиз А.Ш. Атамбаев тарабынан «Тарых жана маданият» жылы деп жарыялаган жарлыгы боюнча аз болсо да инсандык салымымды кошоюун деп, архивдерден, эл оозунан «Улуу ата мекендик согушка» катышкан аталарыбыз жонундогу …
Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Сопиев мектебинин оюн аянтчасынын абалы начар деп билдиришүүдө. Мурда оюн аянты талапка жооп бербеген жерге жасалганы айтылууда.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары өкмөткө барып көчө театр коюп беришти. Көчө театры «Зордук зомбулукка жол жок» деп аталды.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын жашоочусу Турду Эргешова жалгыз жашоодо. Жолдошу ооруга чалдыгып калгандыктан улам Ошто кызынын колунда даарыланып жатат.